Алкоголго жаңы акциздик марка: салыктын өлчөмү өскөнү менен сапат түшүп жатабы?

Венера Осмокеева, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Ага катарлаш салык кызматкерлери биринин артынан экинчиси кармала баштады.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Ай башында министрлер кабинети алкоголдук ичимдиктердин акциздик маркаларын үч күн аралыгында алмаштыруу тескемесин чыгарды. Андан көп өтпөй атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиев бул тармактагы коррупциянын кесепетинен миллиарддаган сом бюджетке түшпөй калганын айтып чыкты. Ага катарлаш салык кызматкерлери биринин артынан экинчиси кармала баштады. Бирок тескемеге каршы болгон алкоголь өндүрүүчүлөр жана жеткирүүчүлөр тонналаган товарлардын маркасын үч күн ичинде алмаштыруу мүмкүн эмес деп нааразы болушту.

"Көмүскө экономикага кетип жатат"

Кыргызстандын экономикасында алкоголдук бизнес анын маанилүү тармактарынын бири болуп саналат. Ошол эле учурда министрлер кабинети алкоголь өндүрүүчүлөр көмүскөгө көбүрөөк ыктап, салык төлөөдөн качып жатканын айтып келет.

Жакында УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев парламенттин жалпы жыйынында коррупцияга каршы мыйзамды жактап жатып дал ушул маселеге токтолду.

Ал айрым салык кызматкерлери тарабынан түзүлгөн коррупциялык схеманын кесепетинен мамлекеттик бюджет үч миллиард сомдон ашуун зыян тартканын айтты.

Ташиев салыкчылар жең ичинен иш кылган деп алкоголь ичимдигин өндүрүүчүлөрдү мисалга тартты.

"Товарды кампадан чыгарышат, электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды (ЭТТК) жазып жөнөтүшөт. Ошол эле мезгилде "Сосновка" пунктуна барып товар өттү деп белгилешет. Андан соң кайтарылды деген документ даярдашат. Бирок товар кайтарылбайт. Ал Ошко, Жалал-Абадга же Баткенге жөнөтүлөт, салык төлөнбөйт. Себеби документте товар кайтарылды деп турат. Ушундай операциялардын кесепетинен миллиарддаган сом көмүскө экономикага кетип жатат. Биз болсо базарда отурган жарандарды 10 миң сом, 20 миң сом төлөп кой деп артынан жүрөбүз. Мунун баарын салыкчылар өздөрү уюштуруп жатат",- деди Ташиев.

Салыкчылардын кармалышы

Кармалган жетекчилер болсо, аны билип туруп көз жумуп койгондугу маалымдалган

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Күн мурун УКМК Бишкектеги райондук салык кызматынын башчылары коррупцияга шектелип кармалганын маалымдаган эле.

Анда Бишкек шаарындагы райондук салык башкармалыктары жана ири салык төлөөчүлөрдү көзөмөлдөө башкармалыгы тинтүүгө алынганы айтылган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө, Кыргызстандын түштүгүнө жөнөтүлүп турган алкоголь продукцияларынын, кант кошулган азыктардын, тамекинин коштомо кагаздарын жокко чыгаруу фактылары аныкталган.

Кармалган жетекчилер болсо, аны билип туруп көз жумуп койгондугу маалымдалган.

Көп өтпөй мамлекеттик салык кызматынын төрагасы жана анын орун басары кармалганы дагы маалым болду.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын жана анын орун басарынын электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды пайдалануу менен байланышкан иштерге тиешеси бар экендиги аныкталганы айтылат.

Дистрибьюторлорду эмне түйшөлттү?

Алар акциздик маркаларды кайра чаптоо мөөнөтүн алты айга жылдырып берүүнү суранышты

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Ал ортодо дистрибьюторлор жана жеткирүүчүлөр эски акциздик маркаларды жаңыларына алмаштыруу боюнча кабыл алынган чечимге байланыштуу бийликке кайрылды.

Алар акциздик маркаларды кайра чаптоо мөөнөтүн алты айга жылдырып берүүнү суранышты.

Ошондой эле сооданы үзгүлтүккө учуратпоо үчүн бул убакыт аралыгында эски маркадагы товарларды сатууга уруксат берүү өтүнүчүн билдиришти.

Андан тышкары маркаларды акырындык менен алмаштырууга жана кампаларда убактылуу акциздик маркасы жок продукцияны сактап турууга уруксат сурашты.

