Аялдардын укуктары
Аялдардын укуктары – адамдын жалпы укуктары, ошондой эле аялдардын биологиялык өзгөчөлүктөрү, социалдык жана үй-бүлөлүк статусу менен шартталган укуктары менен эркиндиктеринин жыйындысы. 1945-жылдан кийин А. у. Эл-аралык-укуктук жөнгө салуунун маанилүү объектилеринин бири болуп калды (аялдардын абалына тийешелүү бир катар атайын конвенциялар кабыл алынды). Аялдардын укуктары – ар бир аялга, кызга жарандыгына, жаш курагына, расасына, этникалык жана диний өзгөчөлүгүнө карабай туулгандан тарта таандык жана тартып алгыс укуктар.
Кээ бир өлкөлөрдө бул укуктар мыйзам, жергиликтүү үрп-адат жана жүрүм-турум менен институтташтырылган же колдоого алынат, ал эми башкаларында алар этибарга алынбайт жана басылышат.
Көбүнчө аялдардын укуктары жөнүндөгү түшүнүктөр менен байланышкан маселелерге дененин бүтүндүгүн жана өз алдынчалуулугун, сексуалдык зомбулуктан эркин болуу, добуш берүү, мамлекеттик кызматтарды ээлөө, мыйзамдуу келишимдерди түзүү, үй-бүлөлүк укукта бирдей укуктарга ээ болуу, иштөө, адилет эмгек акы же бирдей акы алуу, репродуктивдүү укуктарга ээ болуу, менчикке ээ болуу жана билим алуу кирет.[1]
Тарыхы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Байыркы Шумерияда аялдар мүлк сатып алууга, мүлккө ээлик кылууга, сатууга жана мурастоого укуктуу болушкан деген маалымат бар.[2] Алар соода менен алектенип жана сотто күбө катары көрсөтмө бере алышкан.
Байыркы Мысырда аялдар ал учурдагы башка көптөгөн өнүккөн цивилизациялардагы аялдарга, мисалы, байыркы Греция жана Римдеги аялдарга салыштырмалуу бийик статуста болушкан. Мысырдык аялдар мурас калтырууда эркектер менен тең укуктуу болуп эсептелген, согуштан бөлөк учурларда өлкөдө кыймыл эркиндигине ээ болушкан, келишим түзүүгө, сотторго катышууга, бирөөнү сотко берүүгө, балдарды өз наамына каттоого укуктуу болушкан. Птолемей доорунун тушунда Мысырда жашаган жана күйөөсүнөн көз каранды грек аялдары мысырдык аялдардын өз алдынчалыгына, эркиндигине суктанышкан деп айтылат.[3]
Байыркы Афиныда аялдардын укуктары кыйла чектелүү болгон. Алар үчүн көп тармактар кол жеткис болгон, аларга жетүүгө умтулган аялдар коомдук кескин сын-пикирлерге дуушар болушкан.[4]
Батыш Европадагы аялдар үчүн никеге туруу менен башталып, никени токтотуу менен аяктаган өзгөчө жөндөмсүздүк иштелип чыккан. Англис укугунда турмушка чыккан аял өзүнүн укуктук жекелигин таптакыр жоготкон, күйөө-аял бир адам деп саналган, ал адам – күйөө. Күйөөсү аялы менен келишим түзө алган эмес, аялынын турмушка чыга элек кезиндеги карыздары күйөөнүн карызына айланган, аял турмушка чыгары менен анын керээзи жокко чыгып, бардык кыймылдуу мүлкү күйөөсүнүн менчиги деп таанылган. Аял өз алдынча келишим түзө алган эмес, күйөөсүнүн макулдугу менен түзүлгөн келишимге аял эмес, күйөөсү жоопкер болгон. 1882-жылы гана Улуу Британиядагы аялдар мүлккө ортомчусуз ээлик кылуу жана керээз калтыруу укугуна ээ болушту.[5]
АКШнын биринчи болуп Миссисипи штаты 1839-жылы никелүү аялдын жеке менчикке болгон укугу жөнүндө мыйзам кабыл алып, артынан башка штаттар да кабыл ала башташкан.[6] Ушундай эле мыйзамды Швеция 1874-жылы кабыл алды.[7]
Германия күйөөсү аялынын никеге чейинки мүлктөрүнө ээлик кылуусун токтотуп, никеден кийин табылган мүлктөрдү экөөсүнүн жалпы мүлкү деп тааный турган мыйзамды 1957-жылы кабыл алган.[8]
АКШда 1963-жылдан баштап бирдей эмгек маяна, эмгек акы чөйрөсүндө жыныс белгисине карап дискриминациялоого тыюу салуу жөнүндө мыйзам иштеп баштаган. 1968-жылы турак жай курулушунда жыныстардын бирдейлиги, 1974-жылы аялдардын билим алуудагы теңдиги, 1975-жылы насыялоо ишинде бирдей мүмкүнчүлүктөр жөнүндө мыйзамдар кабыл алынган.[9]
Медициналык көрсөтмөсүз абортторго Улуу Британияда 1967-жылы, АКШда 1973-жылы, Францияда 1979-жылы уруксат берилген.
