BBC News, Кыргыз КызMATы - Башталгыч бет
Башкы кабарлар
Казакстанда кыйраган учак чабуулга кабылганбы?
Казакстандын бийлиги Azerbaijan Airlines авиакомпаниясынын учагынын кыйрашы боюнча иликтөө жүргүзүп жатат. Сөз болуп жаткан учак Бакудан Грозныйды көздөй учуп, авариялык абалдан улам Казакстандын Актаусуна аргасыз конууга мажбур болгон эле.
ТИМ: Казакстанда кыйраган учакта кыргызстандыктар да болгон
Azerbaijan Airlines авиакомпаниясынын жүргүнчү ташый турган учагы Бакудан Грозныйды көздөй учуп чыгып, Казакстандын Актау аймагында кулады. Коюу тумандан улам учак Актауну көздөй жиберилген. Алдын ала маалыматтарга караганда, 28 киши аман калганы айтылууда. Учактын кыйрашы боюнча түрдүү божомолдор тарап жатат.
Сирия: козголоңчу топтор куралсыздандырууга макул болдубу?
Башар Асаддын режимин кулаткан сириялык оппозициялык топтор өздөрүнүн куралдуу топторун толугу менен жоюп, анын ордуна Сириянын бирдиктүү улуттук армиясын түзүүнү макулдашышты. Бул тууралуу кабарды Сириянын иш жүзүндөгү лидери Ахмед аль-Шараа жарыялады.
Асаддын жубайы ажырашууга арыз берди деген маалыматты Кремль четке какты
Сириянын бийликтен кулатылган президенти Башар Асаддын жубайы ажырашуу жөнүндө сөз кылган жок деген билдирүүнү Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков таратты.
Израил ХАМАС лидери Исмаил Ханияны өлтүргөнүн мойнуна алды
Израилдин Коргоо министри Исраэл Кац июль айында ХАМАСтын саясий бюросунун башчысы Исмаил Ханияны өлтүрүүнүн артында Израил бийликтери турганын биринчи жолу мойнуна алды. Алтымыш эки жаштагы Хания 31-июлда Ирандын борборундагы резиденциясында Ирандын президенти Масуд Пезешкиандын инаугурациясына келген учурда өлтүрүлгөн.
Түндүк Корея аскерлери Украинада кантип согушуп жатат?
Түндүк Корея армиясында кызмат өтөгөн жылдарын баяндап жаткан Хан Ыл биринчи кезекте андагы ачкалыкты эстедим дейт. Армияга барган бир ай ичинде эле он килограммга арыктап кеткен. Аскерлерге жалаң жүгөрү менен капуста берилген. Бул жоокерлерди абдан алсыратат жана кыйнайт дейт ал.
АКШ Кызыл деңиздин үстүндө өзүнүн истребителин кокусунан атып алды
Америкалык аскер күчтөрү Йемендеги хуситтердин буталарына сокку уруп жатканда өздөрүнүн истребителин атып алды. Окуя Кызыл деңиздин үстүндө болгонун АКШ маалымдады. Эки учкуч катапульт ыкмасы аркылуу учуп чыгып, аман калды. Анын бири жеңил жаракат алган деп кабарланды.
"Мурункудай жашоо жок": Орусиянын мигранттар боюнча жаңы мыйзамдары
Орус президенти Владимир Путин өзүнүн жылдык отчетунда мигранттар жашап жаткан өлкөсүн сыйлаш үчүн аларга талаптарды күчөтүү керек деп айтты. Жыл жаңырары менен Орусияда миграциялык саясатты катаалдаштырган мыйзамдар күчүнө кире баштайт. 1-январдан тартып тиешелүү документтери жок чет элдиктер бир жылдын ичинде Орусия аймагында 90 күндөн ашык тура албай калат.
Британия аскер машыктыруучуларын Украинага жиберүүнү караштырып жатат
Улуу Британиянын Коргоо министрлиги Украинанын куралдуу күчтөрүн машыктыруу үчүн британ аскерлерин жөнөтүүнү караштырып жатат. Эки күн мурда Британиянын Коргоо министри Жон Хили Киевге келип, Украин коргоо министри Рустем Умеров менен жолугушту.
Үчүнчү элдик курултай: көтөрүлгөн көйгөйлөр жана сунуштар
Кыргызстанда үчүнчү элдик курултай ишин баштады. Эки күндүк иш-чарага өлкөнүн бардык аймактарынан элдин үнүн жекирүү үчүн 698 делегат чогулду. Алардын арасында түрдүү кесиптин ээлери, чет жакта жүргөн мигранттардын атынан шайланып келгендер дагы бар.
Путиндин конференциясы: Украинадагы согуш, экономика жана Орусияны сактап калуу аракети
Орусиянын президенти Владимир Путин жылдык пресс-конференциясын өткөрүүдө. Уюштуруучулардын айтымында, орусиялыктар Путинге эки миллиондой суроо жөнөтүшкөн. Өткөн жылкы маалымат жыйынында орус президенти төрт сааттан ашык убакыт бою суроолорго жооп берген эле.
