Вьетнамдан Иранга чейин: Түндүк Корея кайсы согуштарда кантип жардам берген?

Евгений Бунтман, Би-Би-Синин Орус кызматынын кабарчысы

Түндүк Кореянын армиясында кыз-келиндердин кызмат кылуусу кадимки эле көрүнүш

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Түндүк Кореянын армиясында кыз-келиндердин кызмат кылуусу кадимки эле көрүнүш

Орусия Түндүк Корея менен "баарын камтыган стратегиялык өнөктөштүк" жөнүндөгү келишимин ратификациялады. Бул келишимде эгерде эки мамлекеттин бирине кол салуу боло турган болсо, бири-бирине аскердик жардам көрсөтүү деген берене бар. Wall Street Journal жазганына караганда, ушул эле келишимде түндүккореялык аскерлерди Украинадагы согушка жөнөтүү боюнча жашыруун берене дагы киргизилген.

23-октябрда АКШнын Коргоо министри Ллойд Остин түндүккореялык аскерлердин Орусияга жөнөтүлгөнү боюнча Пентагондо далилдер бар экенин айткан. Түштүк Кореянын чалгын кызматы Түндүк Корея ушул мезгилде Москвага 3000 аскер бергенин, алардын жалпы саны 10 000 болорун билдирген. Буга чейин Украинанын президенти Володимир Зеленский ар бири 6000 кишиден турган эки бригада тууралуу айткан эле.

Эгерде бул маалыматтар тастыкталып, чындыганда эле Түндүк Корея миңдеген аскерин орус армиясына жардамга жиберген болсо, анда бул түндүккореялык аскерлердин өз аймагынан тышкаркы согушка массалык түрдө катышкан биринчи мисалы болуп калат.

Анткен менен мурда деле түндүккореялык аскерлер өнөктөш өлкөлөрүнө согушта жардам берген мисалдар бар, бирок мынчалык санда эмес. Алар Түштүк-Чыгыш Азиядан тартып Жакынкы Чыгышты жана Африканы аралап, дүйнөнүн булуң-бурчундагы кагылышууларга катышкан. Би-Би-Си бул материалында Түндүк Корея армиясы бөтөн согуштарда кандай тажрыйба топтогонун талдап берет.

Вьетнам согушунда өлгөн түндүккореялык учкучтар Вьетнамга көмүлгөн

Сүрөттүн булагы, AFP via Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Вьетнам согушунда өлгөн түндүккореялык учкучтар Вьетнамга көмүлгөн

Түндүк Корея мамлекеттин сыртындагы согушка биринчи жолу 1960-жылы түздөн түз аралашкан. Вьетнам согушу көп жагынан Корей согушуна окшош болгон. Түндүктөгү коммунисттер Америкага ыктаган түштүктөгүлөр менен согушкан. Түндүк Корея өз согушунда жеңип, Вьетнамга америкалыктарга каршы согушуп жардам берүүгө даяр болчу.

1966-жылы Кореянын эмгекчилер партиясы башкаруучу партия болуп турган жана Вьетнамга аскердик жардам көрсөтүү чечимин кабыл алган. 1967-жылдын башында Түндүк Корея Ханойго курал-жарак жеткире баштаган. Ошол мезгилде Вьетнамга курал-жарак жана 2 миллион даана атайын кийим жөнөткөн.

Мындан сырткары Ханойду коргоо үчүн Вьетнам Түндүк Кореядан 921-жана 923-авиаполкторду күчтөндүрүү максатында истребителдерди алган. Алар советтик өндүрүштөн чыккан МиГ-17 жана МиГ-21 истребителдери эле. Ал учурда аскердик учактарды "кайсы бир мамлекет" берди деген учкай гана маалымат белгилүү болгон. 1996-жылы гана Пентагон сөз болуп жаткан истребителдерди Пхеньян бергенин ийне-жибине чейин тактап чыккан. Вьетнам өзү муну 2001-жылдан кийин гана мойнуна алды. Мындан сырткары вьетнамдык коммунисттер тарабында 200гө чейин түндүккореялык учкучтар согушка катышкан.

Жакынкы Чыгыш

Түндүк Кореянын негиздөөчүсү жана узак жылдар бою башкаруучусу болгон Ким Ир Сен Израилди "империянын жандоочу спутниги" деп атаган жана 1960-жылдан тарта еврей мамлекетинин каршылаштарына колдоо көрсөтө баштаган. Пхеньян Египет жана Сирия менен расмий кызматташса, бейрасмий түрдө Палестинаны бошотуу уюму жана радикалдуу түзүмдөр менен алардын согушкерлерин машыктыруу лагерлери аркылуу кызматташкан.

Бирок түндүккореялыктар араб-израил жаңжалына 1973-жылы гана тикелей катыша баштаган.

