Биз жөнүндө

Би-Би-Си Кыргыз кызматы

Би-Би-Си Дүйнөлүк кызматынын кыргыз тилиндеги программалары 1996-жылдын 3-июнунан тартып обого чыгууда.

Кыргыз тилиндеги радио программалар аптанын ар бир күнү үч жолу жарым сааттык форматта чыгып келген. Учурда подкаст жанрына ылайыкташуу жолунда.

Биздин берүүлөр Кыргызстандын өзүндө эң көп угулган чет элдик программалардын биринен саналат.

Андан сырткары, коңшулаш Кытай менен Өзбекстандын кыргыздар жыш жашаган аймактарында угуучуларыбыздын, көрүүчүлөрүбүздүн жана окурмандарыбыздын саны артууда.

Би-Би-Си угармандары күнүмдүк программаларга активдүү катышып, эл аралык, аймактык, өлкө ичиндеги окуялар боюнча түз эфир учурунда байланышып, пикирлери менен бөлүшүп турат.

Ошондой эле дүйнө жүзү боюнча кыргыз тилдүү угармандарыбыз интернет сайты аркылуу дил каттарын жөнөтүшүүдө.

Би-Би-Си Кыргыз кызматы 2009-жылдын декабрь айынан баштап 2024-жылдын май айына чейин айына бир жолу чыгуучу "Сапар" программасын даярдап келди.

"Сапар" берүүлөрүн биздин интернет сайтыбыздан таап, көрсөңүз болот.

Би-Би-Си Кыргыз кызматы, Бишкек:

Абдыбек Казиев - Би-Би-Си Кыргыз кызматынын Бишкек бюросунун редактору

Кубат Чекиров - Би-Би-Си Кыргыз кызматынын Бишкектеги башкы кабарчысы

Руфат Эргешов - Би-Би-Си Кыргыз кызматынын Бишкектеги башкы кабарчысы

Сталбек Абдижалил уулу - Би-Би-Си Кыргыз кызматынын Бишкектеги кабарчысы

Венера Осмокеева - Би-Би-Си Кыргыз кызматынын Бишкектеги кабарчысы

Мээрим Айныкеева - Би-Би-Си Кыргыз кызматынын Бишкектеги кабарчысы

Элеонора Сагындык кызы - Би-Би-Си Кыргыз кызматынын Бишкектеги кабарчысы.

Би-Би-Си Кыргыз кызматы, Лондон:

Эрмек Максутова - Би-Би-Си Кыргыз кызматынын Лондондогу башкы кабарчысы

Нияз Ташматов - Би-Би-Си Кыргыз кызматынын кабарчысы

Жазгүл Батырканова - Би-Би-Си Кыргыз кызматынын Лондондогу кабарчысы

Данияр Өскөнбаев - Би-Би-Си Кыргыз кызматынын Лондондогу кабарчысы