Науру
Науру Республикасы | |||||
| |||||
Урааны: «God’s Will First (Кудайдын эрки — баарынан жогору)» | |||||
Гимн: ««Nauru Bwiema» («Науру ыры») » | |||||
Эгемендүүлүк күнү | 31-январь 1968-жыл
( Улуу Британиядан, Австралиядан жана Жаңы Зеландиядан) | ||||
Расмий тили | Науру тили, англис тили | ||||
Борбор шаары | Жок (де-юре) Ярен (де-факто) | ||||
Ири шаарлар | Ярен | ||||
Башкаруу формасы | Парламенттик республика | ||||
Президент Парламенттин төрагасы |
Дэвид Аданг Маркус Стивен | ||||
Мам. дини | Динден тышкары мамлекет | ||||
Аянты • Жалпы • Суу бетинин %. |
193-орун - дүйнөдө 21,3 км² 0,57 | ||||
Калкы • Бааланган (2023) • Жыштыгы |
11,065 адам (227-орун) 480 ад./км² | ||||
ИДӨ (САМ) • Бардыгы |
132 млн. $ | ||||
ИДӨ (номинал) • Бардыгы • Ар бир жанга |
133 млн. $ 10,125 $ | ||||
АДӨИ | ▲ 0,696 (орточо) (122-орун) | ||||
Этнохороним | наурулук, наурулуктар | ||||
Акча бирдиги | Австралия доллары (AUD) | ||||
Домени | .nr | ||||
ISO коду | NR | ||||
ЭОК коду | NRU | ||||
Телефон коду | +674 | ||||
Убакыт аралыгы | UTC +12:00 |
Науру (науру Naoero, англ. Nauru), расмий аталышы Науру Республикасы (науру Ripublik Naoero, англ. Republic of Nauru), мурунку аталышы Жагымдуу арал (англ. Pleasant Island) — Тынч океанынын батышындагы, ушундай эле аталыштагы аралда жайгашкан кичинекей мамлекет. Аянты 21,3 км². Калкы 2023-жылдын маалыматтары боюнча 11,065 адам[1][2], алардын 60% науру.
Расмий тили — науру жана англис тилдери. Көбүнчө христиандар. Өкмөт жана мамлекет башчысы - президент.
Науру — жер жүзүндөгү эң кичинекей көз карандысыз республика, эң кичинекей арал мамлекети, Европадан тышкаркы жайгашкан эң кичинекей мамлекет жана расмий борбору жок дүйнөнүн эки гана өлкөсүнүн (Швейцария менен бирге) бири.
Этимология
[түзөтүү | булагын түзөтүү]«Науру» сөзүнүн келип чыгышы жөнүндөгү так маалыматтар жок. 1909-1910-жылдары аралга келген немис профессору Пол Хамбрух бул сөздүн этимологиясына төмөдөгүдөй түшүндүрмө берген: «Naoero» атылышы анын пикири боюнча «a-nuau-a-a-ororo» (азыркы эрежелер менен жазылышы «A nuaw ea arourõ») сөзүнүн кыскартуусу болуп саналат, кыргыз тилине которгондо «мен деңиз жээгине барам» деген маанини билдирет[3]. Бирок, Науру аралында 30 жылдан ашык жашаган жана науру тилин терең изилдеген немис католик миссионери Алоиз Кайзер бул чечмелөөнү туура эмес деп санаган, анткени жергиликтүү тилде негизги этиш менен колдонулган «деңиз жээги» деген сөздөн кийин «ылдый» деп которулган кошумча «rodu» сөзү колдонулушу керек[4]. Наурулуктар өздөрү «деңиз жээги» деп аралдын эң жапыз жерин түшүнүшөт, бул сөз кургактыкка да, деңизге да карата колдонула берет. Хамбрухтун «rodu» деген сөздү, этимологиянын маанисин түшүндүрүүдө эске албагандыгы анын божомолдорунун негизсиз экендиги жөнүндө айтууга мүмкүндүк берет[5].
Аралдын башка аталыштары да бар: англиялык колонизаторлор 1888-жылга чейин Науруну Жагымдуу арал (англ. Pleasant Island)[6], немистер «Nawodo» или «Onawero» деп аташкан[7]. Кийинчерээк европалыктар өлкөнүн атын туура жазуу жана окуу максатында «Nauru» сөзүнүн жазылышын «Naoero» деп өзгөртүшкөн.
