Мазмунга өтүү

Кош бойлуулук

Википедия дан
Кош бойлуулук
William Hunter, Anatomia uteri humani gravidi tabulis illustrata, 1774

Кош бойлуулук (латын тилинен graviditas) — аялдын организминде боюна бүткөндөн тартып төрөлгөнгө чейин түйүлдүктүн өөрчүшү менен мүнөздөлгөн физиологиялык процесс. Ал орто эсеп менен 40 жумага же 280 күнгө созулат.

Аял бойго бүтүүнүн алгачкы белгилери (этек кири токтойт, кээде кускусу келип, башы айланат) пайда болгондо аялдар консультациясына кайрылуусу зарыл. Бул догдур боюна бүтүүнүн так мөөнөтүн жана төрөгөнгө чейинки отпускасын туура аныктоого жардам берет.

Жатын түтүгүндө уруктанган жумуртка клеткасы жатынды карай жылат. Ал жылып келатып назик түкчөлөр менен капталган көп клеткалуу түйүлдүккө айланат. Түкчөлөрү менен жатындын былжыр челине жабышат. Ошондон баштап кош бойлуу аялдын организминде айрым системалардын иши өзгөрө баштайт. Түйүлдүктүн бекиген жериндеги түкчөлөрү жыш өсүп, алардан киндик аркылуу түйүлдүк менен туташкан баланын тону пайда болот.

Ал аркылуу түйүлдүк киндик кан тамырлары боюнча энеден азык зат, кычкылтек алып, зат алмашуунун продуктуларын чыгарып турат. Жатын түтүгүнүн ар кандай ооруларында жумуртка клеткалары жылбай жатын түтүгүнө жабышып калышы мүмкүн (Жатындан тышкары бойго бүтүү).

Кош бойлуу кезде борбордук нерв системасында озгөрүүлор жүрүп, ошондон улам жатын булчуңун бошоңдотуучу жүлүндүн козголгучтугу төмөндөп, жатынды тынч абалга келтирет. Жаңы ички секреция бези пайда болуп, кош бойлуулукка жардам берүүчү гормон иштеп чыгарат. Баланын орду чыгарган гормон эмчек безинин чоңоюшуна таасир этет.

Жатын бир кыйла чоңоёт, баланын ордуна кан жеткирүүчү кан тамырлар көбөйүп, дем алуу тереңдейт, жүрөктүн жыйрылуу жөндөмү күчөп, маанилүү органдарга, жатынга канды тез жеткирет. Бөйрөк эненин гана эмес, түйүлдүктүн да зат алмашуу продуктусун бөлүп чыгаргандыктан күчөп иштейт, кан көбөйүп, кан тамырлар кеңеет, газ алмашуу күчөйт. Ушуга байланыштуу кош бойлуу аялдын организминде органдар менен системалардын кадимкидей иштешин камсыздоо жана түйүлдүктүн өөрчүшүнө жагымдуу шарт болуу үчүн керектүү азык зат менен кычкылтек көбүрөөк талап кылынат.

Бойго бүткөндөн кийинки алгачкы жумаларда кош бойлуу аялдын ден соолугу жана жүрүш-турушу түйүлдүктүн андан ары өөрчүшү жана болочок баланын ден соолугу үчүн чоң мааниге ээ. Кош бойлуунун түрдүү оорулар (кургак учук, сасык тумо, кызыл жүгүрүк, ангина, кант диабети, аз кандуулук, боор, бөйрөк, жүрөк-кан тамыр системасы жабыркаса жана башка) менен ооруп калышы, туура эмес тамактануусу, догдурдун уруксатысыз дарыларды кабыл алуу, тамеки тартуу, алкоголь ичкиликтерин ичүү кош бойлуулукка жана түйүлдүккө чоң зыян келтирет. Эгер аялдын организминде кандайдыр өзгөрүүлөр болсо кош бойлуулук кабылдап, аял адегенде кусуп, көңүлү чөгөт, кийинчерээк кан басымы көтөрүлүп, ак шишик басат (к. Талгак). Мындай кабылдоодон бойдон түшүп калышы, ара төрөө, өлүү төрөө мүмкүн.

