Түндүк Корея аскерлери Украинада кантип согушуп жатат?

Жин Маккензи жана Жейк Квон, Би-Би-Синин Сеулдагы кабарчылары

Түндүк Корея

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Түндүк Корея армиясында кызмат өтөгөн жылдарын баяндап жаткан Хан Ыл биринчи кезекте андагы ачкалыкты эстедим дейт. Армияга барган бир ай ичинде эле он килограммга арыктап кеткен. Аскерлерге жалаң жүгөрү менен капуста берилген. Бул жоокерлерди абдан алсыратат жана кыйнайт дейт ал.

Үч айлык машыгуудан кийин анын батальону ушунчалык чарчап-чаалыккан. Ошондо аскерлердин салмак кошуусу үчүн атайын реабилитациялык борборго алып кетишкен.

Кийин алар Түштүк Корея менен чек араны кайтарууга жөнөтүлгөндө жүгөрүнүн ордуна күрүч бере баштады. Хан Ыл кызмат өтөгөн аскердик бөлүккө башкаларга караганда жакшыраак тамак беришкен. Мындай ыкманы Түндүк Кореянын командачылыгы аскерлердин качып кетпеши үчүн жасашат. Ошентсе да Хан Ыл аскерден качып кетүү жөнүндө ойлонгон.

2012-жылы ал Түндүк жана Түштүк Кореяны бөлүп турган аймак аркылуу качууну чечти.

Мурдагы айларда Түндүк Корея орустардын катарында согушуу үчүн өзүнүн он бир миң аскерин Украин аймагына жибергени кабарланган. Ушул аптада Сеул, Вашингтон жана Киев Курск аймагында салгылашууларга көп сандагы түндүк кореялык аскерлер тартылып, алардын "жүздөн ашыгы" өлгөнүн же жарадар болгонун айтып чыкты (бул цифралар башка булактар тарабынан тастыкталган жок).

Түштүк Кореянын чалгындоо кызматынын маалыматы боюнча, Орусияга жөнөтүлгөн түндүк кореялык аскерлердин көбү элиталык аскер бөлүктөрүнө таандык жана күчтүү согуштук духу бар. Бирок ошол эле учурда алар "азыркы согуштун көптөгөн реалдуулугун түшүнө бербейт".

Хан Ыл 2012-жылга чейин демилитаризацияланган аймакты кайтарган чек ара бөлүгүндө кызмат өтөгөн

Сүрөттүн булагы, BBC/Hosu Lee

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Хан Ыл 2012-жылга чейин демилитаризацияланган аймакты кайтарган чек ара бөлүгүндө кызмат өтөгөн

2000-жылдардын башында Түндүк Кореянын атайын аскерлерин машыктырган Ли Хён Сондун айтымында, элиталык аскер бөлүктөрүнө жалаң гана бою узун, спорт менен машыккан жигиттер тандалып алынат.

Ли Хён Сон аскерлерге согуш өнөрүнүн негиздерин, бычак ыргытуу жана ашкана буюмдарынан курал жасоонун ыкмаларын үйрөткөн.

Хан Ылдын айтымында, Орусияга келген түндүк кореялык аскерлердин абалы аталган өлкөдө көрсөтүлгөн тасмалардагы аскерлердикинен өтө эле айырмаланып турат. Пхеньяндын үгүт видеолорунда жоокерлер жылаңач колдору менен музду талкалап, чынжырларды бөлүп салганы көрсөтүлөт.

Хан Ыл аскерде кызмат өтөгөн көп убакыттын ичинде болгону үч эле жолу куралдан ок атып көргөн, бул дагы машыгуу учуруна туура келет.

Хан Ыл армиядан качып чыгып кеткенине он жыл болду. КЭДР өтө жабык өлкө болгон үчүн бул жыл аралыгында өлкө армиясы канчалык өзгөрүшү мүмкүн экенин айтуу кыйын. Армия тууралуу чыккан сейрек маалыматтарды эске алып, президент Ким Чен Ын өлкөнүн ресурсун армияны модернизациялоого жана чыңдоого эмес, ракеталык программаны иштеп чыгууга жана өзөктүк куралды түзүүгө багыттаганын айтууга болот. Бул жөнүндө аскердик адистер көп жолу айтып келди.