Тарых
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Науру аралына болжол менен 3 миң жыл мурун микронезиялыктар жана полинезиялыктар келип отурукташышкан. Бир версияга ылайык, Науруга биринчи көчүп келгендер Бисмарк аралдарынан келишкен жана меланезиялыктар, микронезиялыктар жана полинезиялыктар болуп бөлүнгөнгө чейин эле океандык этностун өкүлдөрү болушкан[8]. Салты боюнча, аралдыктар өздөрүнүн ата-тегин эне тарабы боюнча эсептешкен. Европалыктар келгенге чейин Науру аралынын калкы 12 уруудан турган[9]. Бул тарыхый уруулар Науру Республикасынын азыркы желегинде жана гербинде он эки бурчтуу жылдыз катары чагылдырылат.
Европалыктардын арасында биринчи болуп Науруну 1798-жылы 8-ноябрда Жаңы Зеландиядан Кытайга сүзүп бара жаткан англиялык капитан Жон Фирн ачкан жана кийинки 90 жыл бою колдонулган Жагымдуу арал (англ. Pleasant Island) деген аталыш менен атаган[10]. Ошол мезгилде Науруда орто деңгээлдеги стратификацияланган социалдык системалардын калыптанышын байкалган. Негизги айыл чарба өсүмдүктөрү - кокос пальмасы жана панданус болгон. Наурулуктар, океан рифинде, каноэ жана атайын үйрөтүлгөн чоң фрегат куштарынын жардамы менен балык уулашкан. Ошондой эле, науру калкы Буада көлүндө ханос балыктарын (лат. Chanos chanos) кармоо менен өздөрүн кошумча тамак-аш булагы менен камсыз кылышкан. Балык уулоо эркектердин гана жумушу деп эсептелген.
XIX кылымда аралга биринчи европалыктар отурукташа баштаган. Отурукташкан европлыктар качкындар, кылмышкерлер, соттолгондор, кит кармоочу кемелерден качкандар, кылмышкерлер жана айрымдары соодагерлер болгон. Аралга жыныстык жол менен жугуучу инфекциялар биринчи отурукташкан европалыктар менен келген. Оорулар менен бирге Науру аралына алкоголдук ичимдиктер, ок атуучу куралдар жана ок-дарылар да жеткен. Организми алкоголдук ичимдиктерге көнбөгөн жергиликтүү калкка алкоголдук ичимдиктерди ичүүнү үйрөтүү, ок атуучу куралдар менен камсыз кылуу менен - европалыктар Наурудагы уруулар арасындагы жарандык согуштун чыгышынын себеби болушкан[10].
1888-жылы 16-апрелде Науру аралы Германия тарабынан басып алынган жана Жалуит компаниясынын башкаруусу астында Маршалл аралдарынын протекторатынын курамына киргизилген[11]. Аралдын калкына салык салынган, бирок бир нече жылдар бою аралдын тургундары көндүм болгон жашоосун уланткан. Бул аралдын аймагынан ири фосфорит кендери табылгандан кийин абал толугу менен өзгөргөн. 1906-жылы австралиялык «Пасифик фосфейт компани» компаниясы (англ. Pacific Phosphate Company) фосфорит кендерин казуу жана иштетүүгө уруксут алган[10]. Фосфорит кендерин иштетүү Наурунун бүткүл тарыхында терең жана терс изин калтырды.
1914-жылы 17-августа Биринчи дүйнөлүк согуш учурунда Науру аралын «Пасифик фосфейт компани» мекемесине тийиштүү кемелер менен келген австралиялык аскерлер басып алган[12].
Австралиялыктардын бул аралды басып алуусунун бир нече себеби болгон: биринчиден, Жапония аскерлерине фосфориттерге бай аралды ээлөөгө буйрук берген; экинчиден, Германиянын кемелери менен байланыш түзүү радиостанциялар тармагына кирген, аралда жайгашкан «Etappendienst» радио станциясынын ишмердүүгүн токтоту; үчүнчүдөн, Австралия Шериктештигинин Өкмөтү Жапониянын бул аймакта болгон аскердик жана саясий иш-чараларын токтотуу болгон[13]. 1923-жылы согуштун жыйынтыгы менен Науру Улуттар Лигасынын мандаттуу аймагы макамын алып, Улуу Британия, Австралия жана Жаңы Зеландиянын биргелешкен башкаруусуна берилген, бирок административдик башкарууну Австралия жүргүзүп турган[14]. Бул өлкөлөр, жеке компаниядан фосфорит кендерине болгон бардык укуктарын сатып алышкан жана кендерди өздөштүрүү, иштетүү жана сатуу үчүн биргелешкен «Бритиш фосфейт комишн» (англ. British Phosphate Commission) компаниясын түзүшкөн. Фосфат тектерин интенсивдүү сатуу II дүйнөлүк согушка чейин жүргүзүлгөн, кендерди казып алууда аралдын жаратылышына жана калкына чоң зыян келгенине карабастан, басып алган мамлекеттер жергиликтүү калка өтө аз суммадагы компенсация төлөшкөн[15][10].