"Биз чечимди аткаруудан баш тартпайбыз. Бийлик бул чараларды эмне үчүн кабыл алганын түшүнүп жатабыз жана ага себептер бар экенине ишенебиз. Бирок бул чечим бизди мыйзам бузууга аргасыз кылып жатат. Ал кампаларда контрафактык продукциянын пайда болуусуна түрткү берүүдө. Ошол эле учурда биз жоопкерчилик тартпайбыз деген кепилдик жок. Бул жерде сөз чыгымдар же физикалык жана финансылык түйшүктөр тууралуу болуп жаткан жок. Маселе убакыттын чектелүүсүндө болуп жатат",- жыйынга чогулгандардын бири.

Бул тармакта иш алып барган компаниялардын биринин директору Акбар Олжобаев акциздик маркаларды кайра чаптоо мөөнөтүн узартуу чечимди кынтыксыз ишке ашыруу үчүн маанилүү экенин айтты.

Ал ар бир бөтөлкөдөн эски марканы сыйырып таштап жаңысын чаптоо бир топ машакатты талап кылган иш экенин баса белгиледи.

"Маркалар бир жолу гана колдонууга ылайыкталган. Бирок коюлуп жаткан талапка ылайык биз номери жана диапазону менен эски маркаларды тапшырышыбыз керек. Бизде атайын жабдуулар жок",- деди ал.

Маркаларды сыйрып таштоо товардын көрүнүшүнө терс таасирин тийгизе турганын айткан Олжобаев, бизнес дагы ишин чыгымсыз уланткыдай болушу керек деди.

"Бул мүмкүн эмес"

Садыр Жапаров

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Көп өтпөй президент Садыр Жапаров ага өтүнүч менен кайрылган алкоголдук продукцияларды импорттоочулар менен өндүрүүчүлөргө жооп берди.

Президент алкоголдук продукциялардын акциздик маркаларын алмаштыруу мөөнөтү узартылбай турганын айтты.

Ал белгилегендей, мамлекеттин максаты- акциздик маркаларга байланыштуу, ар кыл көмүскө схемаларды жоюу.

Бул үчүн өлкөдө жаңы, жогорку деңгээлде корголгон акциздерди чыгарган "Учкун" басмаканасы иштеп жатканын кошумчалады.

"Эмне үчүн мамлекет акциздерди өзү чыгарып баштады? Анткени буга чейин акциздер чет мамлекеттерден алынып келип, жасалмалоого оңой болчу. Экинчиден, Салык кызматындагы коррупцияга кынык алган айрым кызматкерлерге акциздерди чаптабай туруп, өзүлөрүнө алкоголдук продукциянын керектүү санын көрсөтүүгө ыңгайлуу болуп келген. Башкача айтканда, жасалма же контрабанда жолу менен кирген продукциялар сатыкка чыгып турган. Кесепетинен миллиарддаган каражаттар казынага түшпөй калган",- деди ал.

Ошол эле учурда, ишкерлердин тынчсыздануусун түшүнөрүн айтып, эски акциздик маркалардын үстүнө жаңы маркалар мамлекет тараптан акысыз чапталып берилет деди:

"Эски продукцияларга акциз чаптоодо бизнесмендердин чөнтөктөрүнөн бир тыйын кетпейт. Муну бүгүн тыйбай, дагы алты айга уруксат берсек, алты айда алты миллиард акча каражаты мамлекетке түшпөй калат. Бул каражаттар кайра эле айрым салыкчылар менен айрым ак ниет иштегиси келбеген алкоголдук продукцияны импорттоочулар менен өндүрүүчүлөрдүн чөнтөгүнө гана түшөт. Андай болбойт",- деди ал.

"Салыктын көлөмү өскөнү менен сапат түшүп кетти"

Мындан улам учурда тыштан келип жаткан спирт ичимдиктерине суроо-талап өсүп жатканын айтты

Сүрөттүн булагы, Getty Images

"КыргызАлкоПром" ассоциациясы министрлер кабинетинин көмүскө экономика менен күрөшүү саясатын колдойт.

Анын жыйынтыгында эки жыл аралыгында алкоголь продукцияларын сатууну легалдаштыруу динамикасы кыйла жогорулаганын айтат.