Кабылдаган кош бойлуулук жана түйүлдүктүн өөрчүшүнүн бузулушу, балдардын өлүү төрөлүшүнө же төрөлгөндөн кийин эрте өлүп калышына, ошондой эле бир жашка чейинки балдардын оорукчан болушуна алып келет. Кош бойлуулукту кабылдоодон алдын алуу үчүн аялдар этек кири келбей калганда догдурга эрте кайрылуусу тийиш.

Жалпы түшүнүктөр

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кош бойлуулук жумурткадан чыккан энелик клетканы сперматозоид уруктандырганда пайда болот. Андан кийин уруктанган жумуртка жатынга түшүп, анда түйүлдүк жатын керегесине жабышат. Түйүлдүктүн жатын керегесине ийгиликтүү жабышса, кош бойлуулукка алып келет.

Кош бойлуулук орточо эсеп менен 40 жумага созулат. Кош бойлуулукка таасир этүүчү көптөгөн факторлор бар. Кош бойлуулуктун диагнозу эрте коюлуп, төрөткө чейинки жардам алган аялдардын бойкаттыгы саламат болуп, ден соолугу чың бала төрөшү көбүрөк ыктымал.

Кош бойлуулук кезинде кандай өзгөрүүлөр болорун билүү аялдын дагы, баланын дагы ден-соолугун көзөмөлдөө үчүн зарыл.

Фертильдүүлүк жана тукумдуулук - бул уруктандыруу, клиникалык бойго бүтүүнү орнотуу жана тирүү төрөлүү жөндөмдүүлүгүнө тийиштүү жөндөмдөр.[1][2] Тукумсуздук - бул клиникалык бойго бүтүүнү орнотуу жөндөмдүүлүгүнүн бузулушу, ал эми боюна бүтпөө - бул клиникалык бойго бүтүүнү орнотууга туруктуу жөндөмсүздүк.[3]

Орточо фертильдүүлүк 30 жаштан 32 жашка чейинки куракта төмөндөй баштайт.[4] 30 жашта аялдын орточо ай сайын бойго бүтүү мүмкүнчүлүгү болжол менен 20% түзөт.[5][6]

Бойго бүтүү жөндөмдүүлүгү репродуктивдик системадан, анын өнүгүшүнөн жана анын өзгөрүүлөрүнөн, ошондой эле адамдын абалынан көз каранды. Аялдар, ошондой эле интерсексуалдар жана трансгендерлер, алардын репродуктивдик системасы аялдык функцияга ээ болгондор бойго бүтүү жөндөмдүүлүгүнө ээ. Кээ бир учурларда кимдир бирөө уруктана турган жумуртка өндүрүп, бирок жетишээрлик деңгээлде бойго бүткөн жатын болбосо же такыр жок болсо, ал суррогаттык энеликке кайрыла алат.[7]

Уруктандыруу (боёшуу) кээде боюна бүтүрүүнүн башталышы катары колдонулат, анын өндүрүлгөн жашы уруктандыруу курагы деп аталат.[8] Уруктандыруу, адатта, кийинки күтүлгөн менструациядан болжол менен эки жума мурун болуп өтөт.

Эпидемиология

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2012-жылы болжол менен 213 миллион боюна бүтүрүү болгон, алардын ичинен 190 миллиону өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө жана 23 миллиону өнүккөн өлкөлөрдө болгон.[9] Бул болжол менен 1000 аялга (15-44 жаш курактагы) 133 боюна бүтүрүүгө туура келет. Орто эсеп менен 10-15% аныкталган боюна бүтүрүүлөр түшүп калуу менен аяктайт. Дүйнө жүзү боюнча төрөттөрдүн 44% пландалбаган. Пландалбаган боюна бүтүрүүлөрдүн жарымынан көбүрөөк (56%) үзүлөт. Энелердин жашоосу коркунучка кабылган учурларда гана жүргүзүлгөн же тыюу салынган аборттор жүргүзүлгөн өлкөлөрдө пландалбаган боюна бүтүрүүлөрдүн 48% мыйзамсыз үзүлөт. Мыйзам боюнча уруксат берилген өлкөлөрдөгү көрсөткүч 69% ды түзөт.[10]

Кош бойлуулуктун жышаандары

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кош бойлуулук боюнча тест тапшырардан мурда деле айрым белгилерди жана жышаандарды байкаса болот. Башкалары бир нече жумадан кийин, гормондордун деңгээли өзгөргөндө пайда болот.