1940-жылдын декабрь айынын башында Германиянын «Комет» жана «Орион»[16] жардамчы крейсерлери Науруга жакын аймакта бир норвегиялык жана бир нече британиялык соода кемелерине чабуул жасап чөктүрүшкөн[17]. Чабуулга дуушар болгон кемелердин бир бөлүгү аралдын жээгинде фосфат тектерин жүктөөнү күтүп турушкан. «Триадика» фосфат ташуучу кеменин күйүп жаткандагы түтүнү Науру жээгинен да көрүнүп турган. Аралда жайгашкан радиостанция «Комата» кемеси жиберген айгай сигналдарын кабыл алган. Кабыл алынган маалыматтар Австралиянын деңиз флотунун штабына радиограмма аркылуу берилген. Чөгүп кеткен кемелердин сыныктары Науру аралынын жээгине толкундар аркылуу агып келинген, немистерге тутканга түшкөн экипаж мүчөлөрү жана кемелередеги жүргүнчүлөрүнүн дээрлик баардыгы Бисмарк архипелагынын курамындагы Эмирау аралына жеткирилишкен. Эмирау аралына жеткирилген туткундардын айрымдары Кавиенг шаарындагы Австралиянын өкүлдөрүнө Науру аралына кол салуу болуп жаткандыгын кабарлашкан, бирок бул аймакта согушка жөндөмдүү Австралия деңиз флотунун кемелери болгон эмес.
1940-жылдын 27-декабрында «Комет» крейсери Наурунун портунда жайгашкан стратегиялык курулмаларды бомбалоо үчүн аралга кайтып келген[18]. «Комет» крейсери аралга траверз багытынды токтоп, кригсмарине согуш желегин көтөрүп, аралдын жашоочуларына радио аркылуу кеме токтоочу жайларды жана мунай сактоочу кампаны бошотуу жөнүндө буйрук берилген. Бирок аралдыктар жогору аталган жайларды эскертүү катары аткылоолордон кийин гана бошотушкан. Аткылоодон кийин порт менен талкаланып, урандыларга айланган, ал эми чыккан өрт жапондор сатып алып, ташып кетүүгө камдап койгон фосфориттерди жок кылган.
1942-жылы 25-августа Науру аралын Жапония басып алган жана арал 1945-жылдын 13-сентябрына чейин Жапониянын башкаруу алдында болгон. Жапон оккупациясы учурунда 1200 наурулуктар Каролина архипелагынын Трук аралына депортацияланган, алардын 463 каза болушкан. 1946-жылы январда тирүү калган наурулуктар мекенине кайтып келишкен[19].
1947-жылдан баштап Науру БУУнун Улуу Британия, Австралия жана Жаңы Зеландиянын биргелешкен башкаруусуна астындагы калкаланган аймактарынын бирине айланган, бирок административдик башкарууну кайрадан эле Австралия жүргүзүп турган[14]. 1927-жылы эл тарабынан шайланган, чектелген ыйгарым укуктары бар Жол башчылар кеңеши түзүлөт. 1940-1950-жылдары аралда көз карандысыздык кыймылы калыптанган. 1951-жылы Жол башчылар кеңеши колониялык администрациянын алдындагы Наурунун жергиликтүү башкаруу кеңешине айланган.
1960-жылдардын аягында жана 1970-жылдардын башында АКШнын Тынч океандагы калкаланган аймактагы тарабынан, Микронезиянын жана Полинезиянын аралдарынын бир бөлүгүндө бирдиктүү мамлекет түзүү боюнча сунуштар киргизилген, анын курамына Науру да кириши керек болчу. Бирок, бул пландар ишке ашмак эмес жана АКШнын Тынч океандагы калкаланган аймактагы өзү төрт мамлекетке бөлүнгөн — Маршалл аралдары, Палау, Түндүк Мариана аралдары жана Микронезия Федеративдик Штаттары.
1966-жылга чейин Науруда ички өз алдынча башкарууну камсыз кылган жергиликтүү мыйзам чыгаруу жана аткаруу кеңештерин түзүүгө жетишкен. Наурунун эгемендүүлүгү 1968-жылы 1-январда жарыяланган[15].
