Башар Асад: Лондондогу көз доктур кантип Сирияны башкарып калган?
Учакка олтуруп Дамасктан чыгып кеткен бойдон кабары чыкпай жаткан Башар Асад Москвага конгону кабарланууда. Айрым маалымат каражаттатары ал үй-бүлөсү менен чогуу саясий баш паанек алганын Кремлдеги булактарына шилтеме берип жазып жатышат. Бир нече саат бою анын кабары чыкпай турду. Ал олтурган учак учуп бара жаткан бийиктик тездик менен төмөндөп, андан соң радардан жок болуп кеткен. Ошондон улам ал олтурган учак кыйроого учурашы толук мүмкүн деген кабарлар желдей тараган эле.
Сириялык президент Башар Асаддын тагдырында чукул бурулуш болгон бир нече учур болду. Алардын ичинен эң негизгилеринин бири ошол мезгилде ал жашаган жерден миңдеген чакырым аралыкта болгон унаа кырсыгы болду окшойт.
Адегенде Башар Асад атасынан калган бийликти мурастап калайын деп деле камынбаса керек. Бул жол 1994-жылы анын бир тууган агасы Басилия Дамасктан алыс эмес жерде автокырсыктан каза тапкандан кийин башталды. Ал кезде Башар Асад Лондондо офтальмология факультетинде окуп жаткан эле.
Басилиянын өлүмүнөн кийин анын кичүү инисин Сирияны башкарууга камдай башташты. Башардын башкаруу мезгили миңдеген кишинин өмүрүн алып, миллиондогон сириялыкты качкынга айландырган кандуу жарандык согуштун мезгилине туш келди.
Башар Асад дарыгерликтен тартып аскердик кылмыштарга айыпталган авторитардык лидерликке чейинки жолду кантип басып өттү?
Атасынын мурасы
Башар Асад Хафез Асад менен Аниса Махлювдун бүлөсүндө 1956-жылы туулган. Анын туулган жылы Сириядагы, Жакынкы Чыгыштагы жана анын чегинен сырткаркы аймактардагы драмалуу окуялардын мезгилине туш келди. Ошол мезгилде чөлкөмдүн баардык мамлекеттеринин саясий турмушунда араб улутчулдугу үстөмдүк кылып турган эле. Андай маанайдан Сирия дагы четте калган эмес.
Египет менен Сириянын 1958-1961-жылдардагы кыска мөөнөткө союздашуу аракетинен кийин Дамаскта бийликти Баас араб социализминин кайра жаралуу партиясы басып алган. Алар андан кийин панарабизм улутчулдук идеясын жактоого өтүшкөн. Ошол кездеги көптөгөн араб мамлекеттери сыяктуу эле Сирия дагы демократиялуу өлкө болгон эмес жана көп партиялуу шайлоолорду өткөргөн эмес.
Асаддардын бүлөсү Сириядагы алавиттер коомчулугуна кирген жана көп нерседен чектелген эле. Ошондон улам алавиттердин көпчүлүгү сирия армиясын социалдык лифт катары пайдаланышкан. Хафез Асад армиянын офицери жана Баас паритясынын ишенимдүү жактоочусу катары айырмаланып турган. Ошентип 1966-жылы Коргоо министри болуп калган.
Хафез Асад өз таасирин бекемдеп, өлкөдөгү бийликти колго алууга бүт дитин койгон эле. Ошентип 1971-жылы президент болуп калган жана 2000-жылы көзү өткөнгө чейин бийликти колунан чыгарган эмес. Сириянын согуштан кийин улам бир аскердик төңкөрүш менен коштолгон тарыхында мындай узак убакыт бийликти мыкчып туруу дасыккан саясий манипуляциянын жыйынтыгы эле.
Ал оппозицияны жана башка пикирди жактагандарды аёосуз басып келген. Бирок Асад тышкы саясатта кыйла прагматик болгон. Ал Советер Союзу менен абдан тыгыз кызматташып, ошол эле учурда 1991-жылы Перс булуңундагы согуш маалында АКШ жетектеген эл аралык коалицияга кошулган эле.
Лондондогу студент-медик
Башар Асад адегенде саясат жана аскер ишинен такыр алыс жолду тандаган. Ал медицинада карьера түзүүнү көздөгөн.
1992-жылы Дамаск университетин аяктагандан кийин Улуу Бриттанияга жөнөгөн. Ал жакта "Вестерн Ай" (Western Eye) көз клиникасында офтальмологияга адистешип билим ала баштаган.
