Мазмунга өтүү

Палестина мамлекети

Википедия дан

Палестина мамлекети
ар. دولة فلسطين

Герб
Туу Герб
Гимн: «Фидаи»
Эгемендүүлүк күнү 15-ноябрь 1988-жыл

Израилден)

Расмий тили араб тили
Борбор шаары Рамалла (де-факто)
Иерусалим же Чыгыш Иерусалим (де-юре)
Ири шаарлар Газа
Башкаруу формасы авторитаризмдин жана бир партиялуу системанын негизиндеги аралаш башкаруу системасы
Президент
Вице-президент
Парламенттин төрөгасы
Махмуд Аббас
Мухаммед Мустафа
Абдель Азиз Дуэйк
Мам. дини Ислам дини
Аянты
• Жалпы
• Суу бетинин %.
163-орун - дүйнөдө
6,020 км²
3.5
Калкы
• Бааланган (2023)
Жыштыгы

5,483,450 адам (121-орун)
731 ад./км²
ИДӨ (САМ)
  • Бардыгы

36,391 млрд $
ИДӨ (номинал)
  • Бардыгы
  • Ар бир жанга

18,109 млрд $
3,464 $
АДӨИ  0,715 (жогору) (106-орун)
Акча бирдиги Мисир фунту (EGP)
Жаңы израиль шекели (ILS)
Иордан динары (JOD)
Домени .ps
ISO коду PS
ЭОК коду PLE
Телефон коду +970
Убакыт аралыгы UTC +02:00

Палестина мамлекети (ар. دولة فلسطين‎ — «Да́улят Филасты́н») — Жакынкы Чыгыштагы де-юре көз карандысыз жана жарым-жартылай таанылган, түптөлүү процессиндеги мамлекет. 2024-жылдын май айынын акырына карата алынган маалыматтар боюнча Палестина мамлекетинин көз карандысыздыгын Бириккен Улуттар Уюмуна мүчө болгон 193 мамлекеттин ичинен 144 тааныган[1].

Кыргызстан — Палестина мамлекетинин көз карандысыздыгын 1995-жылдын 12-сентябрында тааныган[2].

«Палестина» аталышы — Израилдин Жер Ортолук деңизинин жээгиндеги байыркы филистимдер отурукташкан бөлүгүнүн «Филистия» (евр. ארץ פלשת) аталышан келип чыккан. Арабтар 638-жылдан бери «Палестина» атылышынын арабча формасы катары «Фаластын» сөзүн колдонуп келишет.

Британ мандаты учурунда «Палестина» аталышы мандат алдындагы аймакка бекитилген. Орто кылымдарга чейин «палестиналыктар» деп ушул аймакта отурукташкан бардык улуттардын өкүлдөрү атылып келишкен, ал эми орто кылымдарда «Палестина» деген сөздөн келип чыккан «палестиналыктар» аталышы ошол аймакта жашаган араб улуттундагы (палестина эли, палестинадагы араб эли) адамдарга карата колдонула баштаган[3][4].

1994-жылы Израиль менен Палестинанынын бошотуу уюмунун ортосундагы Осло шаарында кол коюлган келишимдин натыйжасында Иордан дарыясынын батыш жээгин жана Газа тилкесин камтыган аймакта Палестинанын улуттук администрациясы түзүлгөн.

Учурда Палестинанын улуттук администрациясы жана Израиль Иордан дарыясынын батыш жээгинин бир бөлүгүн гана көзөмөлдөйт, ал эми Газа тилкеси толугу менен ХАМАС кыймылы тарабынан көзөмөлдөнөт жана Палестинанын улуттук администрациясынан толугу менен көз каранды аймакка айландыруу пландалууда[5]. Палестинанын улуттук администрациясы Палестина мамлекетинин көз карандысыздыгын эл аралык деңгээлде таанууга умтулат[6]. «Ослодогу келишиминин» жыйынтыгы боюнча Израиль менен Палестинаны бошотуу уюму кол койгон документтерде «Palestinian Authority» («Палестина администрациясы») термини колдонулган[7].