1970-жылдардын ортосунда жыл сайын баасы 24 миллион австралия долларын түзгөн 2 миллион тонна фосфорит казылып алынsg жана экспорттолуп турган[15].
География
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Географиялык абалы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Науру аралы Тынч океанынын батыш тарабында экватордон 42 км алыстыкта жайгашкан. Жакынкы арал Банаба (Ошен) — Наурудан 288 чакырым алыстыкта, чыгыш тарабында жайгашкан жана Кирибати Республикасына таандык. Өзгөчө экономикалык жээк аймагынын аянты — 308,480 км²[20], анын 570 км² аянты аймактык сууларга туура келет. Кирибати жана Маршалл аралдары менен чектешет — өлкөнүн чек аралары өзгөчө экономикалык аймактардын чектери менен өтөт[21].
Науру аралы — жанар тоонун чокусунан көтөрүлгөн шуру (коралл) атоллу болуп саналат. Аралдын формасы сүйрү, чыгыш жээги аралдын ичин көздөй ийри келип Анибар булуңунун суулары менен чулганып турат.
Аралды курчап турган коралл рифи аркылуу жээкке оңой сүзүп өтүү үчүн бир нече каналдар жасалган. Аралдын жалпы аянты — 21,3 км²[20], узундугу — 6 км, туурасы — 4 км. Жээк тилкесинин узундугу — 18 км[9]. 65 метрге (кээ бир маалыматтар боюнча, 61-71 метр) жеткен эң бийик жери — Айво жана Буада округдарынын чек арасында жайгашкан[9][20]. Океандын тереңдиги аралдын жээгинен бир чакырым алыстыкта 1000 метрден ашат. Бул жерде суу астында жайгашкан тик жарлар орун алышкан.
Аралдын бети — борбордук бөлүгүндө бийиктиги 30 метрге чейин жеткен акиташ дөңсөлөрү жана аны курчап турган кууш, туурасы 100-300 метрге жеткен дениз жээгинде жайгашкан түздүктөн турат. Дөңсөлөрдүн курамы, деңиз канаттууларынын экскременттеринен пайда болгон фосфориттерден (науриттерден) турган.
Арал туурасы болжол менен 120-300 метр болгон кууш шурулуу рифтер менен курчалган. Бул рифтер аркылуу кичинекей кайыктарга аралдын жээгине түз жетүүгө мүмкүндүк берген 16 канал казылган[20].
Науру Тынч океанындагы үч чоң фосфариттерге бай шуру (коралл) атоллдорунун бири болгон. Азыркы учурда Наурудагы фосфариттердин запастары дээрлик толугу менен казылып алынган жана борбордук бөлүгүндө фосфариттерди казуу иштеринин натыйжасында 15 м бийиктиктеги акиташ чокулары калган. Кен казуу Наурунун жер аянтынын 80% жашоо үчүн жараксыз кылган жана жаратылышка орду толгуз зыян алып келген[22]. Фосфориттердин жана аны казып алуудан чыккан калдыктардын океанга түшүсүнүн себебинен, аралдын айланысында жашаган деңиз жандыктарынын 40% толугу менен жок болуп кеткен деп божомолдонууда[23][24].
Климат
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Наурунун климаты экватордук муссондук, ысык жана нымдуу. Абанын орточо температурасы болжол менен +27,5 °С. Күндүзү абанын температурасы +26 °C — +35 °С чейин өзгөрүлүп турат, ал эми түнкүсүн +22 °C — +28 °С тегерегинде[25]. Күндүзгү абанын температурасы +38-41 °С чейин житиши ыктымал. Жылдык орточо жаан-чачындын өлчөмү - 2060 мм. Кээде кургакчыл жылдар да болуп турат, ал эми кээ бир жылдары жаан-чачын 4500 ммге жетет[20]. Жаан-чачындуу мезгил ноябрдан февралга чейин созулат. Марттан октябрга чейин түндүк-чыгыш шамалы басымдуулук кылат. Жыл сайын аралга болжол менен 30 миллион м³ суу жаан-чачын түрүндө жаап турат, бирок жаан-чачындарга карабастан жер үстүндөгү агын суу жок.
Науру Өкмөтү глобалдык жылуулуктан кооптонууда, арал дүйнөлүк океандын деңгээлинин көтөрүлүшүнүн фонунда суу каптоо коркунучунда турат. Ошондуктан республика биринчи кезекте БУУ аркылуу дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн ушул көйгөйгө бурууга аракет кылуу менен алек[26].
