Субайылда Абдыкадырова
Параметр text не задан |
![](http://upload.wikimedia.org/wikipedia/ky/thumb/7/7e/%D0%90%D0%B1%D0%B4%D1%8B%D0%BA%D0%B0%D0%B4%D1%8B%D1%80%D0%BE%D0%B2%D0%B0.jpg/200px-%D0%90%D0%B1%D0%B4%D1%8B%D0%BA%D0%B0%D0%B4%D1%8B%D1%80%D0%BE%D0%B2%D0%B0.jpg)
Абдыкадырова Субайылда (9-март 1935, Жайыл району, Сары-Булак айылы - 22-апрель 2010, Бишкек) — акын, Кыргыз Республикасынын маданиятка эмгек сиңирген ишмери (1991).
Өмүр таржымалы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]1957-ж. Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институтун бүтүргөн.
1957-ж. «Ленинчил жаш» гезитинде, андан кийин «Кыргызстан аялдары» журналында, Кыргыз мамлекеттик телекөрсөтүү жана радио комитетинде, «Ала-Тоо» журналында адабий кызматкер.
1987—89-ж. «Кыргызстан маданияты» жумалыгында бөлүм башчы.
Чыгармалары
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Анын чыгармалары 1953-жылдан жарыялана баштаган. 1958-ж. 1-китеби «Жаш гвардия» басмасында орус тилинде жарык көргөн. Кыргыз тилиндеги 1-китеби — «Булак» (1959). Кийинки чыккан китептери: «Кыз кыялы» (1961), «Калыйпа» (1963), «Чырак» (1966), «Чыгыш кызы» (1969), «Аппак гүлдөр» (1972), «Алтын бешик» (1976), «Мекеним» (1979), «Өмүр күүлөрү» (1989) жана башка. Медалдар менен сыйланган.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Чүй облусу энциклопедия. Бишкек-1994-ж.
Айрым шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Субайылда Абдыкадырова(жеткиликсиз шилтеме)
СУБАЙЫЛДА АБДЫКАДЫРОВА(жеткиликсиз шилтеме)
“Эл акыны” Субайылда Абдыкадырованы эскеришти(жеткиликсиз шилтеме)