Гравюра
Гравюра (французча graveure – оюп чегүү дегенден) – көркөм искусстводо – тактанын бетинде оюлуп чегилген көркөм искусство чыгармаларын өз ичине камтыган графиканын бир бөлүгү. Графиканын бул бөлүгүнө тиешелүү өзүнчө көркөм өнөр чыгармасы Г. деп аталат. Өткөн мезгилдерде иштин оюлуп жасалуучу техникалык бөлүгү атайын усталар тарабынан аткарылган. Тактаны тазалоодон баштап, бүт иш сүрөтчүнүн өз колу менен аткарылса, түп нускадагы Г. деп аталат. Репродукциялык Г. XV–XVI кылымда Европада пайда болгон. Ал адатта живопись чыгармаларын ар кандай деңгээлдеги тактыкта жана толукта кайталайт. Эски Г-да аткаруучулардын төмөнкүдөй белгилер менен берилиши кездешет: нусканы кайра иштеп чыккан автор «pinx», «pinxit» – жазган, тарткан; сүрөтчү «del delineavit» – тарткан; гравер үчүн – «sc» (sculipsit) – басма үчүн кескен, чеккен – «imp» (impessit) же «exc» (excudit) — даярдаган, аткарган. Керектөө зарылдыгы боюнча Г. негизинен өз алдынча жашап кетүүгө эсептелген, станоктун жана китептик болуп бөлүнөт. Эстамп менен салыштыргыла. Г-ны аткаруунун негизги баскычтары: кагаздын бетинде даярдалган сүрөттү тактанын бетине которуп түшүрүү, гравирлөө жана басмалоо. Г. техникасынын түрлөрү негизинен гравирлөө ыкмасына карай (т. а., химиялык каражаттар же металл шаймандардын жардамы менен тактанын бетине терең чекмелер же тегиз эмес бир нерсени чекмелөө) ар түрдүүчө ажыратылат. Мындай ыкмалар көп: Кесилме гравюра, Меццо-тинто, Кургак ийне, Офорт, Жумшак жалтыратуу. Акватинта, Карандаш манерасында, Пунктир манерасы, Резерваж, Лавис, Күкүрт түсү, Ксилография, Линогравюра, Таштагы гравюра жана башка Г-нын негизги материалдары – металл (коло, цинк, болот), жыгач (самшит, пальма, алмурут жана башкалар), линолеум. Г. тактасынын үстүн тазалап даярдоо механикалык каражаттардын, башкача айтканда металлдан жасалган шаймандардын жардамы менен жүргүзүлөт. Алар: штихель, чегүүчү ийне, атайын бычак, качалка, шабер жана башка же кислота менен күйгүзүү жолу. Кээде механикалык ыкмадагы тазалап даярдоону Г. техникасы деп аташат, ал эми кеңири маанисинде – химиялык ыкмалар офорттун өз алдынча тармагы катары колдонулат. Иштелип бүткөн тактанын үстүндөгү оюлмалар басылманын ак бөлүктөрүнө дал келсе Г. томпок, ал эми кара бөлүктөрүнө туш келсе тереңдетилген Г. деп аталат. Түстүк Г. жарык шаңын негизги көркөм каражат катары пайдаланат; жарык шаңы тыгыз жайгашкан ичке линиялар – штрихтер менен аткарылат жана бул линияларды бул же тигил жарык күчтөрүнүн тондук боёгунда жалпы жонунан кабыл алууга эсептелинген.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргыз сүрөт искусствосу: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. -Б.:, 2004