Ярен шаарынын аба ырайы | |||||||||||||
---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|
Көрсөткүч | Жал | Чын | Буг | Кул | Тек | Баш | Аяк | Тог | Жет | Беш | Үчт | Бир | Жыл |
Абсолюттук максимум, °C | 34 | 37 | 35 | 35 | 32 | 32 | 35 | 33 | 35 | 34 | 36 | 35 | 37 |
Орточо максимум, °C | 30 | 30 | 30 | 30 | 30 | 30 | 30 | 30 | 30 | 31 | 31 | 31 | 30 |
Орточо минимум, °C | 25 | 25 | 25 | 25 | 25 | 25 | 25 | 25 | 25 | 25 | 25 | 25 | 25 |
Абсолюттук минимум, °C | 21 | 21 | 21 | 21 | 20 | 21 | 20 | 21 | 20 | 21 | 21 | 21 | 20 |
Булак: [1] |
Геология
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Аралдын ички аймагында фосфат тоо тектерин казып алуудан кийин калган ири акиташ калдыктары жана арсактары жайгашкан. Бул калдыктардын бийиктиги айрым жерлерде 10 метрден ашат, ал эми карьердин өзү көптөгөн чуңкурлары жана ойдуңдары бар чоң лабиринт сымал. Казылып алынган фосфат тектерин аралдын портуна жеткирүүнү жеңилдетүү үчүн атайын тар темир жолу курулган. Акиташ калдыктары төгүлгөн аянтчаларда топурактын жок болгондугунун себебинен, жааган жаа-чачын тоо тектерге сиңип кетет.
Суу ресурстары (гидрология)
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Науру аралында дарыялар жок. Аралдын түштүк-батыш бөлүгүндө жамгыр суулары аркылуу толуктанып турган кичинекей, аз туздуу Буада көлү жайгашкан. Анын деңгээли Науруну курчап турган океандан 5 метр жогору.
Аралдын тургундарынын көйгөйлөрүнүн бири — таза суунун жетишсиздиги. Өлкөнүн калкынын санынын өсүшүнүн фонунда бул маселе жыл сайын курчуп баратат. Аралда бир гана океан суусун тузсуздандыруучу завод бар, ал Наурудагы жалгыз электр станциясы иштеп чыккан электр энергиясы менен иштейт. Бирок, электр энергиясынын баасы өтө жогору болгондуктан, тузсуздандыруучу завод көп учурда өз ишин токтотот[25]. Жаан-чачын учурунда калк сууну атайын идиштерге чогултуп, андан ары аны турмуш-тиричилик муктаждыктарына, бакчаларды сугарууга жана малдарына пайдаланышат. Кургакчылык мезгилинде Австралиядан атайын кемелер менен ичүүчү суу алынып келинет[25].
Ярен округунда Мокуа үңкүр системасы менен байланышкан кичинекей жер астындагы Мокуа-Вел көлү жайгашкан. Океан жээгинен алыс эмес, Июв жана Анабар округдарынын чек арасында, бардык тараптарынан кургактык менен курчалган жана океан менен туташкан кичинекей көлдөрдүн тобу бар.
Топурак
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Науру аралынын жээгиндеги топурак катмары өтө жука — болгону 25 сантиметр, топурактын курамы коралл жана шагыл калдыктарынан турат. Борбордук дөңсөлөрү негизинен, органикалык, кумдан же аз фосфаттуу доломиттен турган акиташтан турат[26]. Айдоого ылайык жер катмарынын калыңдыгы болжол менен 10-30 см гана түзөт[26].
Флора и фауна
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Аралдын аянты өтө кичинекей, континенттик кургактыктан жана ири архипелагдардан обочо жайгашкандыгына байланыштуу Науруда жергиликтүү Tracheophyta өсүмдүктөрүнүн 60 гана түрү бар, алардын бири да эндемик эмес[15].
Экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки катуу кыйроолор, кокос пальмасынын монокультуралык таралышы жана фосфорит кендеринин иштетүү Наурунун көпчүлүк бөлүгүндө өсүмдүктөрдү жок кылган. Азыркы учурда аймактын өсүмдүктөр катмарынын 63% калыбына келтирилди.
Аралда кокос пальмасы, панданус, фикус, лавр жана башка жалбырактуу дарактар көп кездешет.