1917-жылдагы Октябрь революциясы Россияда аялдардын абалынын терең жана бардыгын кучагына алган өзгөрүүлөрдүн башталышын белгиледи. 1917-жылы декабрда Бүткүл россиялык Борбордук Аткаруу Комитети жана Элдик Комиссарлар Совети нике жана ажырашуу жөнүндө декреттерди кабыл алышкан, алар күйөө менен аялга бирдей укуктарды берген. 1918-жылы январь айында Советтердин Бүткүл россиялык III съезди аялдарга эркектер менен бирдей саясий укуктарды берген «Эмгекчи жана эксплуатацияланган элдин укуктарынын декларациясын» бекитти. 1918-жылдын июль айында советтик биринчи Конституция бул укуктарды жана эркектер менен аялдардын закондуу теңдигин камсыз кылган. 1920-1930-жылдар аялдарды массалык түрдө коомдук иштерге тартуу мезгили болду.[10]
Коомдук өндүрүштө жалпы жумушчулардын жана кызматчылардын 51 пайызын аялдар түзүп турган учурлар болду.[11] Билим алууда советтик аялдар 1920-жылдардан кийин эл чарбачылыгында иштеген жогорку жана орто билимдүү адистердин 59 пайызын түздү.[11] 1981-жылы аялдар ЖОЖдордо окуган студенттердин 52 пайызын, орто атайын билим берүү мекемелеринде окугандардын 56 пайызын түзгөн. 1980-жылкы шайлоолордо 1 миллиондон ашык аял жергиликтүү Советтердин депутаты болуп шайланды. Бул – жалпы депутаттардын 50 пайызы болчу.
Орто Азияда аялдардын укугу жана эркиндигин чагылдырган көрүнүктүү окуялардын бири – Худжум операциясы. Худжум (түрк. “баштоо, киришүү”) – аялдардын статусун өзгөртүү максатында 1920-30-жылдары Орто Азияда жүргүзүлгөн кампания. Орто Азияда көп аялдуулук, жашы жете элек кыздарды күйөөгө берүү, аялды мураска калтыруу (күйөөсү каза болсо, анын бир тууганына энчилеп берүү) көрүнүштөрү кездешчү.[12] 1920-жылдары СССР боюнча аялдардын коомдогу статусун жакшыртуу саясаты старт алган. 1920-жылдын ортосунда “Чыгыш аялдарынын боштондугу” кампаниясынын алкагында атайын көрсөтмө иштелип чыккан – бул худжум. Аялдар бала багуу, гигиена, укук, медицина боюнча окутула баштаган. Худжум – аялдардын коомчулук алдында паранжысын чечип өрттөгөн акциялары менен белгилүү. Совет бийлиги 1924-жылы “Калың төлөөнү жоюу тууралуу” декретти күчүнө киргизген, ушундан кийин биринчилерден болуп өзбек жумушчулары массалык түрдө паранжа ташташкан.[13]
7-кылымга чейин Араб жарым аралдарында бир үй-бүлөнүн бирден ашык кызы болсо, алар жүк болуп көрүнсө, аларды тирүүлөй көмүшкөн.[14] Жаңы диндин пайда болушу менен жаңы төрөлгөн наристелерди өлтүрүүгө тыюу салынган. Куран аяттарынын биринде бул тууралуу минтип жазылган: “Ачкачылыктан коркуп өз балдарыңарды өлтүрбөгүлө, биз аларды жана силерди багабыз...”.[15] Ымыркайларды өлтүрүү салты токтогону менен, кыздарга караганда уул балдарга дагы деле артыкчылык берилет.
Түркияда феминисттик кыймылдар XIX кылымда Осмон империясы кулаган тушта башталган. Гендердик теңдиктин идеалы расмий деңгээлде Мустафа Кемаль Ататүрктүн башкаруусу тушунда кабыл алынган деп эсептелет. Анын модернизацияланган реформалары көп аялдуулукка тыюу салууну да камтыган, жыйынтыгы түрк аялдарына саясий укук берүүгө алып барды.
Түркияда 1908-жылы алгачкы аялдар ассоциациясы, аялдарды социалдык камсыздоо боюнча Осмон уюму түзүлгөн. Түркия 1930-жылы аялдарга толук саясий укук берди, аялдар муниципалдык деңгээлде шайлоо жана шайланууга мүмкүнчүлүк алышты, 1934-жылы бул укук улуттук деңгээлге көтөрүлдү. Түркия Конституциялык соттун жетекчилигине аял бекитилген дүйнөдөгү биринчи өлкө.[16]
Африкалык коомдордо тарыхка белгилүү аял лидерлер 7-кылымдан баштап болуп келген. Маданият жана чөлкөмдүн динамикасынын көп тараптуулугу көп кылымдар бою бири-бири менен өз ара аракетте болду, татаал жана карама каршылыктуу гендердик маданиятты жаратты дешет адистер.[17] Өзүнчө кыймыл катары африкалык феминизм XX кылымда старт алган. Аны жарандык активист Аделаида Кейси-Хейфорд (1918-жылы Түштүк Африкада “Банту” аялдар лигасын түзгөн) жана Худа Шараави (1923-жылы Египеттик феминисттик союзду түзгөн) жетектеген.
Негизги түшүнүктөр
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Табигый укуктар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Табигый укуктар (лат. ius naturale) – адамга табияттан ыйгарылган жана мамлекетте мыйзам аркылуу таанууга же тааныбоого муктаж эмес баалуулуктардын жана укуктардын жыйындысын түшүндүргөн термин. Мисалы, элдин Конституция түзүүгө карата укугу, үй-бүлө курууга же курбоого болгон укугу, эмгекке болгон укук, жарандардын мыйзам жана сот алдында бирдейлиги жана башкалар табыгый укук болуп саналат.[18]
Улуу Британия менен Америкадагы 17-кылымдагы табигый укук философтору Аристотель жана христиан теологу Томас Аквинский сыяктуу байыркы философторго шилтеме жасоо менен табигый укуктар теориясын иштеп чыгышкан. Байыркы философтор сыяктуу эле, 17-кылымдын табигый укук философтору кулчулукту жана мыйзамдагы аялдардын төмөн статусун жакташкан.[19]
Добуш берүү укугу
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Жарандын мамлекетте шайлоого жана шайланууга болгон укугу.[20] Биринчилерден болуп аялдардын шайлоо укугун Жаңы Зеландия (1893), Австралия (1902), Европада – Финляндиянын Улуу Герцогдугу (Россия империясынын курамында, 1906), ислам дүйнөсүндө – Крым Эл Республикасы (1917) киргизген.[18] Акыркыларынын айрымдары: Кувейт (2005), Бириккен Араб Эмираттары (2006) жана Сауд Арабиясы (2011).