XIX кылымдын аягында жана XX кылымдын башында, бул аймакта улутчулдук сезимдер күчөгөн жана Палестиналык араб улутчулдук көз караштары да пайда боло баштаган[8]. Палестинадагы интеллигенция көбүрөөк автономияга жана өз алдынча башкарууга чакырыктарды жасаган[9]. Бул мезгил Осмон империясынын ичинде ар кандай саясий кыймылдардын түптөлүшүнө дал келген жана жаш түрктөр кыймылдын катышуучуларынын кысымынын негизинде айрым саясий реформалар жүргүзүлгөн. Бирок бул реформалар башка топтордун каршылыгына дуушар болуп турган[10].

XX кылымдын башында сионисттик кыймыл күч алып, Палестинада жөөттөрдүн мекенин түзүүнү көздөгөн кыймылдар күч алган[11]. Жөөттөрдүн иммиграциясы күчөп, сионисттик уюмдар жергиликтүү жер ээлеринен жерлерди сатып алууну башташкан.

Осмон империясынын акыркы султаны Абдул Хамид II Палестинадагы сионисттик кыймылдын аракеттерине каршы чыккан. Осмон империясынын Палестинадагы башкаруусу Биринчи дүйнөлүк согуштун жыйынтыгы толугу менен аяктаган.

Осмон империясынын Биринчи дүйнөлүк согушта жеңилүүсүнөн кийин, 1920-жылы Палестинада Британиянын мандатын ишке ашыруу менен бул аймак толугу менен Британиянын көзөмөлүнө өткөн[12].

Физикалык жана географиялык мүнөздөмөсү

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Географиялык абалы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Азыркы Палестина мамлекети экиге бөлүнгөн — Иордан дарыясынын батыш жээги жана Газа тилкеси.

Палестина мамлекетинин карамагындагы аймактар Леванттын түштүгүндө жайгашкан.

Газа тилкеси батышынан Жер ортолук деңизинин суулары менен чулганат, түштүгүнөн Мисир, түндүгүнөн жана чыгышынан Израиль менен чектешет.

Иордан дарыясынын батыш жээги чыгышынан Иордания, түндүгүнөн, түштүгүнөн жана батышынан Израиль менен чектешет. Палестина мамлекетин түзгөн эки анклавдын бири-бири менен географиялык чек арасы жок, аларды Израиль бөлүп турат[13].

Наблус шаарынын тегерегиндеги Геризим тоосу самарийлер үчүн ыйык жер деп саналат

Газанын жээктеги түздүгү кум дөңсөлөрүнөн жана түшүмдүү кумдуу ойдуңдардан турат. Арабча куркар деп аталган, башка аймактарда кездешкен тешикчелуу акиташ, кумташтан жана башка тоо тектер жок. Ал эми Батыш жээкте жапыз тоолор басымдуулук кылат: Геризим тоосу (881м), Наби Самвил тоосу (890м) жана Скопус (826м) тоосу. Тоолордун курамы негизинен деңиз чөкмөлөрүнөн (акиташ жана доломит) турат. Бул тоо тектердин борпоң жана тешикчелүү болушу, жаан-чачын менен түшкөн суулардын чыпкалып жер астына сиңишине жол берип, көптөгөн суу сактагычтарды суулар менен камсыз кылат[14].

Палестинада абанын температурасы ысык келет. Батыш жээктеги климат негизинен Жер ортолук деңизинин климатына окшош, деңиз жээктеги климатка салыштырмалуу бир аз салкын. Батыш жээктен чыгышында Жөөт чөлүнүн көп бөлүгү жайгашкан жана климаты кургак жана ысык деп мүнөздөлөт. Жансыз деңиздин батыш жээги планетадага ысык жерлердин бири болуп саналат. Газаданын климаты ысык жарым кургак, кышы жумшак жана жайкысы ысык болот.

Жаз март–апрель айларында туура келет, эң ысык айлары июль жана август, орточо жогорку температурасы 33 °C. Эң суук айы январь, орточо төмөнкү температурасы 7 °C. Жаан-чачын аз жана адатта ноябрь жана март айларынын ортосунда жаайт, жылдык жаан-чачындын көлөмү болжол менен 116 мм[15].

Суу ресурстары (гидрология)

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Иордан дарыясы

Иордан дарыясы Палестинадагы эң чоң дарыя болуп саналат. Жакынкы Чыгыштын Жердин достору уюмунун билдирүүсүнө ылайык, бул дарыянын 96% таза суусу Израиль, Иордания жана Сирия тарабынан тиричилик үчүн колдонуу максатында каналдар же түтүктөр менен башка жактарга бурулуп кетет. Акыркы жылдары тазаланбаган агынды суулардын дарыяга куюуушунун көлөмү тез өсүп жатат[16].

