Сирия: козголоңчу топтор куралсыздандырууга макул болдубу?

Сирия

Сүрөттүн булагы, EPA-EFE/REX/Shutterstock

Башар Асаддын режимин кулаткан сириялык оппозициялык топтор өздөрүнүн куралдуу топторун толугу менен жоюп, анын ордуна Сириянын бирдиктүү улуттук армиясын түзүүнү макулдашышты. Бул тууралуу кабарды Сириянын иш жүзүндөгү лидери Ахмед аль-Шараа жарыялады.

Ахмед аль-Шараа жетектеген исламчыл "Хайят Тахрир аш-Шам" (ХТШ азыркыга чейин көп мамлекеттерде террористик уюм катары тыюу салынган топ) кыймылы бул тууралуу бир нече оппозициячыл куралдуу топтун лидерлеринин катышуусундагы жыйында айтты.

Бирок алардын арасында Сириянын түндүк-чыгышын көзөмөлдөгөн күрд топторунун өкүлдөрү болгон жок.

Ахмед аль-Шараа бул түзүлүштөрдүн баардыгы реформаланып жаткан Коргоо министрлигинин көзөмөлү менен улуттук армияга интеграция боло турганын айтты.

Өткөн аптада бул мекемени ХТШ кыймылынын жогорку даражалуу өкүлдөрүнүн бири Мурхаф Абу Касра жетектеген. Аны кол алдындагы согушкерлер Дамаскты тартып алуу чабуулунун башында турган эле.

SANA мамлекттик маалымат агенттиги Ахмед аль-Шараанын (мурда Абу Мухаммед аль-Джулани деген каймана ат менен белгилүү болгон) сириялык бир нече куралдуу топтун лидерлеринин курчоосунда олтурган бир нече сүрөттү жарыялады.

Алардын арасында Сирия демократиялык күчтөрү (СДК) түзүмү болгон жок. СДК Сириянын түндүк-чыгышындагы чек аралаш аймактарды көзөмөлдөгөн күрд кошуундары.

Жакында эле Ахмед аль-Шараа, сириялык жаңы бийлик "мамлекеттин көзөмөлүнөн сырткары куралданууга эч кандай жол бербей тургандыгын" айткан эле. Ал муну биринчи кезекте күрд кошуундарынын дарегине карата айткандай кабыл алынган. Себеби аль-Шараа аларды өзүнчө баса белгилеп айткан эле.

Жаңы бийлик "Сирия бөлүнбөйт", күрд аймактарын интеграциялоонун ыкмаларын табабыз деп жатат.

2011-жылы "Араб жазынын" таасири астында башталган Сириядагы жарандык согуш 13 жылга уланып, жарым миллиондон ашуун кишинин өмүрүн алды.

Сириядагы өзгөрүп турган абалдан улам топтордун таасир эткен аймагы дагы өзгөрүп турат
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сириядагы өзгөрүп турган абалдан улам топтордун таасир эткен аймагы дагы өзгөрүп турат

"Хайят Тахрир аш-Шам" тобу тууралуу эмнелерди билебиз?

Сирияда соңку жылдары расмий бийликтен сырткары бир нече куралдуу топтор, күчтөр таасир талашып келди. Алардын ичинен Алепподон тарта Дамаскка чейинки куралдуу жүрүштү баштап, Асадды тактаган кулаткан топ бийликти ээлеп, таасирин ого бетер арттырды.

"Хайят Тахрир аш-Шам" же "Левантты боштондукка чыгаруу" уюму 2011-жылы негизделген. Андан кийин ал "Жабхат ан-Нусра" деп аталып, "Аль-Каиданын" (Дүйнөнүн көптөгөн өлкөсүндө, анын ичинде Кыргызстанда дагы тыюу салынган уюм) түздөн-түз өнөктөшү болгон.

"Хайят Тахрир аш-Шам" уюштуруучуларынын бири өздөрүн "Ислам мамлекети" деп атаган экстремисттик топтун лидери Абу Бакр аль-Багдади болгон.

Бул топ Сириядагы жарандык согуш учурунда президент Асадга каршы чыккан эң эффективдүү жана кубаттуу деп эсептелген.

Бирок аталган уюм революция жасай турган аракеттерге караганда жихадчыл идеологияга басым жасаган. Бул "Эркин Сирия" туусу астында аракеттенген негизги козголоңчу коалициянын ниетине каршы келген.

Бирок 2016-жылы топтун лидери Абу Мухаммад аль-Жулани "Аль-Каида" менен мамилени үзүп, "Жабхат ан-Нусраны" таратып, жаңы уюм түзгөн. Бул уюм "Хайят Тахрир аш-Шам" деп аталган.

Бирок аталган уюм революция жасай турган аракеттерге караганда жихадчыл идеологияга көбүрөөк басым жасаган. Бул "Эркин Сирия" туусу астында аракеттенген негизги козголоңчу коалициянын ниетине каршы келген.

Бирок 2016-жылы топтун лидери Абу Мухаммад аль-Жулани "Аль-Каида" менен мамилени үзүп, "Жабхат ан-Нусраны" таратып, жаңы уюм түзгөн. Бул уюм "Хайят Тахрир аш-Шам" деп аталган.