Менчик укуктары
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Менчик укуктары – өндүрүш каражатына жана пайдалануу предметине болгон менчик мамилелерди бекемдеген укуктук нормалардын системи.
19-кылымга чейин Батыш Европа өлкөлөрүндө аялдардын менчикке укугу дээрлик жок болчу. Бул аракетке жөндөмсүздүгүнүн ашкере көрүнүшү англиялык мыйзамдарда берилген, мында аял никеге тургандан кийин өзүнүн юридикалык субъектилигинен толук ажырайт. Бир гана 1882-жылы Улуу Британияда аялдар менчик укугуна ээ болгон.[5]
Америка Кошмо Штаттарында Миссисипи штаты биринчилерден болуп 1839-жылы үй-бүлөлүү аялдын мүлккө болгон укугу жөнүндөгү мыйзамды кабыл алган, андан кийин башка штаттар.[21] Германияда 1957-жылы теңдик жөнүндө мыйзам кабыл алынган, ага ылайык күйөөсү мындан ары аялынын мүлкүн башкара албайт, аялынын айлыгын сарптоо укугунан ажыратылган жана мындан ары жумуш берүүчүдөн аны жумуштан кетирүүнү талап кыла албайт .[22]
Кыргызстанда аялдардын турак жайга болгон укуктары корголбойт, аялдардын 10%ы гана турак жайга ээ. Ал эми Кыргызстандагы турак жайлардын 71%ы эркектерге таандык.[23]
Тең эмгектенүү укугу
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Тең эмгектенүү укугу – “Адам укуктарынын жалпы декларациясынын” 23-беренесине ылайык, ар бир адам эмгекке, жумушту эркин тандоого, адижаштүү жана алгылыктуу эмгек шартына жана жумушсуздуктан корголууга укуктуу. Мисалы, айрым өлкөлөрдө жумуштун кээ бир түрлөрүнө аялдарды тартууга уруксат берилбейт. Декларация андай көрүнүштөрдү айыптайт.
Кыймыл эркиндиги
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кыймыл эркиндиги[en] – адамдын өлкө ичинде тоскоолдуксуз кыймылдоого, жашай турган жерин тандоого, өлкөдөн чыгууга жана кайтып келүүгө болгон укугу.[24] Адамдагы негизги жеке укуктардын бири. Бул укук өлкө жарандары үчүн гана толук түрдө берилет, башка өлкөнүн жарандары үчүн чектелиши ыктымал.
Бүгүнкү күндө бир катар өлкөлөрдө аялдардын кыймыл эркиндиги чектелүү, мисалы, Бириккен Араб Эмирчиликтеригин коомдук нормалары аялдын күйөөсүнүн же атасынын макулдугусуз чыгуу мүмкүнчүлүгүн чектейт.[25] Конституциянын 29-беренеси БАЭнин бардык жарандарына, эркектерине жана аялдарына, мыйзам чегинде кыймыл жана жашоо эркиндигине кепилдик берсе дагы аялдар чет өлкөгө чыгуу үчүн камкорчу эркектин уруксатына ээ болушу керек. Эркек адам аялынын жана кыздарынын паспортторун тартып алууга же иммиграция органдарына алардын БАЭден чыгуусуна тыюу салууга укуктуу.[26]
Саламаттык укугу
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Саламаттык укугу – Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Уставына ылайык, “саламаттыктын жогорку жеткиликтүү деңгээлине жетишүү бардык адамзаттын негизги укуктарынын бири болуп саналат”.[27] Мисалы, өлкөнүн ар бир жараны ооруп калганда мамлекеттик ооруканадан дарыланууга укуктуу.
Билим алуу укугу
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Билим алуу укугу – “экинчи муундагы” адамдардын укуктарынын бири. БУУнун экономикалык, социалдык жана маданий укуктар боюнча комитети тарабынан билим алууга болгон укук 4 негизги мүнөздөмөгө бөлүнөт: бар болуучулук, жеткиликтүүлүк, алгылыктуулук жана билим берүүнүн адаптациялануучулугу. Башка көпчүлүк өлкөлөрдөй эле, Кыргызстандын Баш мыйзамында да ар бир жаран билим алууга укуктуу экени жазылган.
Репродуктивдик укуктар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Репродуктивдик укуктар – адамдын жыныстык ден соолугу менен байланышкан, ар кайсы өлкө өз алдынча аныктаган жана ар кандай түшүнүлгөн мыйзамдуу (юридикалык) укуктардын бир бөлүгү.[28] Жарандардын тукум улоого, алардын репродуктивдик ден соолугун коргоого жана никеси бар же никеден тышкары бала төрөө (төрөтүү) же бала төрөөдөн (төрөтүүдөн) баш тартуу, бойго бүтүрүү жана бала төрөө ыкмалары туурасында чечимдерди эркин кабыл алууга, бул чөйрөдө медициналык, маалыматтык жана консультациялык жардам алууга болгон укуктары.[29]
Зомбулуктан эркин болуу укугу
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Зомбулуктан эркин болуу укугу – Баланын укуктары жөнүндө конвенция 19-беренесине ылайык, ар бир мүчө-мамлекет балдарды физикалык жана психологиялык зомбулуктун бардык формасынан коргоо үчүн зарыл болгон бардык мыйзамдык, административдик, социалдык чараларды көрүүгө милдеттүү. Мисалы, өспүрүм кыздарды оор жумуштарга тартуудан коргоочу мыйзамдар жана жоболор.