Би-Би-Си 2018-жылы даярдаган "Асаддардын коркунучтуу династиясы" тасмасындагы маалыматтарга караганда, Башар Асад Лондондо оюндагыдай жашаган. Сүйүктүү артисти Фил Коллинздин концерттерине барып, жергиликтүү британ маданиятынан ыракат алган.
Дал ошол Лондондо Башар Асад болочоктогу жубайы Асма аль-Ахрасты жолуктурган. Асма Лондондогу Королдук коллежде компьютердик илим боюнча окуп жаткан эле. Кийинчерээк Гарвард университетинин бизнести башкаруу (MBA) курсуна кабыл алынган. Бирок анын турмушу тез өзгөргөн.
Башар Асад Хафез Асаддын экинчи уулу катары өз агасы Басилиянын көлөкөсүндө калып келген. Басилия болсо бийликтин "мураскору" катары эсептелген.
1994-жылы Басилиянын өлүмү Башар Асаддын жашоосун түп-тамырынан өзгөрткөн. Ал шашылыш түрдө Лондондон артка чакыртылган жана аны Сириянын кийинки лидерлигине даярдай башташкан.
Башар Асадды куралдуу күчтөрдүн офицери кылышып жана аны болочоктогу президент катары коомдук имижин түзө башташкан.
Кыял жана бурулуш
2000-жылы Хафез Асад өлгөндө 34 жаштагы Башар Асад тезинен президент болуп дайындалып калган. Ал үчүн ага чейин Конституцияда президент болуш үчүн 40 жаштан кем болбош керек деген талап тезинен өзгөртүлгөн.
2000-жылы Башар Асад президент катары ант берип жана президент катары саясий багытка дароо жаңы тон берүүгө аракет кылган. Ал өз сөзүндө "ачык-айкындуулук, демократия, өнүгүү, модернизация, жоопкерчилик жана институционалдык ой жүгүртүү" деген сыяктуу баалуулуктарды белгилеген.
Президенттик кызматка киришкенден бир нече ай өткөн соң Башар Асад Асма аль-Ахраска баш кошот. Алардын Хафез, Зейн жана Карим деген балдары бар.
Адегенде Башар Асаддын саясий реформалар жана сөз эркиндиги жөнүндө риторикасы көптөгөн сириялыктарга үмүт берген. Анын башкаруу стили, жанында Асмадай батыштан билим алган жандоочусунун жүрүшү өзгөрүүнүн жаңы доору келгендей кабыл алынган.
Сирия кыска мөөнөткө болсо дагы салыштырмалуу ой эркиндигине жетишкен. Ал "Дамаск жазы" катары белгилүү болуп калды, бирок 2001-жылы коопсуздук күчтөрү репрессияларды жандандырып, активдүү оппозиционерлерди камоого киришкен.
Башар экономикалык реформаларга чектөөлөрдү киргизген эле. Ал анын президенттигинин алгачкы жылдарында жакын тууганы Рама Махлюфтун жеке ишкерлиги жана таасиринин өсүшүнө шарт түзгөн. Махлюф бизнес-империя түзүп, анысын кеңейткен. Сынчылар муну бийлик менен байлыктын жуурулушуусу катары сындашкан эле.
Ирак жана Ливан
2003-жылы Иракта болгон согуш Башар Асаддын Батыш өлкөлөрү менен мамилесин кыйла солгундаткан. Сириянын президенти АКШнын Иракка басып киришин сындаган. Айрымдар муну Американын кийинки кезектеги бутасы Сирия болуп калышы мүмкүн деген кооптонуулары менен байланыштырышкан.
Вашингтон болсо американын Иракты оккупациясына каршы чыккан козголоңчуларга аткезчилик менен ташылып жаткан курал-жаракка көз жумду жана экстремисттердин эки өлкө ортосундагы чек араны аралай чаап жүрүшүнө жол берди деп Дамаскты айыптаган эле.
2003-жылы декабрда АКШ бир нече себептен улам Сирияга каршы санкцияларды салган. Бул Иракка эле байланыштуу болгон эмес, Ливанга аскердик кийлигишүү дагы себеп катары каралган эле.
2005-жылы Ливандын ал кездеги премьер-министри Рафик Харири Бейруттагы чоң жарылуудан каза тапкан. Ал Сириянын Ливандагы башкы атаандашы саналчу. Бул кандуу окуя үчүн дароо Сириядан жана анын союздаштарынан шек санашкан.