"Бизондордун тоодой үйүлгөн сөөгү". АКШ табиятка суук колун салган жылдар
Бизондордун тоодой үйүлгөн баш сөөктөрүнүн үстүндө турган эки адамдын сүрөтү АКШ колонизациясы мезгилиндеги аёосуз аңчылыктын символу катары белгилүү. Бирок анын артында үрөй учураарлык жана бүгүн да сабак болгудай маанилүү окуя катылган.
Кара костюм жана шляпа кийген эки киши бизондордун баш сөөгүнөн курулган чоң үймөктүн жанында турушат. XIX кылымга таандык бул сүрөт чынында көптөрдү нес кылат. Миңдеген башсөөктөр кымапталып тизилип, кадимкидей мунарадай тургузулган. Бул сүрөттүн артында кооптонто турган купуя сыр жатат. Бул куураган баштар жөн гана массалык аңчылыктын жыйынтыгы эмес, сүрөттөгү кишилер да аңчылар эмес.
Эксперттердин айтымында, бул башсөөктөр - бизондорду жок кылууга багытталып уюштурулган чоң кампаниянын айныксыз далили. Анын максаты — Американын түпкүлүктүү калкын маанилүү ресурсынан ажыратуу жана тирүү калгандарды кичинекей резервацияларга көчүрүү. Андай жайларда аларды ак расанын жаңы келген келгиндери көзөмөлдөй алышмак.
"Бул сүрөт колонизаторлор талкалоону кантип даңазалаганын көрсөтөт", - дейт Кри элинен чыккан режиссёр жана Канададагы Альберта университетинин изилдөөчүсү, доцент Таша Хаббард.
Ал бизондорду жок кылуу колонияларды кеңейтүүнүн стратегиялык бөлүгү болгон деп эсептейт. "Батышты басуу" жана жапайы аймакты отурукташууга жарамдуу кылуу үчүн бизондорду эсепсиз кырышкан.
Колониялык мезгилде бизондордун массалык жок кылынышы күнүмдүк тиричилигин камсыздоодо алардан алынчу азыкка көз каранды болгон уруулардын жашоосуна оор кесепетин тийгизди. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, бизондорго көз каранды эмес урууларга караганда, аларды азык, табылга катары пайдаланган уруулардын жашоо шарты начарлаган. Мисалы, жаш балдардын өлүмү көбөйгөн. Бизондордун жок болушу бул уруулардын табигый өнүгүү жолун түбөлүккө өзгөрткөнүн жана анын кесепеттери азыркыга чейин сезилип жатканын окумуштуулар белгилешет.
Америкалык индейлер жүздөгөн жылдар бою бизондорго аңчылык кылышкан. Бизондор алардын көчмөн жашоосунун маанилүү бөлүгү болгон. Бизондун этин азык катары, терисин турак жай жана кийим үчүн, ал эми сөөктөрүн шаймандарды жасоо үчүн колдонушкан. Өз ара сүйлөшкөндө бизондорду көбүнчө буйвол деп аташкан, бирок бул эки башка жаныбар.
Түндүк Америкадагы жергиликтүү эл бизондорго абдан көз каранды болчу. Хаббард белгилегендей, бул жаныбарларды атайын жок кылуу жергиликтүү калктын тамак-аш каатчылыгына кириптер кылууга багытталган. Бул аркылуу алардын күчүн алсыратып, өз жерлерин таштап кетүүгө мажбурлап жана аларды көзөмөлдөп калуу оңой болгудай абалга жетүүнү максат кылышкан.
Эсептөөлөргө ылайык, бизондордун пайдалуулугуна карабастан, жергиликтүү америкалыктар жылына 100 миңге жетпеген бизонго аңчылык кылган. Бул 1800-жылдардын башындагы эсеп боюнча бизондордун 30 миллиондон 60 миллионго чейинки санына дээрлик таасирин тийгизген жок.
1889-жылдын 1-январына карата АКШда болгону 456 таза кандуу бизон калган, алардын ичинен 256-сы Йеллоустоун улуттук паркында жана бир нече башка коруктарда коргоого алынган.
