Израил ХАМАС лидери Исмаил Ханияны өлтүргөнүн мойнуна алды

Исмаил Хания

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Израилдин Коргоо министри Исраэл Кац июль айында ХАМАСтын саясий бюросунун башчысы Исмаил Ханияны өлтүрүүнүн артында Израил бийликтери турганын биринчи жолу мойнуна алды.

Йеменде Иран колдогон хуситтер Израилге ракета жана дрондор менен аткылап жатканын, ага каршы Израил кантип күрөшүп жатканын Кац айтып берди. Ал өз сөзүндө Исмаил Ханияны биз жок кылганбыз деди.

"Биз Тегеранда, Газада жана Ливанда [Исмаил] Хания, [Яхья] Синвар жана [Хасан] Насраллага кандай мамиле кылсак, Ходейда менен Санада да ошондой кылабыз", - деди Кац. Хезболла жана ХАМАСтын эки лидери да быйыл өлтүрүлгөн эле.

Алтымыш эки жаштагы Хания 31-июлда Ирандын борборундагы резиденциясында Ирандын президенти Масуд Пезешкиандын инаугурациясына келген учурда өлтүрүлгөн. Ал отурган үйгө абадан сокку урулганы айтылган эле.

Яхья Синвар Исмаил Хания өлтүрүлгөндөн кийин ХАМАСтын жаңы лидер болуп шайланган эле. Аны Израил 2023-жылдын октябрындагы чабуулду уюштурду деп айыптап келген.

Синвар октябрь айында Газа тилкесинде израилдик аскерлер тарабынан өлтүрүлгөн, андан бери ХАМАС дагы эле жаңы лидерди тандай элек.

Йемендин түндүк-батышын көзөмөлдөгөн хуситтер өткөн жылдын октябрь айында Израил Газада ХАМАСка каршы операция баштагандан көп өтпөй Кызыл деңизде израилдик жана башка өлкөлөрдүн соода кемелерине чабуул жасап, Израилдин аймагына ракета жана дрондорду учура баштаган. Бул чабуулдар бүгүнкү күнгө чейин уланууда.

Өткөн ишембиде Израил армиясы Йеменден атылган ракетаны атып түшүрүү аракети ийгиликсиз болгонун жана ал Тель-Авивдеги паркка келип түшкөнүн билдирген. Хуситтердин айтымында, алар гиперүндүү баллистикалык ракета менен аскердик бутага сокку урду.

Өткөн аптада Израил Йемендеги аскердик буталарга сокку урганын, борбор калаа Санадагы портторго жана хуситтердин энергетикалык инфраструктурасына чабуул жасаганын билдирди. АКШ жана Улуу Британия эл аралык жүк ташууларды коргоо операциясынын алкагында хуситтердин буталарына абадан чабуул жасады.

Өткөн жылдын 7-октябрында ХАМАС Израилге сокку уруп, 1200дөй адамды өлтүрүп, 251 кишини барымтага алган.

Буга жооп иретинде Израил Газа тилкесинде ХАМАСка каршы аскердик операцияны баштаган. ХАМАС көзөмөлдөгөн Газанын саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, анклавдагы салгылашуулардын натыйжасында 45 миңден ашуун адам набыт болду.

Истребитель F/A-18 Hornet (Архивдик сүрөт)

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Истребитель F/A-18 Hornet (Архивдик сүрөт)

АКШ Кызыл деңизде өзүнүн истребителин атып алды

Өткөн аптада америкалык аскер күчтөрү Йемендеги хуситтердин буталарына сокку уруп жатканда өздөрүнүн истребителин атып алды. Окуя Кызыл деңиздин үстүндө болгонун АКШ маалымдады.

Америкалык командачылыктын маалыматына караганда, F/A-18 Hornet учагы согуштук кемеден учурулган ракета менен атып түшүрүлгөн. Эки учкуч катапульт ыкмасы аркылуу учуп чыгып, аман калды. Анын бири жеңил жаракат алган деп кабарланды.

"USS Harry S Truman кемесинин сокку уруу тобуна кирген USS Gettysburg ракеталык крейсери аталган кемеден учурулган F/A-18 Hornet учагын кокусунан атып алды", — деп айтылат маалыматта.

Бул окуя америкалык аскерлер Йемендин борбору Санадагы хуситтердин ракета сактоочу жайына жана башкаруу борборуна бир нече жолу абадан сокку ургандан кийин болгон.

Иран колдогон Йемендин козголоңчулары учурган бир нече дронду жана кемелерге каршы ракеталарды АКШ армиясы атып түшүргөнүн кошумчалады.

Америкалык аскерлер атып түшүрүлгөн учактын хуситтерге каршы операцияга катышкан же катышпаганын билдирген жок.