Үчүнчү элдик курултай: көтөрүлгөн көйгөйлөр жана сунуштар

Кыргызстанда үчүнчү элдик курултай өз ишин баштады

Сүрөттүн булагы, president.kg

Венера Осмокеева, Би-Би-Си Кыргыз кызматынын кабарчысы

Кыргызстанда үчүнчү элдик курултай ишин баштады. Эки күндүк иш-чарага өлкөнүн бардык аймактарынан элдин үнүн жекирүү үчүн 698 делегат чогулду. Алардын арасында түрдүү кесиптин ээлери, чет жакта жүргөн мигранттардын атынан шайланып келгендер дагы бар.

Курултайдын башында кайрылуу сөзү менен чыккан президент Садыр Жапаров курултай эл бийлигинин нарктуу институту катары мамлекет менен жарандардын биримдигин бекемдеп, өлкөнүн өнүгүүсүнө багытталган маселелерди талкуулай турган аянтчага айланышы керек деди.

Адегенде эле экономикалык көрсөткүчтөргө токтолуп, 2020-жылы ички дүң продукциянын көлөмү 639 млрд сомду түзсө, быйыл 1,5 триллион сомдук чекке жетүү пландалганын билдирди.

"Бул кыска убакыттын ичинде өлкө экономикасынын көлөмүн 2,5 эсеге көбөйттүк деген сөз. 2025-жылы ички дүң продукциянын көлөмү бир триллион сегиз жүз миллиард сомдон ашат. Бул 2020-жылга салыштырмалуу экономикалык ресурстар үч эсеге көбөйгөнүнүн далили. Бюджет 2020-жылы 247 млрд сомду түзгөн. Быйыл жылдын аягына чейин 687 млрд сомго жеткиребиз",- деди ал.

Ошондой эле коррупцияга каршы аёосуз күрөш жүрүп жатканын айтып, ал дагы күчөй турганын баса белгиледи. Дүйнөлүк банктын мониторингине таянып, коррупция менен күрөшүүгө ишенген жарандардын саны күн санап көбөйүп жаткандыгын айтты.

Тынчтыктын глобалдык индексине таянып, 2023-жылы Кыргызстан өнүгүү багытында 101-орунда болсо, 2024-жылы 77-орунга көтөрүлгөнүн кошумчалады.

Андан тышкары Кыргызстан-Тажикстан чек арасын тактоо ийгиликтүү ишке ашканын, чакан жана орто ишкердик өнүгүү жолуна түшкөнүн айтып, ири долбоорлорго токтолду.

27-декабрь күнү "Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан" темир жолун куруу иши расмий баштала турганын билдирди.

"Камбар-Ата-1" ГЭСи муундан-муунга аңыз болуп айтылып, көптөн күткөн долбоор эле. Бул кыял дагы реалдуу ишке ашууда. Өлкөбүз энергетикалык жактан көз каранды болбой, энергетика менен өзүн-өзү камсыздоого өтөт",- деди Жапаров.

Ишке ашкан сунуштар

Жыйындын жүрүшүндө улуттук кеңештин төрагасы болуп шайланган Мыктыбек Абдылдаев былтыркы курултайдагы суроо-талаптардын аткарылышына токтолду

Сүрөттүн булагы, president.kg

Улуттук кеңештин төрагасы болуп шайланган Мыктыбек Абдылдаев былтыркы курултайдагы суроо-талаптардын аткарылышына токтолду.

Абдылдаевдин айтмында, экинчи элдик курултайда айтылган үч миң жыйырма алты сунуштун 19 пайызы он ай аралыгында аткарылды. Анын 58 пайызы учурда аткарылып жатат.

"Бирок сиздерге ачык айтып коёюн, берилген сунуштарды бир жылга ылайыктаган эмеспиз. Эки жылга деп пландалган",- деди ал.

Ошондой эле Абдылдаев "Элдик курултай жөнүндө конституциялык мыйзамга өзгөртүү киргизүү" жөнүндө мыйзам долбооруна токтолду. Бул долбоор парламент тарабынан колдоо таппай калганын айтып, бул боюнча иш дале жүрүп жатканын кошумчалады.

Делегаттар эмне дейт?