Жансыз деңиздин жээгинде Палестинанын эң төмөнкү чекити жайгашкан

Жансыз деңиз Палестинадагы эң чоң көл[17].

Арабча вади деп аталган бир катар кыска мөөнөттө аккан сайлар Иордан дарыясына же Жансыз деңизге батыш жээги аркылуу куят, анын ичинде Вади Ог, Вади Фаррах жана Вади Келт сайлары. Хадера агымы жана Вади Кабибага сайы Израилдин аймагы аркылуу Жер ортолук деңизине куят[18].

Флора жана фауна

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Палестинада расмий түрдө улуттук парктар же корголуучу аймактар жок. Бирок Батыш жээкте экологиялык жана маданий мааниге ээ деп эсептелген жана жаратылышты коргоо боюнча иш-аракеттерге байланыштуу аймактар бар. Бул аймактар көбүнчө жаратылыш коруктары же корголуучу аймактар деп аталып келет. Батыш жээктеги Иерихон шаарынан алыс эмес аралыкта Вади-эль-Келт деп аталган уникалдуу флорасы жана фаунасы бар чөлдүү коругу жайгашкан. Корук өзүнүн татаал пейзаждары, табигый булактары жана Ыйык Георгий Хозевиттин монастыры сыяктуу тарыхый жайлары менен белгилүү[19]. Бул аймактын биологиялык ар түрдүүлүгүн жана табигый кооздугун коргоого аракеттер жасалууда[20]. Бул чөлдүү аймактарда төөлөр кеңири тараган.

Саясий түзүлүшү

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Ясир Арафаттын күмбөзү
Махмуд Аббас (президент)
Мухаммед Мустафа (премьер-министр)

Палестинада жарым-жартылай президенттик башкаруу системасы иштейт[21].

Палестина мамлекетинин негизги документи — Палестинанын көз карандысыздык декларациясы[22].

Өлкөнүн саясий түзүмү Палестинаны боштондукка чыгаруу уюмуна (ПБО) мүчө болгон мекемелерден жана кызматтык орундардан турат, анын ичинде Палестина мамлекетинин президенти[23], Палестинанын Борбордук Кеңеши тарабынан дайындалган[24] Палестина улуттук кеңеши жана Палестинаны боштондукка чыгаруу уюмунун аткаруу комитети – тышта жүргөн Өкмөттүн функцияларын аткарат.

Палестинанын башкаруу тутуму эки географиялык топко бөлүнөт. Иордан дарыясынын батыш жээгиндеги аймактар Палестина улуттук автономиясы тарабынан башкарылат жана Газа тилкесиндеги Палестинанын аймактары ХАМАСтын көзөмөлүндө.

Административдик-аймактык түзүлүшү

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Палестинанын провинциялары
Палестинанын аймагындагы Израилдин калктуу конуштары

Жарым-жартылай таанылган Палестина Мамлекети (же Палестинанын улуттук администрациясы) 16 мухафазадан (ар. محافظة‎ — мухафаза) турат: Иордан дарыясынын батыш жээгинде 11 жана Газа тилкесинде 5 мухафазалары жайгашкан. Газа тилкеси де-факто ХАМАС террордук уюмунун башкаруусунун алдында.

Аталышы Аянты (км2)[25] Калкынын саны Калкынын жыштыгы (адам/км2) Мухафазанын административдик борбору
Женин 583 311,231 533,8 Женин
Тубас 402 64,719 161,0 Тубас
Тулькарм 246 182,053 740,0 Тулькарм
Наблус 605 380,961 629,7 Наблус
Калькилия 166 110,800 667,5 Калькилия
Сальфит 204 70,727 346,7 Сальфит
Рамалла жана эль-Бира 855 348,110 407,1 Рамалла
Иерихон 593 52,154 87,9 Иерихон
Иерусалим 345 419,108 1214,8 Иерусалим
Вифлеем 659 216,114 927,9 Вифлеем
Хеврон 997 706,508 708,6 Хеврон
Түндүк Газа 61 362,772 5947,1 Жебалия
Газа 74 625,824 8457,1 Газа
Дейр-эль-Балах 58 264,455 4559,6 Дейр-эль-Балах
Хан-Юнис 108 341,393 3161,0 Хан-Юнис
Рафах 64 225,538 3524,0 Рафах