"Бул сүрөт колониялык өтмүштүн зыяндуулугун эскертүү гана эмес. Ал коммерциялык керектөө практикасына карата айыптоо болуп саналат" - деди Бетани Хьюз.
Бизонду массалык түрдө жок кылуу ар кандай себептерден улам болгон. Темир жолдор алардын аймактарын кесип өтүп, териге жана этке болгон суроо-талапты күчөттү. Заманбап мылтыктар аңчылыкты жеңилдетти, ал эми мыйзамдар бизондорду жок кылууну чектеген жок. Бирок тарыхчылар белгилегендей, мунун артында бизон өндүрүшүнө болгон муктаждык гана болгон эмес - бизондорду жок кылуу колониялаштыруу жана жерди басып алуу менен байланышкан.
Мичиган университетинин Америкалык жергиликтүү калктарды изилдөө кафедрасынын ассистенти жана Оклахомадагы Чоктоу уруусунун өкүлү Бетани Хьюз да бул маселени изилдеген. Ал бизондорду массалык түрдө атуу, жергиликтүү элге кол салуу, жерлерди басып алуу жана кулчулук чексиз өсүүгө умтулуу каалоосунан улам келип чыккан деп түшүндүрөт.
Мындан тышкары, табигый ресурстарды коммерциялаштыруу да маанилүү ролду ойногон. Бул факторлор беш кылым бою жергиликтүү элге карата катаал мамилеге жана бизондорду жок кылууга алып келген.
1869-жылы Трансконтиненталдык темир жолдун курулушу бизондордун санын азайтууну ого бетер тездеткен. 1871-жылы Пенсильванияда алардын терисинен булгаары жасоо ыкмасы ойлоп табылып, коммерциялык кызыкчылык күчөгөн. Андан кийин аңчылар борбордук түздүктөрдөгү бизондордун үйүрлөрүн өтө тездик менен кырып киришкен.
Баш сөөктөрдүн дөбөсүнүн белгилүү сүрөтү Мичиган көмүртек заводунда тартылган. Ал жерде бизондордун сөөктөрү кайра иштетилген. Ошол сөөктөрдөн көмүр жасалып, ал кантты тазалоо үчүн колдонулган. Мындан тышкары, сөөктөрдөн клей жана жер семирткичтер да даярдалган.
"Колониализм менен капитализм бирге өнүгүп келе жатышат",- деди Хьюз. Бул компания америкалык жерлерди күч колдонуп басып алуу учурунда калган бизондордун сөөктөрүн кайра иштетип, ийгиликке жетишкен.
"Бул сүрөт колониялык өткөндүн кесепеттерин гана эске салбастан, коммерциялык ишмердүүлүктүн чыныгы чыгымдарын жана моралдык маселелерин кантип жашырарын көрсөтөт. Мунун аркасында рафинаддалган кумшекер сыяктуу азыктар жеткиликтүү болуп, зыяны жоктой сезилет",- деп кошумчалады илимий кызматкер.
Бизондорду кыруу аскердик операциялардын да бир бөлүгү болгон. Алар ресурстарды жок кылууну тактикалык кадам катары колдонушкан.
Тарыхчылар белгилешкендей, АКШ колонизация учурунда жергиликтүү америкалык элди ресурстарынан ажыратуу максатында бизондорго кыргын салуу үчүн аскерлдерди атайын эле жиберишкен.
Роберт Вустердин "АКШнын аскердик жана индей саясаты" китебинде бир топ маалымат жазылган. Анда Түштүк Талаадагы урууларга каршы "Тоталдык согуш" стратегиясынын жетектеген генерал Филип Шеридан бизондорду жок кылуу индейлерди көчмөн турмушунан баш тартууга мажбурлоонун эң натыйжалуу жолу экени айтылат.
"Аңчылар индейлердин азык-түлүк камсыздоосун болуп көрбөгөндөй кыйындатып жатат. Армиянын камсыздоосуз калганы бардыгыбызга белгилүү, бул аны кыйын кырдаалга алып келет... тынчтык үчүн, бизондор жок болгуча аларды атып, терилерин алып, сатуу зарыл",- деп Шеридан мыйзам чыгарууга аракет кылып жаткан мыйзамчыларга айтты.