2000-жылдардын башында Ли Хён Сон Түндүк Кореянын атайын күчтөрүнүн инструктору болгон

Сүрөттүн булагы, BBC/Hosu Lee

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 2000-жылдардын башында Ли Хён Сон Түндүк Кореянын атайын күчтөрүнүн инструктору болгон

2019-жылы өлкөдөн качып кеткен дагы бир түндүк кореялык Рю Сон Хёндун айтымында, аскердеги алгачкы үч жыл элиталык отряддарда кызмат өтөгөн аскерлер үчүн дагы абдан оор. Ал азыр 28 жашта, жети жыл Түндүк Кореянын аскер аба күчтөрүндө айдоочу болуп кызмат өтөгөн. Анын билдиришинче, кызмат өтөө шарттары жылдан жылга начарлап жатат. Армияда аскердин колуна бираз күрүч карматып, тоону көздөй айдайт. Бул аскер үчүн аман калуунун бир жолу, аны үйрөнүшүңөр керек деген таризде шылтоо айтып коюшат.

Корей жарым аралынын тоолуу аймактарында даярдыктан өткөн аскерлер эми Курск аймагындагы түздүктөрдө, окоптордо согушууга жарамдуубу деген суроону бергендер бар.

"Фронттун алдыңкы катарында жүрүп чабуул коюучу аскерлер азыркы шартты билеби деген маселе турат. Алардын миссиясы душмандын коргонуусун жарып өтүп, баш аламандык жаратуу. Бирок азыр андай болуп жатабы, ким билсин. Ким Чен Ындын Орусияга эң мыкты аскерлерин жөнөтүүдөн башка аргасы жок болчу. Анткени катардагы жоокерлер армиядагы өзүнүн убактысын курулуш ишине, эгин өстүрүүгө же отун жарууга жумшайт. Алардын колунан эмне келмек эле? Анын үстүнө Түндүк Кореянын аброюн түшүрбөш үчүн Ким Чен Ын Украинага жок дегенде күжүрмөн даярдыктан өткөн, өзүн көрсөтө алган жоокерлерди жибериши керек болчу",- деди Рю Сон Хён.

Рю Сон Хён: Ким Чен Ын өзүнүн аброюн түшүрбөш үчүн Украинага жок дегенде күжүрмөн даярдыктан өткөн жоокерлерин жибериши керек болчу

Сүрөттүн булагы, BBC/Maxine Collins

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Рю Сон Хён: Ким Чен Ын өзүнүн аброюн түшүрбөш үчүн Украинага жок дегенде күжүрмөн даярдыктан өткөн жоокерлерин жибериши керек болчу

Андан тышкары түндүк кореялык аскерлердин орус тилин билбегени да чоң тоскоолдук жаратууда. Жакында эле Украинанын аскердик чалгын кызматы түндүк кореялыктар тил билбегени үчүн кокусунан орус аскерлерине ок чыгарып, сегиз киши каза болгонун айтып чыккан.

Бул Түндүк Кореянын аскерлери жөн гана ажалга айдалып келди деген ойду жаратышы мүмкүн, бирок президент Путин Курск аймагына кошумча күчтү тартууга мажбур эле.

Түндүк Кореядан качып чыккан аскердик адистердин айтымында, азыр украин аймагында жүргөн түндүк кореялык аскерлердин режимге катуу берилгендиги алардын көптөгөн кемчилигин жууп кетиши мүмкүн.

"Чабуулчу аскерлердин көбү партияга берилген, буйруктарды так аткарган жумушчулардын жана колхозчулардын үй-бүлөлөрүнөн чыккандар",- дейт Хан Ыл.

Түндүк Кореянын мамлекеттик медиалары 2024-жылдын март айында атайын күчтөрдүн машыгуусунан сүрөттөрдү жарыялаган

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Түндүк Кореянын мамлекеттик медиалары 2024-жылдын март айында атайын күчтөрдүн машыгуусунан сүрөттөрдү жарыялаган

"Күн сайын эртең менен өткөрүлүүчү саясий окуулар идеологиялык жактан мээни жууп-тазалайт. Жоокерлерге психологиялык жактан Орусиянын катарында согушууга жардам берет. Убакыттын өтүшү менен Түндүк Кореянын аскерлери талаа шарттарына көнүп, согушканды үйрөнүп, аман калуунун жолдорун табат", - дейт Ли.