  • Этек кирдин келишинин бузулушу

Этек кирдин кечигиши – кош бойлуулуктун алгачкы жышаандарынын бири. Бирок этек кирдин үзгүлтүккө учурашы, айрыкча ал байма-бай жана өз убагында келбесе, кош бойлуу экениңизди билдирбейт. Кош бойлуулуктан тышкары, айыздын кечигишине же өтүп кетишине алып келүүчү көптөгөн илдеттер бар.

  • Баш оору

Баш оору көбүнчө кош бойлуулуктун алгачкы күндөрүндө пайда болот. Буга адатта гормондордун деңгээлинин өзгөрүшү жана кандын көбөйүшү себеп болот. Эгерде баш оору токтобосо же катуу ооруса, анда доктурга кайрылуу абзел.

  • Кандуу суюктуктун чыгышы

Кээ бир аялдар кош бойлуу болгон алгачкы күндөрдө бир аз кан кетип же кандуу суюктук бөлүнүп чыгышы мүмкүн. Мындай кан кетүү көбүнчө түйүлдүктүн жатын керегесине жабышуусунун (имплантациянын) натыйжасы болуп саналат. Адатта уруктангандан бир-эки жумадан кийин түйүлдүк жатын керегесине жабышат.

Кош бойлуулуктун алгачкы күндөрүндө кан кетүү жугуштуу оорунун же көбүнчө жатын моюнчасынын бетин мертинтет (кош бойлуулук учурунда ал өтө сезимтал болот).

Кээде кан кетүү да бойдон түшүү, жатындын сыртында бүтүп калуу же тондун туура эмес жайгашышы сыяктуу кош бойлуулуктун олуттуу оорлошуусу тууралуу кабар бериши ыктымал.

  • Салмактын оорлошуусу

Кош бойлуулуктун алгачкы бир нече айында салмагыӊыз 1 килограммдан 3 килограммга чейин оорлошу мүмкүн. Салмактын өсүшү экинчи үч айлыктын башталышында кыйла айкын байкалат.

  • Кош бойлуулукка байланышкан гипертензия (кан басымдын жогорулашы)

Жогорку кан басым же гипертония кээде кош бойлуу кезде пайда болот. Бир катар факторлор, анын ичинде: ашыкча салмак же семирүү, тамеки чегүү, кош бойлуулук пайда кылган анамнезде же үй-бүлөлүк анамнезде гипертензиянын болушу тобокелдикти күчөтүшү мүмкүн.

  • Зарна

Кош бойлуулук учурунда бөлүнүп чыккан гормондор кээде ашказан менен кызыл өңгөчтүн ортосундагы клапанды бошоңдотушу мүмкүн. Ашказан кычкылы сыртка чыкканда, ал зарнага алып келиши ыктымал.

  • Ич катуу

Кош бойлуулуктун алгачкы айларындагы гормоналдык өзгөрүүлөр тамак сиңирүү тутумунун ишин жайлатат. Натыйжада, ичиңиз катышы мүмкүн.

  • Карышуу

Жатындын булчуңдары чоюлуп, кеңее баштаганда, этек кирдин келишин эске салган тартылууну сезесиз. Эгерде карышуу менен кошо кандуу суюктук же кан кетсе, анда бул бойдон түшүп калуу же жатындын сыртына бүткөн кош бойлуулук жөнүндө кабар бериши мүмкүн.