Жыйынга келгендердин көтөрүп чыккан негизги маселелери жылдагыдай эле аймактардын социалдык экономикалык абалына байланыштуу болду

Сүрөттүн булагы, president.kg

Жыйынга келгендердин көтөрүп чыккан негизги маселелери жылдагыдай эле аймактардын социалдык жана экономикалык абалына байланыштуу болду.

Алгачкылардын болуп Базар-Коргон районунун тургундарынын атынан сөз сүйлөгөн Рахманжан Абдалов аталган аймакка суу сактагыч куруу сунушу менен чыкты.

Суу сактагычтын курулуусу жаңы жерлерди өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк түзүп, азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого, миграция агымын кыскартууга жардам бермек деген пикирин айтты.

Кара-Балта шаарынан келген делегат Дыйканбай Абдиев шаарда мектептердин жетишсиздиги тууралуу сөз кылды. Андан тышкары экология маселесине токтолуп, завод-фабрикалардан чыгып жаткан ыш, алар жагып жаткан сапатсыз көмүр көйгөйүн чечип берүүнү суранды.

Баткендин Кызыл-Кыя шаарынан келген делегат шаарды таза суу менен камсыздоо жана газдаштыруу сыяктуу маселелерди көтөрдү.

Ошондой эле башка делегаттар социалдык объектилерди оңдоп-түзөө, дыйкандарды сугат суу, арзан баадагы минералдык жер семирткичтер менен камсыздоо, өндүргөн продукцияларын сатууга жардам берүү, аймактарда завод-фабрикалардын санын көбөйтүү, мамлекеттик мааниге ээ болгон жолдорду оңдоо, жаш үй-бүлөлөрдү турак-май менен камсыздоо сыяктуу көйгөйлөрдү көтөрүп чыгышты. Арасында маселени чечүүнүн жолдорун сунуштагандар дагы болду.

"Курултайдын максаты бир айылдын көйгөйүн чечүү эмес"

Учурда бул орган өзүнүн милдетин толук кандуу аткара албай жатканын кошумчалаган

Сүрөттүн булагы, bekbosun borubashev

Буга чейин Би-Би-Сиге курултай тууралуу маек берип жатып профессор Бекбосун Бөрүбашев жыйындын негизги миссиясы көйгөйлөрдү айтып тим болбостон, аларды чечүү жолдорун сунуштоо керек деген эле.

Учурда бул орган өзүнүн милдетин толук кандуу аткара албай жатканын кошумчалаган.

"Илимге таянсак, коомду өнүктүрүүнүн төрт чоң багыты бар. Экономикалык, саясий, социалдык жана маданий. Делегаттар ушул боюнча мыкты сунуштарды бергенге жөндөмдүү болуусу керек. Уюштурууда ушуга көңүл бурбай жатабыз. Анын ордуна делегаттарга сенин айылыңда кандай көйгөй болсо, ошолорду айтып бер деген мамиле болуп жатат. Кыргызстандын айылдарында дагы, шаарларында дагы көйгөйлөр коёндой окшош. Бирок элдик курултайга келгендердин максаты көйгөйүн айтуудан мурун аны чечүүнүн жолдорун сунуштоо болуусу керек. Биз ошол деңгээлге жете албай жатабыз",- деген эле Бөрүбашев.

Анын айтымында, жарандык коомдун өкүлдөрү ушул орган аркылуу биригип, мамлекеттик жана коомдук маселелерди чечүүгө багытталган конструктивдүү программаларды сунуштагыдай уюмга айланышы керек эле.

Элдик курултай алгачкы ирет 2022-жылы ноябрь айында өткөн. Ал учурда тиешелүү мыйзам жоктугуна байланыштуу президент бекиткен убактылуу жобонун негизинде уюштурулган. Ошол кезде бир катар депутат жана эксперт аны мыйзамсыз деп каршы болушкан.

Кийин "Элдик курултай жөнүндөгү" мыйзам долбоору сунушталып, парламентте бир топ талаш-тартышка туш болгон. Мыйзам долбоору кайра-кайра артка кайтарылып, көптөгөн талкуудан кийин гана кабыл алынган.

Ошентсе дагы адистер мыйзамдын иштөө механизмдери жана мазмуну боюнча айрым кемчиликтер бар экенин белгилешет.