Ошондой эле ар түрдү бадалдар да таралган. Эң жыш өсүмдүктөр аралдын жээк тилкесинен аралдын борборун көздөй 150-300 метр аралыгында жана Буада көлүнүн айланасында өсөт. Наурунун ички бөлүгүндө гибискус, ошондой эле алча, бадам жана манго дарактары отургузуулган бакчалар кездешет.
Аралдын жапыз келген ойдуңдуу жерлерин жапыз жана жыш болуп өскөн болуп жыш өсүмдүктөр ээлейт, ал эми бийик бөксөлөрүндө жыгач өсүмдүктөрү басымдуулук кылат.
Наурунун жаныбарлар дүйнө байлыгы жакыр. Бардык сүт эмүүчүлөрдү адамдар алып келишкен: келемиштер, мышыктар, иттер, чочколор жана тооктор. Сойлоп жүрүүчүлөр негизинен кескелдириктерден турат. Бакша жаныбарлардын түрлөрүнө салыштырмалуу, канаттуулардын түрлөрү көбүрөөк — болгону 6 түр (чабакчылдар, бороончулар, чулдуктар, фрегаттар, көгүчкөндөр).
Науруну сайраган куштардын бир гана түрү байырлайт - науру кашкалдагы (Acrocephalus rehsei). Бул куш эндемик болуп саналат.
Көптөгөн курт-кумурскалардын жана башка омурткасыздардын түрлөрү бар. Аралдын айланасындагы сууларда ар кандай акулалардын, деңиз кирпилеринин, моллюскалардын, крабдардын жана көптөгөн уулуу деңиз жаныбарларын кездештирүүгө болот[27].
Саясий түзүлүшү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Мамлекеттик символика
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Науру Республикасынын мамлекеттик желеги, герби, гимни жана конституциясы 1968-жылы кабыл алынган жана бекитилген[28].
Мамлекеттик түзүлүш
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Науру — көз карандысыз республика[15]. Башкаруу формасын 1968-жылдын 28-январында (толуктоолор 1968-жылдын 17-майында киргизилген) кабыл алынган Конституциясы президенттик башкаруу формасынын айрым өзгөчөлүктөрүн камтыган парламентаризм деп аныктайт[29].
Мыйзам чыгаруу бийлиги
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы — 3 жылдык мөөнөткө шайланган 19 депутаттан турган бир палаталуу парламент. 2013-жылга чейин депутаттардын саны 18 болгон. Парламент мүчөлөрүн шайлоо тартиби Наурунун Конституциясы менен аныкталат[29].
Депуттарды шайлоо жалпы элдик шайлоо болуп саналат жана жашы 20 жеткен Наурунун жараны гана депутат боло алат. Парламент депутаттары кызматын ант берүү аземи менен баштайт. Спикер мөөнөтү бүткөнгө чейин өлкөнүн президенти менен кеңешип, парламентти таркаткан учурда депутаттардын ыйгарым укуктары токтотулушу мүмкүн[29].
Биринчи жыйында парламент мүчөлөрү парламенттин спикерин жана анын орун басарын шайлашат, андан кийин 19 депутаттын арасынан өлкөнүн президентин шайлоого өтүшөт[29].
Аткаруу бийлиги
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Президент — Наурунун мамлекет жана өкмөт башчысы болуп саналат. 2023-жылдын 11-июнунан тартып өлкөнүн парламенти эксперимент катары президент менен премьер-министрдин кызматтарын бөлүү чечимин кабыл алган[30].
Президентти жана премьер-министрди шайлоонун тартиби Наурунун Конституциясынын беренелеринин талаптары менен аныкталат. Парламенттин мүчөсү гана президент болуп шайлана алат. Шайлоо парламенттик шайлоодон кийин дароо парламенттин жыйынында өтөт. Президенттикке талапкер добуштардын жөнөкөй көпчүлүгүн алган учурда шайланды деп эсептелет. Президенттин мөөнөтү 3 жыл, бир адам бир эле учурда Президенттин жана парламенттин мүчөсүнүн кызматын ээлей албайт. Президенттин ыйгарым укуктар мөөнөтү бүткөнгө чейин кийинки себептерден улам токтолушу мүмкүн: өз калоосу менен кызматтан кеткенде, ден-соолугуна байланыштуу өз милдеттерин аткара албай калганда же кызматтан четтетилгенде (импичмент жарыяланганда).
Президентти кызматтан четтетүү үчүн парламенттин бардык депутаттарынын жарымынан кем эмеси добуш берүүгө тийиш. Президентке импичмент жарыялангандан кийин президенттик шайлоо дайындалат. Эгерде парламент президентти кызматтан кетирүү чечимин кабыл алгандан кийин жети күндүн ичинде президент шайланбаса, парламент автоматтык түрдө таркатылат[28].