  • Бел оору

Гормондор жана булчуңдарга күч келиши кош бойлуулуктун алгачкы айларында белдин оорушунун негизги себеби болуп саналат. Кийинчерээк салмактын жогорулашы жана оордук борборунун жылышуусу белдин оорушун күчөтүшү мүмкүн. Кош бойлуу аялдардын жарымына жакыны кош бойлуу кезинде бели ооругандыгын айтышат.

  • Аз кандуулук

Кош бойлуу аялдардын башы айланса, бул аз кандуулуктан кабар бериши ыктымал. Бул абал баланын эрте төрөлүшүнө жана салмагынын аз болушуна алып келиши мүмкүн. Перинаталдык жардам адатта аз кандуулукту текшерүүнү камтыйт.

  • Жабыгуу (депрессия)

Баардык кош бойлуу аялдардын 14-23 пайызы кош бойлуу учурунда жабыгышат. Буга көптөгөн биологиялык жана эмоционалдык өзгөрүүлөр түрткү болушу мүмкүн.

  • Уйкусуздук

Кош бойлуулуктун алгачкы айларындагы дагы бир белгиси – уйкусуздук. Буга стресс, тулку-бойлук ыңгайсыздык жана гормоналдык өзгөрүүлөр себеп болушу мүмкүн. Тең салмактуу тамактануу, убагында жатуу, йога жана керилип-чоюлуу уйкунун канышына жардам берет.

  • Кусуу

Кусуу – бул адатта алгачкы төрт айда көп байкалуучу жышаан. Эртең менен көңүлү айланса, бул көбүнчө аялдын боюна бүткөндүгүнүн биринчи белгиси болуп саналат. Буга кош бойлуулуктун алгачкы мезгилинде гормондордун деңгээлинин жогорулашы себеп болот.

Кош бойлуулуктун баскычтары

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кош бойлуулуктун апталары үч үч айлыкка топтоштурулуп, ар бири эне жана бала үчүн медициналык баскычтардан турат.

Биринчи үч айлык

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бала биринчи үч айлыкта (1ден 12 жумага чейин) тез өсөт. Күмөн мээсин, жүлүнүн жана органдарын өөрчүтө баштайт. Ымыркайдын жүрөгү да сого баштайт.

Биринчи үч айлыкта бойдон түшүп калуу ыктымалдыгы кыйла жогору. Америка акушерлер жана гинекологдор колледжинин (ACOG) маалыматы боюнча, ар бир он кош бойлуудан биринин боюнан түшөт, алардын 85%га жакыны биринчи үч айлыкка туура келет.

Экинчи үч айлык

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кош бойлуулуктун экинчи үч айлыгында (13төн 27 жумага чейин) дарыгер күмөндү ультра добуш сканеринен өткөрөт. Бул тест күмөндүн өсүшүндөгү кандайдыр бир ченемге туура келбеген көрүнүштөрдү текшерет. Эгерде сиз бала төрөлө электе билгиңиз келсе, тесттин жыйынтыгы менен баланын жынысын аныктаса болот.

Аял баланын жатынынын ичинде кыймылдап, тээп, уруп жаткандыгын сезе баштайт.

23 жумадан кийин курсактагы ымыркай «жашоого жөндөмдүү» деп эсептелет. Демек, ал туулса, жашап кете алат. Мындай эрте төрөлгөн ымыркайлар ден соолугуна байланышкан олуттуу көйгөйлөргө дуушар болушат. Аял канчалык боюнда узак көтөрсө, бала ошончолук дени сак төрөлүү мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Үчүнчү үч айлык

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Үчүнчү үч айлыкта (28-40 жума) аялдын салмак кошуусу тездеп, өзүн чарчаңкы сезет.

Бала эми жарыкты сезип, көзүн ачып-жума алат. Алардын сөөктөрү да калыптанат. Төрөт жакындаган сайын аял жамбашынан ыңгайсыздыкты сезип, буттары шишип кетиши мүмкүн. Брэкстон-Хикс толгоосу деп аталган, төрөткө алып келбей турган толгоолор төрөттөн бир нече жума мурда башталышы ыктымал.