Уюмдун жетекчиси Акылбек Кунакунов акциздик маркаларды алмаштыруу боюнча мындай дейт:

"Өндүрүүчүлөрдүн баары тең эле көмүскөгө өтүп кеткен жери жок. Арасында ак ниет иштегендери дагы арбын. Алар үчүн мурун марка чапталган продукцияны кайра жаңылоо кыйынчылык жаратпай койгон жок. Ичимдиктер Бишкекте гана эмес аймактарга дагы тарайт. Андыктан үч күндүк мөөнөт өтө аз болуп калды. Учурда өндүрүүчүлөр колунан келишинче алмаштырууга аракет кылып жатышат. Үч күндүк мөөнөт реалдуулукка жатпайт. Жок дегенде бир ай убакыт берилиши керек болчу".

Ал Кыргызстанда алкоголдук продукциянын рыногу соңку жылдары өзгөрүүлөргө дуушар болуп жатканын айтты.

Коомдогу диний көз караштардан, алкоголдук ичимдиктерди колдонбоого чакырган социалдык акциялардан улам он жыл аралыгында суроо-талап төмөндөдү дейт.

Ошондой эле Кунакунов өндүрүлүп жаткан продукциялардын сапатына токтолду. 2022-жылы спирт өндүрүүгө мамлекеттик монополия киргизилгенден кийин салыктын саны өскөнү менен сапат түшүп кеткенин кошумчалады.

"Монополия киргизилгенге чейин айрым спирт заводдор жогорку сапаттагы "Альфа" спиртин өндүрчү. Спирт өндүрүүнү мамлекет өз колуна алгандан кийин белгисиз себептерден улам ал спирт чыкпай калды. Люкс түрүндөгү гана спирттер чыгып жатат",- деди Кунакунов.

Мындан улам учурда тыштан келип жаткан спирт ичимдиктерине суроо-талап өсүп жатканын айтты. Экспорт дагы мурдагыдай жакшы болбой калганын баса белгиледи.

"Кыргызстанда өндүрүлгөн спирт ичимдиктеринин сапаты азыр мурдагыдай эмес. Атаандаштыкка жакшы туруштук бере албай калдык. Монополияга чейин айрым бренддердин сапаты абдан жогору эле. Экспортко дагы көп кетчү. Учурда сапат жагынан кыйналып турабыз",- деди.

Салык кызматы эмне дейт?

Салык кызматы

Сүрөттүн булагы, Official

Салык кызматы ташып жеткирүүчүлөрдүн жана дистрибьюторлордун арыз муңун уккан соң мамлекет акциздик маркаларды алмаштыруунун жол-жобосун кыйла жеңилдеткенин маалымдады.

Мекеменин акциздик салыкты көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Бакыт Акматовдун айтымында, дүң жана негизги делген чоң-чоң дүкөндөрдөн эски марка чапталган алкоголдук продукциялар толук алынды.

"3-декабрда кол коюлган буйрукка ылайык, үч күндөн кийин Кыргызстан аймагында алкоголдук продукцияларды эски маркалар менен сатууга тыюу салынган. Андан тышкары салык төлөөчүлөргө эски маркаларды жаңыга алмаштыруу талабы коюлган. Ошондой эле эски маркалар тапшырылышы керек эле. Бирок бизнестин реакциясынан кийин ал талап алынып салынды. Тартип жеңилдетилди. Салык кызматкери түзгөн актынын негизинде жаңы дизайндагы маркалар берилип жатат. Алар эски марканын үстүнө чапталат",- деди Бакыт Акматов.

Расмий маалыматка караганда, быйылкы жылдын он айында 61 миң 383 бөтөлкө мыйзамсыз сатыкка чыгарылган алкоголдук продукция алынган.

Былтыр жыл ичи 138 миң 652 бөтөлкө табылса, 2022-жылы 384 миң 897 мыйзамсыз бөтөлкө аныкталган.

Ошондой эле соңку үч жылда алкоголдук продукциялардан түшкөн акциздик салыктын көлөмү беш эсеге өскөн.

Былтыр өндүрүүчүлөрдөн 3 млрд 700 млн сом, импорттоочулардан 400 млн сомго жакын акча жыйналган.

Быйылкы жылдын 11 айында эле өндүрүүчүлөрдөн 3 млрд 449 млн сом, импорттоочулардан 537 млн сом чогулган.

Өткөн жылдын 11 айына салыштырмалуу импорт 104 млн. сомго, өндүрүүчүдөн түшкөн каражат 270 млн. сомго көп болгон.