Үй-бүлөлүк укугу
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Үй-бүлөлүк укугу – Аялдарга карата дискриминациянын бардык формасын жоюу жөнүндө конвенциянын (1979) 9-беренесине ылайык, ар бир мүчө-мамлекет балдарынын жарандыгына карата аялдарга жана эркектерге бирдей укук берүүгө тийиш деп бекитилген. Мисалы, баланы кайсы өлкөдө окутууну жана жашатууну аныктоону ата жана эне бирдей чече алышат дегенди билдирет.
8-март
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Аялдардын эл аралык күнү – дүйнөнүн бир нече өлкөлөрүндө жыл сайын 8-мартта белгиленген,тең укуктуулук үчүн күрөшүүдө аялдардын тилектештигинин күнү катары жаралган. 1975-жылдын мартынан баштап Аялдардын эл аралык күнү БУУда белгиленет.[30]
Аялдардын эл аралык күнүнүн жыл сайын майрамдалып башташына 1910-жылы Копенгагенде өткөн социалист айымдардын Экинчи эл аралык конференциясы салым кошту. Бул күндү майрамдоону Клара Цеткин сунуштаган. Максаттарынын бири – аялдардын жалпыга бирдей шайлоо укугу үчүн күрөшүү эле. Сунуш 17 өлкөнүн атынан катышкан 100дөн ашык аялдын бир добуштан колдоосуна татыган[31], бирок кайсы датада белгиленери чечилген эмес. Көп жылдар бою бул күн ар кайсы өлкөдө март айынын ар кайсы күнүндө белгиленип жүрдү.[32] 1975-жылы БУУ Аялдардын эл аралык жылына байланыштуу 8-мартта Аялдардын эл аралык күнүн белгилөөнү баштаган.
Учурда 8-март Аялдардын эл аралык күнү белгиленет жана мурдагы СССРдеги мамлекеттерде (Латвия, Литва жана Эстониядан башка) иш күнү эмес деп жарыяланат.[33] Кытайда аялдар үчүн кыскартылган иш күнү каралган. Германияда 2019-жылдан бери 8-март аймактык майрам болуп эсептелет жана Берлинде дем алыш күн деп жарыяланат.[34]
Кыргызстанда 8-март Аялдардын эл аралык күнү катары майрамдалат. Бул күнү феминисттер ар кандай акцияларды өткөрүшүп, тең укуктуулук тууралуу коңгуроо кагышат.
Дүйнөлүк диндердеги аял укуктары
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Ислам мыйзамдары укук, милдеттер жаатында эркек жана аялдын ролундагы сезилерлик айырмачылыкты белгилейт. Андай айырмачылыктар никеде, ажырашууда, укуктук статуста, кийинүүдө жана билим алууда даана байкалат. Мисалы, эркектин (күйөөсүнүн) 3 жолу талак деп айтышы менен жубайлар ажырашып кетиши мүмкүн (диний жөрөлгө боюнча). Аялда андай укук жок. Шарият олуттуу себеби жок туруп аялдын талак сурашын айыптайт, бул жаатта Мухаммед пайгамбардын мындай дегени бар:
“Аял күйөөсү менен ажырашууну кааласа, бирок ал үчүн олуттуу себептер жок болсо, андай аял бейиштин жытын да жыттабайт”.[35]
Куранда “эркектер аялдардан бир даража жогору турушат” деп айтылат.[36] “Эркектер аялдардын үстүнөн башкаруучу”.[37] “Бийликти аялга ыйгарып койгон коом эч ийгиликке жетишпейт”.[38] Исламдагы эркекке 4 аялга чейин алууга болот, ал эми аялга бир никеден башкага уруксат берилбейт деген норма дагы бар.
Индиялык “Ману мыйзамы” мындай деп бекемдейт:
“Бала кезде аял атасына, жаш кезинде күйөөсүнө, күйөөсү өлгөндөн кийин балдарына баш ийиши керек... Аял эч качан баш ийүүдөн эркин болбошу керек”.[39]
“Аялдар, күйөөңөргө Кудайга баш ийгендей баш ийгиле. Анткени күйөөңөр аялдын башчысы, Христос чиркөөнүн башчысы болгондой эле” деп айтылат.[40]
Жогорудагыдай нормалардан улам айрым окумуштуулар диний окуулар аялдардын коомдогу тең укуксуз ордун эскертип турат деп белгилешет.[41]
Аял укуктары боюнча бүткүл дүйнөлүк маанилүү конференциялар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Штутгарт, 1907.
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Аял-социалисттердин эл аралык биринчи конференциясы 1907-жылы августта Германиянын Штутгарт шаарында өтүп, ага 15 өлкөдөн 58 делегат катышкан. Конференцияда Штутгартта катчылык түзүлүп, Клара Цеткин[en] катчы болуп дайындалган.[42]
Копенгаген, 1910.
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Эл аралык экинчи социалисттик аялдардын конференциясы 1910-жылы 26-27-августта Копенгагенде өттү. 17 мамлекеттен жүздөй делегат катышкан: Германиянын социал-демократиялык аялдары, Аялдардын жумушчу лигасы жана башкалар. Социалдык мыйзамдар, билим берүү, саламаттыкты сактоо маселелери талкууланган.
