Цин империясы
Улуу Цин дөөлөтү империя | |||||||
| |||||||
---|---|---|---|---|---|---|---|
| |||||||
Борбор калаа | Мукден (1636–1644), Бээжин (1644–1912) | ||||||
Тил | кытай (ханзу), манчжур, монгол, тибет, түрк тилдери | ||||||
Дин | конфуцийлик, даоизм, буддизм | ||||||
Акча бирдиги | Күмүш лян (1644—1835), Кытайлык юань (1835—1912) | ||||||
Аянт | 14,7 млн. км² (1790-жыл) | ||||||
Калк | 383 100 000 | ||||||
Башкаруу формасы | жеке бийлик | ||||||
Сулале (династия) | Цин | ||||||
Цин сулелеси (манчжур тилинде: ᡩᠠᡳᠴᡳᠩ
ᡤᡠᡵᡠᠨ /daicing gurun (дайцин гурунь), кытайча: 清朝, Qīng Cháo (Цин чао)) – 1644-1911-ж. Кытайды бийлеген манчжур элинин төбөлдөрүнүн сулалеси (династиясы). Кытайдын түндүк-чыгышындагы жана Орусиянын Ыраакы Чыгышындагы Амур дарыясынын аймагына жакын байырлаган көчмөн манчжур элинин хандары Түндүк Кытайды басып алып, өздөрүнүн жеке бийлигин (монархиялык династиясын) орнотушкан. Андан соң Кытайдын башка аймактарын да каратып, батышта Чыгыш Түркстанга чейинки кеңири аймакты басып киришкен. Бул сулале Жуңгар хандыгын биротоло ойрон кылган. Цин сулалеси Кытайдагы акыркы монархиялык мамлекет болгон.
Цин бийлигинин соңку ордо шаары Бээжин болгон.
Синхай ыңкылабы жана Цин сулалесинин ойрон болушу
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Цин сулалесинин бийлиги 1911-жылкы Синхай революциясынан кийин, 1912-ж. 12-февралда манчжурлардын акыркы императору Пу И тактыдан баш тарткандан кийин жоюлган.
Императордун буйругуна ылайык, Юань Шикай убактылуу жумурияттык өкмөт куруу тапшырмасын алган.
Сунь Ятсен 1911-жылдын 29-декабрындагы Нанкин жыйынынын чечимине ылайык, Кытай жумуриятынын убактылуу президенти болуп шайланган. 1912-жылдын 14-февралында Сунь Ятсен бул кызматынан ыктыярдуу баш тарткан. 15-февралда Юань Шикай мырза Нанкин жыйыны тарабынан Кытайдын убактылуу президенти болуп шайланган. 1913-жылдын сентябрынан тартып Юань Шикай Кытайдын туруктуу президенти болуп калган.
1916-жылы жайында каза болгонго чейин Юань Шикай императордук бийликти калыбына келтирүү далаалатын жасаган. Ал 1914-жылдын 12-декабрында өзүн император жарыялаган. Бирок куралдуу күчтөр жумурияттык макамды чечкиндүү жактап, Юань Шикайга каршы турган. 1916-жылдын 22-мартында ал жеке бийликти кайра жокко чыгарып, өзүнүн бийлигин президенттик бийлик деп жарыялаган, бирок куралдуу күчтөр анын кызматтан кетишин талап кыла беришкен. Юань Шикай 1916-жылдын 16-июнунда каза болгон.
Жузеппе Кастильоне Цин дөөлөтүндө
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Италиялык сүрөтчү жана тарса миссионери Жузеппе Кастильоне 1688-жылы 19-июлда Милан шаарынын Сан Марчеллино (San Marcellino) бөлүгүндө туулган.
Бала чагында Bottega degli Stampatori аттуу сүрөтчүлүк студия-мектебинде окуган.
1709-жылы иезуит агымына кирген.
Кастильоненин Кытайдагы турмушу
[түзөтүү | булагын түзөтүү]1715-жылы Жузеппе Кастильоне иезуиттердин миссионери катары Ыраакы Чыгышка сапарга аттанган.
Кытайда ал “Лаң Шиниң” ( 郎世寧) ысымын алган.
Анын сүрөтчүлүк талантын жогору баалаган Цин сулалесинин императору Цяньлун (Qianlong, 1711-1799) бул италиялык өнөрпозго Бээжиндеги Юаньминъюань багында батыш стилинде аксарай куруу ишин тапшырган.
Бул сүрөтчү императордун жана анын канышасынын сүрөттөрүн да тарткан. Бирок кытайлык көркөм өнөр салтына ылайык ал императордун сүрөттөгү жүзүн көлөкөсү жок кылып тартууга тийиш болгон.
Ал Кытайдын манчжурдук Цин сулалесинин императоруна келген кыргыз элчиси императорго аргымак тартуулап жатканын да сүрөткө тарткан.
Кастильоненин калеминин таасири астында Кытайдын ак сарай сүрөтчүлөрү батыш сүрөтчүлүк өнөрүнүн элементтерин өздөштүрө баштаган.
Кытайда жергиликтүү жана европалык сүрөтчүлүк өнөрүн айкалыштырган жаңы салт калыптана баштаган.
Жузеппе Кастильоне 1766-жылы 17-июлда Бээжинде каза болгон.
Пайдаланылган айрым адабияттар:
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Чоротегин Т.К., Молдокасымов К.С. Кыргыздардын жана Кыргызстандын кыскача тарыхы: (Байыркы замандан тартып бүгүнкү күнгө чейин): Тарыхты окуп үйрөнүүчүлөр үчүн. – Бишкек, 2000. – (Краткая история кыргызов и Кыргызстана. На кыргызском языке. (ISBN 9967-00-001-5). – 160 бет.
- Yang Xin, Rihard M. Branhart, Nie Chongzheng, James Cahill, Lang Shaojun, Wu Hung. Three Thousands Years of Chinese Paintings. - Yale University Press. – Бети 282-285. – ISBN 978-0-300-07013-2.
- Кыргыз Совет Энциклопедиясы: 6 томдук / Башкы редактор А.Табалдиев, Б.Ө.Орузбаева. - Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1976-80. – Т. 1-6.
- Урстанбеков Б.У., Чороев Т.К. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк. – Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1990. – 288 бет. – (ISBN 5-89750-028-2)
- Непомнин О.Е. История Китая: Эпоха Цин. XVII – начало XX века. М.: Восточная литература, 2005. ISBN 5-02-018400-4
- Roland Kanz: Giuseppe Castiglione. In: Allgemeines Künstler-Lexikon. Die Bildenden Künstler aller Zeiten und Völker. Band 17. Saur, München und Leipzig 1997, ISBN 3-598-22757-4, S. 226.
Интернеттеги шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- http://shookum.kg/tajlak-baatyrdyn-k-mb-z/(жеткиликсиз шилтеме)
- http://maalymat.kg/index.php/kg/eldik-kabar/item/2121-kytaj-askeri-menen-kyrgyzdar-birinchi-zholu-1758-zhyly-kagylyshkan Archived 2014-10-03 at the Wayback Machine
- http://www.azattyk.mobi/a/kyrgyzstan_history/24739075.html