2021-жылдын 26-майына карата Палестинанын статистикалык борборунун маалыматы боюнча, Палестина мамлекетинин 2021-жылдагы калкынын саны 5 227 193 адам болгон[26]. 2017-жылга карата дүйнөдөгү орточо калктын жыштыгы бир чарчы километрге 25 адам болгон, ал эми Палестинадагы бир чарчы километрдеги калктын жыштыгы 827 адам болуп, дүйнөдөгү эң калк жыш отурукташкан аймактардын бири кылат[27].

Палестинанын шаарларынын калкынын саны[26]:

  • Женин — 311,231
  • Тубас — 64,719
  • Тулькарм — 182,053
  • Наблус — 380,961
  • Калькилия — 110,8
  • Сальфит — 70,727
  • Рамалла — 348,11
  • Иерихон — 52,154
  • Иерусалим — 419,108
  • Вифлеем — 216,114
  • Хеврон — 706,508
  • Жебалия — 362,772
  • Газа — 625,824
  • Дейр-эль-Балах — 264,455
  • Хан-Юнис — 341,393
  • Рафах — 225,538

Өлкө диний мааниси жана көптөгөн ыйык жерлердин мекени болуп саналат, дин өлкөнүн коомчулугун жана маданиятын калыптандырууда маанилүү ролду ойнойт. Ыйык жер деп эсептелген жердин бир бөлүгүн дагы өз курамына камтыйт. Палестинанын баш мыйзамда Ислам расмий дин деп айтылат, бирок башка диндерди урматтоого чакырып, дин тутуу эркиндигин да кепилдейт[28].

  1. БУУ. Палестина мамлекетинин көз карандысыздыгын тааныган, Бириккен Улуттар Уюмуна мүчө болгон мамлекеттер.(жеткиликсиз шилтеме)
  2. Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлиги. КР дипломатиялык мамиле түзгөн өлкөлөрдүн тизмеси.
  3. Палестина идентификациясы.
  4. Иерусулимдин хроникасы. Палестиналык Шарон.
  5. Комерчантъ. Газа тилкеси бөлүнүүгө даярданууда.
  6. Лента.ру. Аббас Палестинаны таануу боюнча БУУга арыз жиберди.
  7. Израилдин тышкы иштер министирлиги. Ыйгарым укуктар жана жоопкерчиликтер боюнча макулдашуу.
  8. Daily Sabah. 400 жылдык тынчтык: Палестина Осмон империясынын бийлиги астында.
  9. Jewish Virtual Library. Осмон Империясынын мезгили (1517-1917).
  10. Britannica. Жаш түрктөр.
  11. Hystory. Осмон империясынын кулашынын алты себеби.
  12. The Palestine Chronicle. Палестинадагы Осмон империясынан калган элестер.
  13. БУУ. Өлкөлөр жана аймактар.
  14. Palestine & Palestinians. Beit Sahour, Palestine: Alternative Tourism Group. 2008. p. 18. ISBN 978-9950-319-01-1.
  15. Газа тилкесиндеги айлык орточо аба температурасынын көрсөткүчтөрү.
  16. Иордан дарыясын калыбына келтирүү иш-чаралары.
  17. Zertal, Adam (2004). The Manasseh Hill Country Survey: The Shechem Syncline. BRILL. p. 36. ISBN 978-9004137561
  18. Жакынкы Чыгыштын жана Түндүк Африканын суу булактары.
  19. Ыйык Георгий Хозевиттин монастыры.
  20. Вади-эль-Келт коругу.
  21. Square Pegs and Round Holes: The Story of the Palestinian Political System
  22. Declaration of Independence (1988) (UN Doc)
  23. Comunicado Conjunto para Establecimiento Relaciones Diplomaticas entre la Republica Dominican y el Estado de Palestina
  24. PLO Body Elects Abbas 'President of Palestine'
  25. GeoHive. The State of Palestine
  26. 26.0 26.1 Estimated Population in the Palestine Mid-Year by Governorate,1997-2026
  27. Which countries are most densely populated?
  28. Amid conflict, Samaritans keep unique identity

Тышкы шилтемелер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]