Mexico, 1975
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Аялдардын абалы боюнча биринчи дүйнөлүк конференция. Жыйын 1975-жылы 19-июнь-2-июль аралыгында Мексиканын Мехико шаарында өткөн. Катышуучулар мамлекеттерди аялдардын өнүгүү процессине тең укуктуу катышуусу үчүн улуттук стратегияларды иштеп чыгууга жана максаттарды так аныктоого чакырышкан. Мехикодогу бул жолугушуунун маанилүү аспекти – дискуссиянын өңүтүн түздөн-түз аялдар өздөрү аныкташты. Конференцияга катышкан 133 делегациянын 113 үн аялдар жетектешкен.[43]
Copenhagen, 1980
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Аялдардын абалы боюнча экинчи дүйнөлүк конференция. 1980-жылдын 14-30-июль күндөрү Даниянын Копенгаген шаарында иш жүргүздү. Анда 1975-жылкы конференциядагы иш-аракеттер планынын аткарылышына анализ жүргүзүлүп, баа берилди. БУУга мүчө 145 өлкөдөн делегаттар катышып, бул тармакта сезилерлик прогресске жетишүү жөнүндө бир пикирге келишкен. 5 жыл мурун Мехикодо коюлган максаттарга жетүүдө ийгиликтер бар экени айтылган. Ал ийгиликтердин бири 1979-жылы Башкы ассамблея тарабынан Аялдарга карата дискриминациянын бардык формасын жоюу жөнүндө конвенциянын кабыл алынышы болчу.[44]
Nairobi, 1985
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кениянын Найроби шаарында 1985-жылдын 15-26-июлунда өткөн аялдардын абалы боюнча үчүнчү дүйнөлүк конференция. Гендердик теңдик үчүн кыймыл аталган конференцияда “БУУ аялдар он жылдыгынын жетишкендиктерин баяндоо жана баалоо үчүн дүйнөлүк конференция: Теңдик, өнүгүү жана тынчтык” деген аталышта чыныгы дүйнөлүк кабыл алууга жетишти. Өкмөттүк эмес уюмдардын 15 миңден ашык өкүлдөрү параллелдүү Өкмөттүк эмес уюмдардын форумуна катышып, аталган конференцияга “дүйнөлүк феминизмдин төрөлүш” акты катары мамиле кылышты.[45]
Beijing, 1995
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Аялдардын абалы боюнча төртүнчү дүйнөлүк конференция. Бул конференция Пекин декларациясы жана иш-аракеттер платформасынын кабыл алынышы менен эсте калды. Бул документтер – аялдардын мүмкүнчүлүгүн жана укугун кеңейтүүнүн стратегиялык программасы. Бүгүнкү күндө гендердик теңдикти ишке ашырууда толук кандуу глобалдык алкактык программа жана концептуалдык иш-аракеттердин планы бойдон калууда.[46]
Аялдардын шайлоо укугу киргизилген жылдар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Тизме мамлекеттерде жана аймактарда аялдардын эл өкүлдөрүн шайлоо укугу биринчи жолу киргизилген даталарды көрсөтөт.[47][48].
Өлкө | Жыл | Жашы |
---|---|---|
Австралия | 1902 | 18 жаш |
Австрия | 1918 | 16 жаш |
Азербайжан | 1918 | 18 жаш |
Албания | 1920 | 18 жаш |
Алжир | 1962 | 18 жаш |
АКШнын Виргин аралдары | маалымат жок | 18 жаш |
Америкалык Самоа | 1990 | 18 жаш |
Ангилья | 1951 | 18 жаш |
Ангола | 1975 | 18 жаш |
Андорра | 1970 | 18 жаш |
Антигуа и Барбуда | 1951 | 18 жаш |
Макао | маалымат жок | 18 жаш |
Аргентина | 1947 | 18 жаш |
Армения | 1919, 1921 | 20 жаш, 18 жаш |
Аруба | маалымат жок | 18 жаш |
Афганистан | 1963 | 18 жаш |
Багамы | 1960 | 18 жаш |
Бангладеш | 1972 | 18 жаш |
Барбадос | 1950 | 18 жаш |
Бахрейн | 2002 | 18 жаш |
Белиз | 1954 | 18 жаш |
Беларусь | 1919 | 18 жаш |
Бельгия | 1919/1948 | 18 жаш |
Бенин | 1956 | 18 жаш |
Бермуды | 1944 | 18 жаш |
Болгария | 1944 | 18 жаш |
Боливия | 1952 | 18 жаш |
Босния жана Герцеговина | 1949 | 18 жаш |
Ботсвана | 1965 | 18 жаш |
Бразилия | 1931 | 16 жаш |
Британиялык Виргин Аралдары | маалымат жок | 18 жаш |
Бруней | 1959 | 18 жаш[п 1] |
Буркина-Фасо | 1958 | 18 жаш |
Бурунди | 1961 | 18 жаш |
Бутан | 1953 | 18 жаш |
Вануату | 1975 | 18 жаш |
Улуу Британия | 1918 | 18 жаш[п 2] |
Венгрия | 1918 | 18 жаш |
Венесуэла | 1946 | 18 жаш |
Чыгыш Тимор | маалымат жок | 17 жаш |
Вьетнам | 1946 | 18 жаш |
Габон | 1956 | 21 жаш |
Гаити | 1950 | 18 жаш |
Гайана | 1953 | 18 жаш |
Гамбия | 1960 | 18 жаш |
Гана | 1954 | 18 жаш |
Гватемала | 1946 | 18 жаш |
Гвинея | 1958 | 18 жаш |
Гвинея-Бисау | 1977 | 18 жаш |
Германия | 1918 | 18 жаш |
Гернси | маалымат жок | 18 жаш |
Гибралтар | маалымат жок | 18 жаш |