1972-жылы 18-июлда Египеттин президенти Анвар Садат өз өлкөсүнөн жалпы советтик жоокерлерди чыгарып, алардын базаларын болсо мамлекеттин эсебине өткөрүүнү тапшырган. Советтер союзу ал мезгилде "чыңалган" саясатын жүргүзүп жана АКШ менен түз же кыйыр конфликттен оолактап турган. Садат Москванын курал-жаракты пайдаланууга койгон чектөөлөрүнө нааразы болуп жаткан мезгил эле. Жыйынтыганда Египет аскер кеңешчисиз, учкучтарсыз калды, СССРдин техникасынан кол жууду. Ошол мезгилде Египеттин аскер аба күчтөрү советтик МиГ-21 менен кубаттуу болуп турганына карабай ушундай кадамга барган.

Анвар Садат Египет армиясынын Суэцк каналындагы позициясында. 1973-жыл, октябрь

Сүрөттүн булагы, Universal Images Group via Getty Images

1973-жылы июнда Анвар Садат Түндүк Кореядан аскерлерди чакырган. Президент жана аскер аба күчтөрүнүн командачысы Хосни Мубарак (болочоктогу президент) СССРден алынган аба чабуулдарынан коргоо системаларын жана МиГ-21 истребителдерин Пхеньяндын аскерлери жакшыраак жөндөй алат деп ойлогон. Бул тууралуу Жакынкы Чыгыш боюнча адис, Wall Street Journal басылмасынын эл аралык бөлүмүнүн мурдагы башчысы ушундай деп жазган.

Пхеньян советтик өндүрүштөн чыккан ракета-зениттик комплексти жөндөп берет деп Египетке жалпысынан алганда 1500 адис жиберген. Түндүк Корея мындан сырткары Израил менен согуштун алдында эле Египеттин аскер аба күчтөрүнө тажрыйбалуу жыйырма учкучун берген. Израил авиациясын жетектеген Биньямин Пелед кийинчерээк өзүнүн баяндамсында согуш учурунда душмандарынын кеминде эки кыйраткыч учагын түндүккореялык учкучтар башкарып жүргөнүн жазган.

Сириянын президенти Хафез Асад жанан Ким Ир Сен. Пхеньян, 1974-жыл

Сүрөттүн булагы, AFP via Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сириянын президенти Хафез Асад жанан Ким Ир Сен. Пхеньян, 1974-жыл

1973-жылкы согуштан кийин израилдик чалгынчылар Сириянын аскер аба күчтөрүнүн учкучтарынын сүйлөшүүсүн тыңшаган. Израилдик адистердин өтүнүчү боюнча Пентагон тактап, бул учкучтар кайрадан эле түндүккореялыктар экенин аныкташкан.

Африка

Кансыз согуш кайнап турган маалда Түндүк Кореянын Африка өлкөлөрүнүн саясатына аралашууга чамасы жетчү. Түндүккореялык аскер кеңешчилер Полисарионун фронтуна көмөктөшүп, Батыш Сахаранын сепаратисттерин колдоп, Ангола менен Намибиянын козголоңчуларын машыктырып турушкан.

1970-жылдары Пхеньян африкалык ашынган эки диктатор менен тил табышып, мамиле түзгөн. Алар Экватордук Гвинеянын президенти Франсиско Нгема менен Уганданын президенти Иди Амин эле. Нгема Ким Чен Ырга болгон суктануусун жашырган эмес, Түндүк Кореянын инструкторлору анын күзөт кызматынын курамына кирген. Кореянын куралдары Экватордук Гвинея аркылуу түштүк-батыш Африка өлкөлөрүндөгү козголоңчуларга жетип турган. Диктатор бийликтен оодарылганда анын үй-бүлөсү Түндүк Кореяга качкан.

Түндүк Кореянын коомдук коопсуздук боюнча министринин орун басары Ли Сон Кампаледеги полиция академиясында. Уганда 2013-жыл

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Түндүк Кореянын коомдук коопсуздук боюнча министринин орун басары Ли Сон Кампаледеги полиция академиясында. Уганда 2013-жыл

Түндүк Кореянын Уганда менен ынак алакасы Иди Аминдин режими кулатылгандан кийин деле токтогон эмес. Африка өлкөсүндө Пхеньяндын колдоосу менен аскердик завод курулган. Түндүк Кореяга салынган эл аралык санкцияларга карабай алардын кызматташуусу ондогон жылга созулду. Мисалы 2007-жылы Уганда жана Түндүк Корея угандалык армия үчүн учкучтарды жана техникалык кызматкерлерди даярдоо боюнча келишимге кол коюшкан.

2016-жылы БУУнун коопсуздук кеңеши 2770 номурлуу резолюция кабыл алган. Анда Түндүк Кореядан инструкторлорду, кеңешчилерди жана башка кызмат адамдарын полиция кызматкерлерин, аскерлешкен түзүлүштөрдү жана аскерлерди окутууга тартууга түздөн-түз тыюу салынганы жазылган. Ошондон эки жыл өткөндөн кийин гана Уганда эл аралык басымга чыдабай, Пхеньян менен аскердик кызматташтыгын токтотуп, түндүккореялык 14 учкуч-инструкторго виза берүүдөн баш тарткан.