Сирия: Асаддардын доору бүттү, эми эмне күтөт?

Башар Асаддын атасынын айкели

Сүрөттүн булагы, Anadolu

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Башар Асаддын атасынын айкели

Кубанычтын көз жашы. Мындагы куралчандар көпчүлүк ушул күндү ондогон жыл бою күтүшкөнүн белгилеп, асманды карай ок атышууда.

Алар Асаддын режиминен бошонду. Эми алардын өлкөсү бурулуш учурда турат. Түрмөлөрдөн да миңдеген кишилер бошогону айтылууда. Анын канчасы кылмышкер, канчасы күнөөсүз олтургандар экенин айтууга али эрте.

Бул козголоңчулардын укмуштуудай жүрүшү болду. Алар ылдам алдыга жылды. Өткөн аптада алар Алеппону басып алышкан. Дем алыш күндөрү Хомсту алган. Алардын көздөгөнү Дамаск экени айдан ачык болчу. Бирок алар мынчалык ыкчам кирип келип, тез эле ээлеп алышат деп эч ким күткөн эмес. Бир нече сааттын ичинде Дамаскка кирип келишти.

Айрым жерлерде аларга эч ким каршылык көрсөткөн жок. Армия токтото албады. Кыязы токтоткусу келбеди. Жарандык согушту башынан өткөргөн армияда чоң тажрыйба бар эле. Бирок алар каршылык көрсөткүлөрү келбеген сыяктанат. Башар Асад Сирияны таштап кеткенден кийин чыккан кээ бир маалыматтар да муну айгинелегендей. Ирандын тышкы иштер министрлигинин маалыматы деп тарап жаткан кабарга караганда, Башар Асад армиянын козголоңчуларга татыктуу эч кандай каршылык көрсөтө албаганына таң калганы айтылууда.

Сирия армиясынын аскерлери Асаддын портрети менен. 2019-жыл

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сирия армиясынын аскерлери Асаддын портрети менен. 2019-жыл

Жарым кылымдан ашуун мезгил Сириянын бийлигин мыкчып турган Асаддын режими кулагандан көп өтпөй козголоңчулардын жетекчилери Башар Асаддын тушунда аскердик кызматта иштегендердин баарына амнистия жарыяланганы айтылууда.

Би-Би-Си

Бул, каршы пикирге чыдабаган ырайымсыз режимдин аягы. Асаддар кандай гана оппозиция болбосун жок кылып турган. Алар сындагандарды өлтүрүп, камап, кыйноого алган.

Козголоңчулар борборго келген соң, камактагыларды бошотуу үчүн түз эле белгилүү түрмөгө бет алышкан.

Алардын лидери Хаят Тахрир аш-Шам исламчыл тобунун (бир топ өлкөлөрдө тыюу салынган уюм) башчысы Абу Мохаммад аль-Жолани. Ал тарыхый Омейяд мечитине зыярат кылып, Дамаскка жеңиш сапарын жасады.

Би-Би-Си Араб кызматынын кабарчысы Ферас Килани ошол жерде болуп, окуяларга өзү да күбө болду.

"Бул - бардык мааниде тарыхый учур. Абу Мохаммад аль-Жолани мында, биринчи жолу Улуу Омейяд мечитинде",- дейт Ферас Килани.

Козголоңчулардын командири мурда "Аль-Каида" менен байланышы болгонун үстүртөн гана айтып, Сирияны анын бардык элдери үчүн кургусу келгенин белгиледи.

Козголоңчулар жакындаганда, президент качып кеткен. Анын атасынын эстелиги кулатылып, Дамасктагы резиденциясын мародерлор тоноп кетишти. Эл, тоскоолдугу жок, колуна урунганын көтөрүп чыгып жатты.

Ассадын өзүнө эмне болду? Орусиянын мамлекеттик медиалары ал азыр үй-бүлөсү менен Москвада экенин, аларга гуманитардык негизде башпаанек берилерин айтууда. Асаддын тактан кулашы анын союздаштары Орусия менен Иран үчүн чоң сокку болду, бирок Батыш бул кабарды жакшы кабыл алды.

"Биз, Асаддын режиминен алыстатчу өткөөл мезгилди орнотуу үчүн, Сириянын бардык топтору менен иштешип, БУУ баштаган процесске кошулабыз. Биз бул козголоңчу топтордун лидерлеринин соңку күндөрү билдирүүлөрүн эске алдык. Алар азыр туура сөздөрдү айтып жатышат, бирок алар чоң жоопкерчиликти алып жаткандыктьан, биз алардын сөздөрүнө эле эмес, иш-аракеттерине да баа беребиз",- деди АКШ президенти Жо Байден.

Сириялыктар тынчтыкка үмүттөнүшөт, бирок алар башаламандыктан, зомбулуктан коркуп турушат. Бул жиктелген өлкө. Мында ар кандай максаттары бар түркүн топтор ар башка аймактарды көзөмөлдөйт.

Көптөр азыр майрамдап жатышат, бирок алдыдагы жол бүдөмүк болуп турат.

Сирияны кимдер көзөмөлдөйт?
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сирияны кимдер көзөмөлдөйт?

Асаддардын учкай таржымалы

Асаддардын бүлөсү Сириядагы алавиттер коомчулугуна кирген жана көп нерседен чектелген эле. Ошондон улам алавиттердин көпчүлүгү сирия армиясын социалдык лифт катары пайдаланышкан. Хафез Асад армиянын офицери жана Баас паритясынын ишенимдүү жактоочусу катары айырмаланып турган. Ошентип 1966-жылы Коргоо министри болуп калган.

Хафез Асад өз таасирин бекемдеп, өлкөдөгү бийликти колго алууга бүт дитин койгон эле. Ошентип 1971-жылы президент болуп калган жана 2000-жылы көзү өткөнгө чейин бийликти колунан чыгарган эмес. Сириянын согуштан кийин улам бир аскердик төңкөрүш менен коштолгон тарыхында мындай узак убакыт бийликти мыкчып туруу дасыккан саясий манипуляциянын жыйынтыгы эле.

Ал оппозицияны жана башка пикирди жактагандарды аёосуз басып келген. Бирок Асад тышкы саясатта кыйла прагматик болгон. Ал Советер Союзу менен абдан тыгыз кызматташып, ошол эле учурда 1991-жылы Перс булуңундагы согуш маалында АКШ жетектеген эл аралык коалицияга кошулган эле.

2000-жылы Хафез Асад өлгөндө 34 жаштагы Башар Асад тезинен президент болуп дайындалып калган. Ал үчүн ага чейин Конституцияда президент болуш үчүн 40 жаштан кем болбош керек деген талап тезинен өзгөртүлгөн.