Гондурас | 1955 | 18 жаш |
Гонконг | 1949 | 18 жаш |
Гренада | 1951 | 18 жаш |
Гренландия | маалымат жок | 18 жаш |
Грекия | 1952 | 18 жаш |
Грузия | 1918 | 18 жаш |
Гуам | маалымат жок | 18 жаш |
Дания | 1915 | 18 жаш |
Конго Демократиялык Республика | 1967 | 18 жаш |
Джерси | маалымат жок | 16 жаш |
Джибути | 1946 | 18 жаш |
Доминика | 1951 | 18 жаш |
Доминикан Республикасы | 1942 | 18 жаш |
Египет | 1956 | 18 жаш |
Замбия | 1962 | 18 жаш |
Зимбабве | 1957 | 18 жаш |
Израиль | 1948 | 18 жаш |
Индия | 1947 | 18 жаш |
Индонезия | 1945 | 17 жаш[п 3] |
Иордания | 1974 | 18 жаш |
Ирак | 1980 | 18 жаш |
Иран | 1963 | 16 жаш |
Ирландия | 1918 | 18 жаш |
Исландия | 1915 | 18 жаш |
Испания | 1931 | 18 жаш |
Италия | 1946 | 18 жаш[п 4] |
Йемен | 1967 | 18 жаш |
Кабо-Верде | 1975 | 18 жаш |
Казакстан | 1924 | 18 жаш |
Кайман аралдары | маалымат жок | 18 жаш |
Камбоджа | 1955 | 18 жаш |
Камерун | 1946 | 20 жаш |
Канада | 1917 | 18 жаш |
Катар | 1997 | 18 жаш |
Кения | 1963 | 18 жаш |
Кипр | 1960 | 18 жаш |
Кыргыз Республикасы | 1918 | 18 жаш |
Кирибати | 1967 | 18 жаш |
Кытай Эл Республикасы | 1949 | 18 жаш |
Кытай Республикасы | 1947 | 20 жаш |
Кокос аралдары | маалымат жок | 18 жаш |
Колумбия | 1954 | 18 жаш |
Коморы | 1956 | 18 жаш |
Түндүк Корея | 1946 | 17 жаш |
Коста-Рика | 1949 | 18 жаш |
Кот-д’Ивуар | 1952 | 19 жаш |
Куба | 1934 | 16 жаш |
Кувейт | 2005 | 21 жаш |
Түштүк Корея | 1948 | 19 жаш |
Чад | 1958 | 18 жаш |
Чили | 1935 | 18 жаш |
Конго Республикасы | 1963 | 18 жаш |
Кука аралы | 1893 | 18 жаш |
Хорватия | 1945 | 18 жаш |
Чехия | 1920 | 18 жаш |
Эквадор | 1929 | 18 жаш |
Сальвадор | 1939 | 18 жаш |
Экваториалдык Гвинея | 1963 | 18 жаш |
Эритрея | 1993 | 18 жаш |
Эфиопия | 1955 | 18 жаш |
Фолкленд аралдары | 1984 | 18 жаш |
Фарер аралдары | маалымат жок | 18 жаш |
Фижи | 1963 | 21 жаш |
Финляндия | 1906 | 18 жаш |
Франция | 1944 | 18 жаш |
Француз Полинезиясы | маалымат жок | 18 жаш |
Ватикан | нет | нет[п 5] |
Жамайка | 1944 | 18 жаш |
Жапония | 1945 | 20 жаш |
Лаос | 1958 | 18 жаш |
Латвия | 1918 | 18 жаш |
Ливан | 1952 | 21 жаш[п 6] |
Лесото | 1965 | 18 жаш |
Либерия | 1946 | 18 жаш |
Ливия | 1964 | 18 жаш |
Лихтенштейн | 1984 | 18 жаш |
Литва | 1918 | 18 жаш |
Люксембург | 1919 | 18 жаш |
Түндүк Македония | 1946 | 18 жаш |
Мадагаскар | 1959 | 18 жаш |
Малави | 1961 | 18 жаш |
Малайзия | 1957 | 21 жаш |
Мальдивдер | 1932 | 21 жаш |
Мали | 1956 | 18 жаш |
Мальта | 1947 | 18 жаш |
Маршал аралдары | 1979 | 18 жаш |
Мавритания | 1961 | 18 жаш |
Маврикий | 1956 | 18 жаш |
Майотта | маалымат жок | 18 жаш |
Мексика | 1947 | 18 жаш |
Микронезия Федеративдик Штаттары | 1979 | 18 жаш |
Молдова | 1940 | 18 жаш |
Монако | 1962 | 18 жаш |
Монголия | 1924 | 18 жаш |
Монтенегро | маалымат жок | 18 жаш |
Монтсеррат | маалымат жок | 18 жаш |
Марокко | 1963 | 18 жаш |
Мозамбик | 1975 | 18 жаш |
Бирма | 1922 | 18 жаш |
Намибия | 1989 | 18 жаш |
Науру | 1968 | 20 жаш |
Непал | 1951 | 18 жаш |
Нидерланддар | 1919 | 18 жаш |
Нидерланд Антиль аралдары | маалымат жок | 18 жаш |
Жаңы Каледония | маалымат жок | 18 жаш |
Жаңы Зеландий | 1893 | 18 жаш |
Никарагуа | 1955 | 16 жаш |
Нигер | 1948 | 18 жаш |
Нигерия | 1958 | 18 жаш |
Ниуэ | маалымат жок | 18 жаш |
Норфолк аралы | маалымат жок | 18 жаш |
Түндүк Мариан аралдары | маалымат жок | 18 жаш |
Норвегия | 1913 | 18 жаш |
Оман | 2003 | 21 жаш |
Мэн аралы | 1881 | 16 жаш |
Пакистан | 1947 | 18 жаш |
Палау | 1979 | 18 жаш |
Панама | 1941 | 18 жаш |
Папуа=Жаңы Гвинея | 1964 | 18 жаш |
Парагвай | 1961 | 18 жаш |
Перу | 1955 | 18 жаш |
Филиппиндер | 1937 | 18 жаш |
Питкерн аралы | 1838 | 18 жаш |
Польша | 1918 | 18 жаш |
Португалия | 1931 | 18 жаш |
Пуэрто-Рико | 1929 | 18 жаш |
Румыния | 1938 | 18 жаш |
Орусия | 1917 | 18 жаш |
Руанда | 1961 | 18 жаш |
Сан-Бэртелеми | маалымат жок | 18 жаш |
Ыйык Елена аралы | маалымат жок | маалымат жок |
Сен-Китс жана Невис | 1951 | 18 жаш |
Сент-Люсия | 1924 | 18 жаш |
Сен-Мартен | маалымат жок | 18 жаш |
Сен-Пьер жана Микелон | маалымат жок | 18 жаш |