Рюнун айтымында, Орусияга жөнөтүү боюнча түндүк кореялык аскерлердин пикирин эч ким сураган эмес. Сураган күндө да аскерлердин көбү ал жакка өз каалоосу менен барышы мүмкүн эле. Себеби украин аймагына барып согушуу аскердик карьераны көтөрүү үчүн эң жакшы мүмкүнчүлүк.

Анын үстүнө Түндүк Кореянын армиясындагы адам чыдагыс оор шарттарда кызмат кылып жүргөндөр биринчи жолу чет өлкөгө баруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп, кубанып турган болушу да мүмкүн.

"Менимче алар орус аскерлерине караганда согушта чечкиндүү болсо керек. Мен өзүм да мындайдан баш тартмак эмесмин",- дейт Рю.

Түштүк Корея армиясынын атайын күчтөрүнүн мурдагы командири Чун Ин-Бум азыр согушта жүргөн түндүк кореялыктарды алсыз деп эсептеген туура эме дейт:

"Бул аскерлер тамак-аштан кыйналып, машыгуусу жетишсиз болсо деле алардын согушууга жөндөмү төмөн деп айтканга болбойт. Алар тез эле бул жерлерге көнүп кетет".

11 000 жоокер орус-украин согушунда чоң өзгөртүүлөрдү алып келе албашы мүмкүн. Айрым эсептөөлөр боюнча, Орусия күн сайын миңден ашуун аскерин жоготуп жатат. Бирок теориялык жактан алганда, Пхеньян Москванын карамагына 60 миңдей, эгерде ротация киргизилсе, 100 миңдей түндүк кореялык аскерди алып келе алат.

"Мындай учурда сандык эсеп сапатка айланып, Пхеньян тарабынан көрсөтүлгөн жардам Орусияга абдан пайда алып келиши мүмкүн",- деп эсептейт Чун Ин-Бум.

Түндүк Кореянын мурдагы аскер кызматкерлеринин айтымында, Ким Чен Ын өзүнүн жеке курамынын олуттуу жоготууларын оңой эле көтөрө алат. Бул анын режиминин туруктуулугуна эч таасирин тийгизбейт.

"Алар негизинен жогорку жакта эч кандай таасири же байланышы жок аскерлерди жиберип жатышат. Ачык айтканда, аларды оңой эле курмандыкка чалууга болот", - дейт Хан Ыл.

Ал өзүнүн элиталык отрядында бир дагы жогорку даражалуу, таасирдүү үй-бүлөлөрдүн балдары жок экенин билгенде нес абалда болгонун эскерет. Азыр украин аймагында жүргөндөр жан берсе деле, алардын жакындары катуу нааразылык билдирип чыга албайт. Өлгөндөрдү баатырлар деп эле эскерип коюшу толук мүмкүн.

"Көптөгөн үй-бүлө армияда балдарынан ажырады. Алардын катарында менин дагы аталаш тууганым бар. Анын апасына бийликтегилер келип, уулунун жеңишке кошкон эрдигин даңазалап, ыраазычылык катын тапшырды", - Хан Ыл.

Аскерлер

Сүрөттүн булагы, Reuters

Украинадагы согуштан качкандар болобу?

Рю жана Хан Ылдын айтымында, жоокердин армиядан качып кетүү чечимин кабыл алуусу үчүн көп убакыт керек болот. Себеби бул аракет ийгиликсиз болушу толук мүмкүн. Хан Ыл кабарлагандай, офицерлер качууга аракет кылгандарды атууга буйрук алышат. Ал өзү каршы тарапка качып баратканда жанындагы аскерлер ага ойлонбостон ок чыгарган:

"Он эки ок менин башымдан шуу этип өтүп жатты".

Түндүк Кореянын аскерлерин колго түшүрүү Украинанын куралдуу күчтөрү үчүн татаал иш болушу мүмкүн.

КЭДРде колго түшүү, душманга багынып берүү өлүмдөн да уят деп айтылат. Буга жол бербөө үчүн жоокерлерди өз жанын кыюуга үйрөтүшөт.

"Акыркы эки окту сакта деп үйрөтүшөт, бири душманга, экинчиси өзүңө", - дейт Рю.

Хан Ыл түндүк кореялык аскерлердин мекенине аман-эсен кайтышына үмүт кылат. Себеби Орусияга жардамга жөнөтүлгөн жоокерлердин арасында өзүнүн да бир нече тууганы болушу мүмкүн экенин билет.

"Мен жөн гана алар үйгө аман-эсен келишет деп үмүттөнөм".