Президент парламенттин курамынан 6дан ашпаган жана 5тен кем эмес министрлерден (президентти кошкондо) турган Министрлер Кабинетин дайындайт. Министрлер кабинети — бул өлкөнүн парламентинин алдында жамааттык жоопкерчиликти алган аткаруучу орган. Мыйзамда белгиленген тартипте президент өзгөчө абалды киргизет, жаза алгандарга ырайым кылуу маселелерин чечет, Жогорку соттун төрөгасын жана мүчөлөрүн дайындайт. Ошондой эле, Жогорку соттун макулдугу менен райондук соттордун дайындайт[28].
Сот бийлиги
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Науруда сот бийлиги толугу менен көз карандысыз. Республикада жалпы укук — укуктук система иштейт, анда укуктун булагы катары соттук прецедент таанылат. Жалпы укук мыйзамдардын жана 1971-жылы кабыл алынган мыйзамдардын актысына ылайык (англ. Adopted Laws Act 1971), науру элинин каада-салттары наурунун укуктук системасын түзөт[28].
Наурунун сот тутумуна — Жогорку сот, апелляциялык сот, райондук соттор жана үй-бүлө маселелери боюнча соттор кирет. Наурунун жер комитетинин жарлыгына ылайык (англ. Nauru Lands Committee Ordinance), өлкөдөгү жерге болгон талаш-тартыштарды чечкен жана ал иштерди Жогорку сотко өткөрүп берүү укугуна ээ болгон жер комитети бар.
Наурунун Конституциясынын 48-беренесинин талаптарына ылайык, жогорку соттон жана соттордун тобунан турган Жогорку сот түзүлгөн. . Жогорку соттун төрөгасы жана мүчөлөрү Наурунун Президенти тарабынан дайындалат. Науру Республикасынын Жогорку сотунун төрөгасы жана мүчөлөрү болуп өлкөнүн аймагында 5 жылдан кем эмес адвокат же ушул багытта иштеген жана жашы 65 жаштан ашпаган Науру Республикасынын жарандары гана шайлана алынашат[28].
Көпчүлүк сот менен байланышкан маселелерде Австралиянын Жогорку соту карайт жана чечет[15].
Шайлоо округу
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Науру Республикасынын аймагы 8 шайлоо округуна бөлүнөт.
Шайлоо округу | Шайлоо округун түзгөн административдик аймактар | Парламенттеги округдардын өкүлдөрдүн саны |
---|---|---|
Айво | Айво | 2 |
Анабар | Анабар, Анибар, Июв | 2 |
Анетан | Анетан, Ева | 2 |
Боэ | Боэ | 2 |
Буада | Буада | 2 |
Мененг | Мененг | 2 |
Убенид | Баити, Денигомоду, Нибок, Уабо | 4 |
Ярен | Ярен | 2 |
Наурунун 20 жаштан жогорку бардык жарандары шайлоо укугуна ээ. Баардык жарандар добуш берүүгө милдеттүү жана добуш берүү күнү шайлоо участогуна келбей калган жарандар айып салуу менен жазаланышат[31].
Саясий партиялар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Науруда 3 саясий партия каталаган:
- Демократиялык партиясы
- Наоэро Амо партисы
- Борбордук партиясы
Бирок жергиликтүү парламенттин депутаттарынын көпчүлүгү көз карандысыз жана саясий партиялардын мүчөлөрү эмес.
Куралдуу күчтөр жана полиция
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Бейрасмий макулдашуу боюнча, аралдын коопсуздугун Австралия камсыз кылат. Наурунун туруктуу аскердик жана куралдуу күчтөрү жок. Аралдагы жалгыз куралдуу түзүм — Наурунун Полиция күчтөрү. Полиция кызматкерлеринин саны 60 адам жана алар ок атуучу куралдар менен куралданышкан[32].
Науруда эң кеңири таралган укук бузуулар — ылдамдык режимин бузуу, жеке менчиктин кол тийбестиги, жеке жана коомдук менчиктин кол тийбестигин бузуу жана велосипед уурдоо болуп саналат[32].
Тышкы саясат жана эл аралык мамилелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Науру Республикасы Улуттар Шериктештигинде өзгөчө статуска ээ, ал 1968-жылы көз карандысыздыкка ээ болгондон кийин бул уюмга мүчө болгон. 1999-жылдын майынан 2006-жылдын январына чейин Науру Улуттар Шериктештигинин толук укуктуу мүчөсү болгон[28].