"Сирия тынчтыкты каалайт": Асадды кулаткан Абу Мухаммед Жулани Би-Би-Сиге интервью берди
Сириянын де-факто лидери Ахмед аль-Шараа (Абу Мухаммед Жулани) өлкө согуштан чарчаганын, өзүнүн коңшуларына да, Батышка да коркунуч келтирбей турганын айтты. Ал Дамаскта Би-Би-Сиге берген интервьюсунда Сирияга каршы санкцияларды алып салууга чакырды.
Редактордун тандоосу
Би-Би-Си 100 Айым 2024: тизмеге кимдер кирди?
Би-Би-Си дүйнөнүн булуң-бурчунда жашаган 2024-жылдагы эң таасирдүү жана үлгүлүү 100 айымдын тизмесин жарыялады. Алардын арасында Нобель тынчтык сыйлыгынын лауреаты Надя Мурад, оор зомбулукту баштан өткөргөн активист Жизель Пеликот, актриса Шэрон Стоун, олимпиадалык атлеттер Ребекка Андраде жана Эллисон Феликс, ырчы Рей, сүрөтчү Трейси Эмин, климат боюнча активист Аденике Оладосу жана жазуучу Кристина Ривера Гарса бар.
Сауд Аравия баш болгон ислам өлкөлөрү Израилге каарын төктү
Саммиттин ачылыш сөзүндө Сауд Арабиянын мураскор ханзаадасы Мухаммед бин Салман Израилдин Газадагы аракеттерин "геноцид" деп мүнөздөп, көз карандысыз Палестина мамлекетинин түзүлүшү керектигин билдирди.
Кыргыз-түрк алакаларынын тарыхы жана учуру
Кыргыздар менен түрктөр канчалык алыста жашаса да эки элдин алакалары тарыхтын тереңинде жатат. Бүгүнкү түрктөрдүн бабалары огуздар менен кыргыз байланыштары алтынчы, сегизинчи кылымдарда башталган. Кыргыз-түрк тарыхы канчалык тереңде жатканына булактар жана айрым оозеки баяндар күбө. Бирок биз тарыхый-документалдык түрдө билинген Осмон мамлекети мезгилиндеги кыргыз-түрк байланыштарынан баштап бүгүнкү күнгө чейинки алака тууралуу кеп кылабыз.
Норвегияда өлгөн кит чындап эле Орусиянын "деңиз тыңчысы" беле?
Орусиянын тыңчысы деп айтылган белуха кити Норвегиянын жээктерине кантип барып калды? Эркиндикти сүйгөн кит кыязы орус аскерлеринен качып кеткен жана эч кимге "тыңчылык кылуу" ниети болгон эмес.
Вьетнамдан Иранга чейин: Түндүк Корея кайсы согуштарда кантип жардам берген?
Орусия Түндүк Корея менен "баарын камтыган стратегиялык өнөктөштүк" жөнүндөгү келишимин ратификациялады. Бул келишимде эгерде эки мамлекеттин бирине кол салуу боло турган болсо, бири-бирине аскердик жардам көрсөтүү деген берене бар. Wall Street Journal жазганына караганда, ушул эле келишимде түндүккореялык аскерлерди Украинадагы согушка жөнөтүү боюнча жашыруун берене дагы киргизилген.
“Көрсөң жүрөгүң ооруйт”: Муз-Төрдөгү кертилген мөңгү
Бул сүрөт Ош облусунун Кара-Суу жана Алай райондорунун ортосунда жайгашкан Муз-Төр аймагынан тартылган. Анда тоо бетин жиреп өтүп, көк жалтаң музду кертип салган жолду көрүүгө болот.
Коррупция чырмаган, бүжүрөгөн кол балага айланган сот
Кыргызстанда Жогорку Соттун төрагасы Замирбек Базарбеков өз арызы менен кызматынан кетти. Бул Бишкекте он бир журналистке сот өкүмү чыгып, алды алты жылга түрмөгө кесилип, эл аралык уюмдар катуу сын айткан учурга туш келди. Сот бийлиги өлкөдө көп жылдар бою коррупциянын чырмоогунан чыга албай келатса, соңку жылдары суперпрезиденттик башкаруунун бүжүрөгөн кол баласына айланганы айтылууда.
Аялдан чыккан “Ак илбирс”. Эвересттен да катаал тоону багынткан кыргыз кызы
Күлүмсүрөгөн назик аял кофесин ууртап, маңдайымда олтурду. Кеңсе кызматкери, болгондо да эсеп-кысап оюнан чыкпаган бухгалтер. Сыртынан караган киши бул айым дүйнөнүн эң бийик чокусуна чыгууга камынып жатат десе ишенбейт. Иш жүзүндө эки жыл мурун эле Эверестке мүмкүн болушунча жакын барып, Манаслу чокусуна чыгып, Кыргызстандагы эң бийик кырларга эбак изин калтырган.
Кыргызстан
Би-Би-Си ТВ жаңылыктары
Би-Би-Си Кыргыз кызматынын эл аралык жаңылыктарын көрүңүз.