Кош бойлуулукту текшерүүчү тесттер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Үйдө кош бойлуулукту текшерүү үчүн айыз келбей калган биринчи күндөн кийинки тест өтө так көрсөтөт. Эгерде андай тестте оң жыйынтык чыкса, анда дароо дарыгердин кабыл алуусуна жазылуу керек. УДИ аркылуу кош бойлуу экениңизди тастыктап, датасын аныктай аласыз.

Кош бойлуулук адамдын организминдеги хорионикалык гонадотропиндин (АХГ) деңгээлин өлчөө менен аныкталат. Кош бойлуулук гормону деп да аталган АХГ түйүлдүк жатын керегесине жабышкан учурда пайда болот. Бирок аны айызыңыз келбей калгандан кийин гана биле аласыз. Айыздын учуру өтүп кеткен соң АХГ деңгээли тез көтөрүлөт.

АХГ заара же же кан анализинин натыйжасында аныкталат. АХГ кан анализдери үйдө текшерүүдөй эле кош бойлуулукту так аныктайт. Айырмасы, кан анализин овуляциядан алты күн өткөндөн кийин эле тапшырса болот. Кош бойлуу экениңизди канчалык тез аныктасаңыз, ошончо жакшы. Эрте диагноз коюу балаңыздын ден соолугуна мыкты кам көрүүгө жардам берет.

Кош бойлуулук организмди көптөгөн өзгөрүүлөргө дуушар кылат, бирок бул өзгөрүүлөр дайым эле аялдын ден соолугуна олуттуу таасирин тийгизе бербейт. Бирок жашоо таризи баланын өсүшүнө жардам бериши же зыян келтириши мүмкүн.

Аялдын жана баланын ден соолугун сактай турган иш-аракеттерге төмөнкүлөр кирет:

  • түрдүү витаминдерди ичүү
  • уйкуну кандыруу
  • жыныстык катнашта этияттануу
  • сасык тумоого каршы эмдөө
  • тиш доктурга баруу

Жасоого болбой турган нерселер:

  • тамеки тартуу
  • спирт ичимдиктерин ичүү
  • чийки этти, чүйгүн этти же пастерленбеген сүт азыктарын жеш
  • гидроукалоочу ваннада же саунада отуруу

Дары-дармектер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кош бойлуулук учурунда кайсы дары-дармектерди ичип, кайсынысын ичпөө керектигин аныктоо кээде кыйын болот. Баш оору сыяктуу анча катуу эмес, ал тургай, рецептсиз ичилүүчү дары-дармектер жөнүндө да дарыгерден сураганыңыз оң.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8
  1. Fertility and infertility: Definition and epidemiology. dial.uclouvain.be. Текшерилген күнү 29 -август (баш оона) 2024.
  2. Fertility and causes of infertility. www.tommys.org. Текшерилген күнү 29 -август (баш оона) 2024.
  3. The International Glossary on Infertility and Fertility Care, 2017. www.fertstert.org. Текшерилген күнү 29 -август (баш оона) 2024.
  4. Your Chances of Getting Pregnant at Every Age. www.parents.com. Текшерилген күнү 29 -август (баш оона) 2024.
  5. What are your chances of getting pregnant at different ages?. www.babycenter.com. Текшерилген күнү 29 -август (баш оона) 2024.
  6. Fertility. conceiveplus.asia. Текшерилген күнү 29 -август (баш оона) 2024.
  7. Fertility 101. www.fertilityiq.com. Текшерилген күнү 29 -август (баш оона) 2024.
  8. What is Fertilization?. www.allthescience.org. Текшерилген күнү 29 -август (баш оона) 2024.
  9. Intended and Unintended Pregnancies Worldwide in 2012 and Recent Trends. www.ncbi.nlm.nih.gov. Текшерилген күнү 29 -август (баш оона) 2024.
  10. Global, regional, and subregional trends in unintended pregnancy and its outcomes from 1990 to 2014: estimates from a Bayesian hierarchical model. www.ncbi.nlm.nih.gov. Текшерилген күнү 29 -август (баш оона) 2024.

Тышкы шилтемелер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]