Сен-Винсент жана Гринедин | 1951 | 18 жаш |
Самоа | 1990 | 21 жаш |
Сан-Марино | 1959 | 18 жаш |
Сан-Томе жана Принсипи | 1975 | 18 жаш |
Сауд Арабиясы | 2011 | 21 жаш |
Сенегал | 1945 | 18 жаш |
Сербия | 1945 | 18 жаш |
Сейшел аралдары | 1948 | 17 жаш |
Сьерра-Леоне | 1961 | 18 жаш |
Сингапур | 1947 | 21 жаш |
Словакия | 1920 | 18 жаш |
Словения | 1945 | 18 жаш[п 7] |
Соломон аралдары | 1974 | 21 жаш |
Сомали | 1956 | 18 жаш |
Борбордук Африка Республикасы | 1986 | 21 жаш |
Түштүк Африка Республикасы | 1930; 1994[п 8] | 18 жаш |
Шри-Ланка | 1931 | 18 жаш |
Судан | 1964 | 17 жаш |
Суринам | 1948 | 18 жаш |
Свазиленд | 1968 | 18 жаш |
Швеция | 1919 | 18 жаш |
Швейцария | 1971 | 18 жаш |
Сирия | 1949 | 18 жаш |
Тажикстан | 1924 | 18 жаш |
Танзания | 1959 | 18 жаш |
Таиланд | 1932 | 18 жаш |
Того | 1945 | 18 жаш |
Токелау | маалымат жок | 21 жаш |
Тонга | 1960 | 21 жаш |
Тринидад жана Тобаго | 1946 | 18 жаш |
Тунис | 1959 | 18 жаш |
Түркия | 1930 | 18 жаш |
Түркменистан | 1924 | 18 жаш |
Теркс жана Кайкос | маалымат жок | 18 жаш |
Тувалу | 1967 | 18 жаш |
Уганда | 1962 | 18 жаш |
Украина | 1919 | 18 жаш |
БАЭ | 2006 | маалымат жок |
АКШ | 1920 | 18 жаш |
Уругвай | 1927 | 18 жаш |
Өзбекистан | 1924 | 18 жаш |
Уолис жана Футуна | 2001 | 18 жаш |
Эстония | 1919[п 9] | 18 жаш |
Югославия | 1945 | 18 жаш |
Кошумча шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Бейджин декларациясы (англ.)
БУУнун аялдар декадасы дүйнөлүк конференциянын отчёту. Копенгаген,1980. Archived 2022-05-22 at the Wayback Machine (англ.)
Эл аралык аялдар жылы дүйнөлүк конференциясынын отчёту. Мехико, 1975. Archived 2022-05-22 at the Wayback Machine (англ.)
Эскертүүлөр
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ Добуш берүү жергиликтүү шайлоолордо гана жүргүзүлөт.
- ↑ 1928-жылга чейин жаш курагы боюнча (30 жаш) жана башка чектөөлөр болгон.
- ↑ Никеде турган аялдар жашына карабастан шайлоого укуктуу.
- ↑ Сенатка 25 жаштан баштап шайлоого укуктуу, шайлоого кандидат катары катышуу 40 жаштан баштап укуктуу.
- ↑ Кардиналдар гана добуш берүүгө укуктуу, аялдарга кардинал болууга тыюу салынган.
- ↑ Аялдардын шайлоо укугу алынган билими менен чектелген.
- ↑ Кызматкерлер үчүн - 16 жаш.
- ↑ 1930-жылы ак түстүү аялдар, 1994-жылы кара түстүү аялдар добуш берүү укугун алышкан.
- ↑ Добуш берүү укугу 1919-жылы киргизилген. 1934-жылы жоюлган. 1940-жылы калыбына келтирилген.
Колдонулган маалымат булактары:
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ Lockwood, Bert B. (ed.), Women's Rights: A "Human Rights Quarterly" Reader (Johns Hopkins University Press, 2006), (англ.). ISBN 978-0-8018-8374-3.
- ↑ Kramer, Samuel Noah (1963), The Sumerians: Their History, Culture, and Character University of Chicago Press, (англ.). ISBN 978-0-226-45238-8
- ↑ Bob Brier, Hoyt Hobbs. Daily Life of the Ancient Egyptians. — Westport: Greenwood Press, 2008. — ISBN 978-0-313-35306-2.
- ↑ Schaps, D. M. "What Was Free about a Free Athenian Woman?" // Transactions of the American Philological Society. — 1998.
- ↑ 5.0 5.1 Женщина, в гражданском праве // Энциклопедический словарь Брокгауза и Ефрона (орус.). — СПб., 1890—1907.
- ↑ Married Women’s Property Acts United States [1839] https://www.britannica.com/event/Married-Womens-Property-Acts-United-States-1839 Текшерилген күн: бугу айынын 20, 2022.
- ↑ Покончить с ярмаркой невест: как женщины в XIX веке добивались права любить и разводиться Archived 2021-07-09 at the Wayback Machine (орус.). Текшерилген күн: бугу айынын 20, 2022.
- ↑ Перемены участи: краткая история борьбы за права женщин в Германии. (орус.). Текшерилген күн: бугу айынын 20, 2022.
- ↑ От женщины до тоже человека (орус.).Текшерилген күн: бугу айынын 20, 2022.
- ↑ Гамелько, Е. В. Советское законодательство о положении женщины в 1917-1930-гг. / Е. В. Гамелько. (орус.). // Молодой ученый. — 2010. — № 5 (16). — Т. 2. — б. 97-99.
- ↑ 11.0 11.1 Поленина С. В. Советская женщина в обществе и семье // Роль женщины в современном обществе (орус.). макалалар тизмеси II. Москва, 1985/ б. 203-218.
