Сирия: качкан президенттен кабар жок, козголоңчулар борбордо

Башар Асаддын портрети

Сүрөттүн булагы, OMAR HAJ KADOUR/AFP via Getty Images

Сириянын президенти Башар Асад кайда экени али так белгисиз. Ал олтурду делген учак Дамасктан чыгып, радардан тез жоголуп кеткенин айрым маалымат каражаттары жазып жатышат. Ал тургай сөз болуп жаткан учак кыйрап калган болушу мүмкүн деген кабарлар дагы чыгып жатат. Бирок бул азырынча тактала элек. Дагы бирлери Башар Асад чет өлкөдөн башпаанек сурайт деп болжоп жатат.

Башар Асад бийликти атасынан мурастап калган. Ал жакында эле өткөн президенттик шайлоодо добуш бергендердин 95 пайыз добушун алган эле. Деген менен соңку бир нече күндөгү окуялар эле Сирия бийлигинин тагдырын чечип койду.

Козголоңчулар тобу Алеппо шаарын алгандан көп өтпөй эле Дамаскты көздөй багыт алып, дээрлик чоң каршылыгы жок эле андан кийинки бир нече шаарды каратып алды. Айрым шаарларда козголоңчулар келе жатат деген кабар дүрбөлөң салып, миндеген киши шаарларды таштай качты.

Дамаскка жакындап келишкен чакта өкмөт башчы Мухамед Жалали бийликти өткөрүп берүүгө даяр экендигин билдирди. Көп өтпөй козголоңчулардын башчылары менен сүйлөштү. Макулдашуулар боюнча жаңы бийлик келгенге чейин мамлекеттик мекемелердин баары Мухамед Жалалилинин башкаруусунда болот. Бул тууралуу козголоңчулардын лидери билдирди.

Эл аралык коомчулук "араб жазы" деп тааныган саясий жараян чөлкөмгө кулач жайган эле. Андан улам Сирияда дагы нааразылык акциялары башталган. Башар Асад башында турган бийлик оппозицияга аёосуз жооп кайтарып, кескин аракеттери менен баскандай болгон. Бирок Дамасктан сүрүлүп калган оппозиция ошону менен эле тынчып калган эмес. Ар кандай саясий жүрүштөрдөн улам Сирияда жарандык согуш башталган.

Ошол мезгилде Сириянын аймагы сырткы күчтөрдүн түздөн-түз таасиринде калган эле. Ал куралдуу кагылыштарда Орусия, Иран бийликтери өкмөттүк күчтөрдү колдоп, Асаддын бийлигине таяныч болуп келген.

Козголоңчулардын Дамаскка карай жүрүшү

БиБиСи

Сириялык козголоңчулар 5-декабрь күнү Хама шаарына кирип барышканын жар салышкан эле. Өкмөттүк аскерлер үстөккө-босток кагылышуулардан кийин аталган маанилүү шаардан чегинишкенин билдиришкен. Өткөн аптада козголоңчулар Алеппо шаарын ээлеп алышкан эле. Бул 2016-жылдан бери биринчи ирет болуп жатат.

Хама Алепподон борбор калаа Дамаскка чейинки багытта жайгашкан. Жарандык согуш башталгандан бери карай шаар өкмөттүк күчтөрдүн колунда болуп келген.

Козголоңчулардын командири Хасан Абдул Гани 5-декабрдын таңында козголоңчулар Хама шаарына тереңдеп кирип, бир нече багыт боюнча шаардын борборун көздөй бара жатышканын коомдук сайттардагы баракчалары аркылуу жарыялаган.

Көп өтпөй эле Хани X (мурдагы Twitter) баракчасы аркылуу Хаманын борбордук түрмөсүнөн жүздөгөн киши бошотулганын жарыялаганын Reuters агенттиги билдирген.

Алеппонун алынышы

BBC

Cириялык куралдуу топтор өткөн аптада өкмөттүк күчтөргө каршы соңку жылдардагы эң ири чабуулун баштап, өлкөнүн экинчи ири шаары Алеппонун чоң бөлүгүн көзөмөлгө алды.

Күтүлбөй келген чабуулдан улам Сириянын өкмөттүк аскерлери Алепподон чыгып кетүүгө мажбур болду. Орус учактары (Москва Асаддын режимин колдойт) шаарды кайрадан бомбалай баштаган. Бул 2016-жылдан бери биринчи жолу бомбалоого катышты дегенди билдирет.

Чабуулду "Хайят Тахрир аш-Шам" тобу уюштурган деген маалымат тарады. Бул топ көп жылдан бери Сириядагы жаңжалдарга катышып келгени менен белгилүү. Көп мамлекеттерде экстремисттик-террористтик уюм катары тыюу салынган.