Шеридан 1868-жылы өзүнүн генералына жазган катында: "Азыр өкмөт үчүн эң жакшы жол бул (уруулардын) малдарын жок кылуу менен жакырдантуу, андан кийин аларды бөлүнгөн жерлерге көчүрүү" - деп жазган.
Башка армиянын офицери, полковник Додж аңчыга мындай деген: "Колуңан келишинче, ар бир бизонду өлтүр! Ар бир өлтүрүлгөн бизон - бул бир жоголгон индеец".
Жергиликтүү уруулар эмне болуп жатканын түшүнүшкөн. Бизон атып жүргөн мергенчи Билли Диксон китебинде эскергендей, Кайова уруусунун башчысы Сатана бизондорду өлтүрүү индиялыктарды жок кыларын билген.
"Бул сүрөт керектөөчүлөр колониялык системаны алдыга жылдырган негизги күч экенин көрсөтөт", — Бетани Хьюз.
Америкалык индейлерден бизондорду тартып алганда, алар батыш армиясы түзгөн резервацияларга көчүп, ал жакта жашоого аргасыз болушкан.
Армиянын ыкмасы ишке ашты. Кайова уруусунун мүчөлөрү Оклахомадагы резервацияга көчүрүлдү. Бизондорго абдан көз каранды болгон индейлердин бою орто эсеп менен эле бир муундун ичинде 2,5сантиметрден ашык кыскарды. XX кылымдын башталышына карата алардын арасында балдардын өлүмү 16%-га өстү, ал эми бизонго азыраак көз каранды болгондорго караганда жан башына кирешеси 25%-га төмөн болду.
Бирок көп жылдар бою мергенчилер 30-60 миллион бизонду кантип өлтүрүшү мүмкүн экени талкууланды. 2018-жылы жүргүзүлгөн изилдөөдө себеп катары оорулардын жайылышы болушу мүмкүн деп болжолдонгон. Изилдөөгө ылайык, ошол мезгилде өлкөдө жайылган эки ооруу: Небраскадагы күйдүргү жана Техас менен Монтанада тараган кене лихорадкасы абдан кооптуу болуп, миллиондогон жаныбарларды жок кылууга жөндөмдүү болгон.
Бизондордун саны толук калыбына келе элек жана бул түр азыр дагы жоголуп кетүү коркунучунда турат. Соңку жылдары бизондорду Улуу түздүктөргө кайтаруу аракеттери жүрүп жатат, анткени алар талаа экосистемасы үчүн маанилүү роль ойнойт. 2023-жылы АКШ өкмөтү аларды калыбына келтирүү үчүн 25 миллион доллар бөлгөн.
Азыртадан эле кичи долбоорлор башталды: The Nature Conservancy жаратылышты коргоо уюму тарабынан багылган 1000 бизон өз жерине кайтарылды. Монтана штатында 5000 бизонду талаага кайтарып келүү пландалууда, ал эми уруулар Улуттук жапайы жаратылыш федерациясы менен бирге 250 бизонду өз жерлерине кайтарышкан.
Хьюз кошумчалагандай, бизондордун баш сөөктөрүнөн турган тоонун сүрөтүнүн мааниси убакыттын өтүшү менен жоголгон. Анын айтымында, бул сүрөт көрүүчүлөрдө өткөнгө байланыштуу кайгыны ойготот, аларды колониялык жана капиталисттик системалардын айлана-чөйрөбүзгө жана жашообузга тийгизген терс таасирлери тууралуу ойлонтот.
Мындан тышкары, бул сүрөт керектөөчүлөр колониялык системаны кандай кыймылдатканын көрсөтөт.
"Эгер сиз башка адамды же жандыкты "ресурс" катары карасаңыз, сиз өзүңүздүн адамгерчиликсиздигиңизди жана айланаңыздагы дүйнө менен гармонияда жашоо эмнени билдирерин түшүнбөгөнүңүздү көрсөтүп жатасыз." - дейт Хьюз. "Бул коомчулукка жеткирүү үчүн маанилүү кайрылуу, анткени бул тарыхый эмес, уланып жаткан маселе."