- ↑ Татыбекова Ж.С. Великий Октябрь и женщины Киргизстана. (орус.). Фрунзе: Кыргызстан, 1975
- ↑ Журнал «Смена» № 965 от август 1967 год (орус.).
- ↑ А. Safi, Pre-Islamic Arabs Used to Bury Their Children Alive (англ.). Текшерилген күн: бугу айынын 22,2022.
- ↑ Сура 17 «Аль-Исра», аят 31
- ↑ Великое Национальное Собрание Турции. https://www5.tbmm.gov.tr/yayinlar/yabanci_diller/TBMM_Rusca.pdf
- ↑ "Feminism: Africa and African Diaspora ." New Dictionary of the History of Ideas. (англ.). Encyclopedia.com. 25 Apr. 2022 <https://www.encyclopedia.com>.
- ↑ 18.0 18.1 Общая теория права и государства: Учебник / Под ред. 0-28 В. В. Лазарева. — 3-е изд., перераб. и доп. — М.: Юристъ, 2001. — С. 48.
- ↑ Morey, Dr Robert A. The Bible, Natural theology and Natural Law: Conflict Or Compromise? (англ.). — Xulon Press, 2010. — P. 282. — ISBN 978-1-60957-143-6.
- ↑ "Suffrage". The American Heritage Dictionary of the English Language (5th ed.). (англ.). HarperCollins
- ↑ Married Women’s Property Acts, United States [1839] (англ.). Текшерилген күну: бугу айынын 22, 2022.
- ↑ Перемены участи: краткая история борьбы за права женщин в Германии, 2019. Текшерилген күнү: бугу айынын 22, 2022.
- ↑ К. Элкеева, Үй милдетиңди аткар, укугуңду унут... 2014. Текшерилген күн: бугу айынын 22, 2022.
- ↑ "Suffrage". The American Heritage Dictionary of the English Language (5th ed.). HarperCollins.
- ↑ Freedomhouse. Freedom in the world 2020. United Arab Emirates, country overview. https://freedomhouse.org/country/united-arab-emirates/freedom-world/2020
- ↑ FIDH. Women's Rights in the United Arab Emirates (UAE) 2010 (англ.).
- ↑ WHO. Human rights and health, 29 December 2017 (англ.).
- ↑ Cook, Rebecca J.; Mahmoud F. Fathalla. Advancing Reproductive Rights Beyond Cairo and Beijing (англ.) // International Family Planning Perspectives (англ.)рус. : journal. — International Family Planning Perspectives, Vol. 22, No. 3, 1996. — September (vol. 22, no. 3). — P. 115—121. — doi:10.2307/2950752. — JSTOR 2950752
- ↑ Кыргыз Республикасынын “Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруудагы кепилдиктери жөнүндө” мыйзамы.
- ↑ UN. International Women's Day, 8 March //https://www.un.org/en/observances/womens-day
- ↑ UN. About International Women’s Day. (англ.).https://unwomen.org.au/get-involved/international-womens-day/about/
- ↑ History of International Women's Day. (англ.). https://www.internationalwomensday.com/Activity/15586/The-history-of-IWD
- ↑ История Международного женского дня // ТАСС, 08.03.2019.
- ↑ German holidays 2022 & 2023 (англ.). https://www.iamexpat.de/expat-info/german-holidays Текшерилген күн: бугу айынын 21, 2022.
- ↑ Абу Дауд: 2226; Тирмизи: 1187; Ибн Мажа: 2055.https://vhijabe.ru/video/abu-umar-razvod-po-initsiative-zheny/ Текшерилген күн: бугу айынын 22, 2022.
- ↑ Куран, аль-Бакара 2:228
- ↑ Куран, ан-Ниса 4:34 (араб/орус.). Текшерилген күнү: бугу айынын 22, 2022.
- ↑ Бухари: 4425 (орус.). Текшерилген күнү: бугу айынын 22, 2022.
- ↑ Ляшенко, Е. Н. (2013). Правовое положение женщины по древнеиндийским источникам. Вестник Волжского университета им. В. Н. Татищева, (2 (78)), 210-218.
- ↑ Послание к Ефесянам, V: 22—23 (орус.). Текшерилген күнү: бугу айынын 22, 2022.
- ↑ М. Степанянц. “Образ женщины в религиозном сознании: прошлое, настоящее, будущее” Archived 2021-05-13 at the Wayback Machine (орус.). 1993.
- ↑ Ленин В.И. Полное собрание сочинений Том 16 Международный социалистический конгресс в Штутгарте Текшерилген күн: бугу айынын 22, 2022.
- ↑ UN. World Conference of the International Women's Year 19 June-2 July 1975, Mexico City, Mexico (англ.). Текшерилген кунү: бугу айынын 22, 2022.
- ↑ UN. World Conference of the United Nations Decade for Women14-30 July 1980, Copenhagen, Denmark (англ.). Текшерилген күнү: бугу айынын 22, 2022.
- ↑ UN. World Conference to Review and Appraise the Achievements of the United Nations Decade for Women 15-26 July 1985, Nairobi, Kenya (англ.). Текшерилген күнү: бугу айынын 22, 2022.
- ↑ UN. Fourth World Conference on Women, 4-15 September 1995, Beijing, China (англ.). Текшерилген күнү: бугу айынын 22,2022.
- ↑ A World Chronology of the Recognition of Women's Rights to Vote and to Stand for Election (англ.). Текшерилген күнү 24 -февраль (бирдин айы) 2010. Түп булактан архивделген күнү 14 -август (баш оона) 2011.
- ↑ CIA - The World Fact Book - Suffrage(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы). Текшерилген күнү 18 -март (жалган куран) 2013. Түп булактан архивделген күнү 9 -январь (үчтүн айы) 2008. архив көчүрмөсү. Текшерилген күнү 2 -июнь (кулжа) 2022. Түп булактан архивделген күнү 9 -январь (үчтүн айы) 2008.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору,авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7