1999-жылдын 14-сентябрынан тартып Бириккен Улуттар Уюмуна 187-мүчөсү болуп кирген[33]. Тынч океан аралдарынын форуму, Африка, Кариб деңизи жана Тынч океан өлкөлөрү ж.б. уюмдардын мүчө болгон.
Науру Республикасы дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрү менен дипломатиялык мамилелерин түзгөн. Негизги өнөктөштөрү — Австралия, Улуу Британия, Индия, Тайвань, Корея Республикасы, Жаңы Зеландия, АКШ, Таиланд, Филиппин жана Жапония.
2009-жылы 15-16-декабрында Науру Республикасы Россия, Никарагуа жана Венесуэладан кийин Абхазия менен Түштүк Осетиянын көз карандысыздыгын тааныган дүйнөдөгү төртүнчү өлкө болуп калды[34][35].
Кыргызстан менен саясий мамилери
[түзөтүү | булагын түзөтүү]2020-жылдын 31-январында Кыргызстан менен Науру Республикасынын ортосунда дипломатиялык мамиле түзүлгөн.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министирлигинин маалыматка ылайык, дипломатиялык мамилелерди орнотуу жөнүндө биргелешкен коммюникеге Кыргыз Республикасынын Бириккен Улуттар Уюмундагы туруктуу өкүлү Миргүл Молдоисаева жана Науру Руспубликасынын Бириккен Улуттар Уюмундагы туруктуу өкүлү Марлен Мозес кол коюшкан.
Биргелешкен коммюникенин текстинде тараптар Бириккен Улуттар Уюмунун уставын жана эл аралык укуктун принциптерин жана максаттарын, атап айтканда, эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту урматтоону жана чыңдоону, мамлекеттер ортосундагы теңдикти, улуттук эгемендүүлүктү жана мамлекеттин аймактык бүтүндүгүн, көз карандысыздыкты тийиштүү түрдө урматтоону, эл аралык келишимдерди сактоону жана мамлекеттердин ички ишине кийлигишпөөнү жетекчиликке алып дипломатиялык мамилелерди орноту каралган.
Кол коюу аземинен кийин тараптар БУУнун жана башка эл аралык уюмдардын алкагында достук мамилелерди жана кызматташтыкты өнүктүрүү, ошондой эле БУУнун линиясы боюнча эл аралык уюмдарга бири-биринин талапкерлерине колдоо көрсөтүү боюнча ниеттерин билдиришкен[36].
Кытай Эл Республикасы жана Кытай Республикасы менен саясий мамилелери
[түзөтүү | булагын түзөтүү]2002-жылы 21-июлда Науру Республикасы 1980-жылы түзүлгөн жарым-жартылай таанылган Кытай Республикасы менен дипломатиялык мамилелерин үзүп, Кытай Эл Республикасы менен дипломатиялык мамилелерди түзгөн. Науруанын президенти Рене Харрис Гонконгдо Кытай Эл Республикасы менен болгон келишимге кол коюп, расмий түрдө бир гана Кытай өкмөтүн тааныган (Кытай Эл Республикасынын). Кытай Эл Республикасы болсо Науруга 60 млн АКШ долларын түзгө каржылык жардам берүүнү, ошондой эле «General Electric» компаниясы алдындагы 77 млн АКШ доллар өлчөмүндөгү карызын төлөө милдеттемесин алган[37].
Кытай Республикасынын реакциясы дароо болуп: Кытай Республикасынын өкмөтү КЭР долларлык дипломатияны жүргүзүп жатат деп айыптаган жана Науру Өкмөтүнөн Мененгде курулган мейманканага сарпталган 12,1 миллион АКШ доллар төлөөнү талап кылуу маселесин көтөргөн[38].
2005-жылы 9-майда Мажуродо Наурунун президенти Людвиг Скотти менен Кытай Республикасынын Президенти Чэн Шуйбяндын ортосунда жолугушуу болгон. Бул жолугушудан көп өтпөй 14-майда, Кытай Республикасы менен Наурунун дипломатиялык мамилелери расмий түрдө жанданып, Кытай Эл Республикасы менен мамилелерди татаалдашкан. 31-майда Кытай Эл Республикасы Науру менен саясий мамилесин толугу менен үзгөн[39]. Тайвань Науруга айыл чарба, балык уулоо, туризм жаатында олуттуу жардам көрсөтөт.
Австралия менен саясий мамилери
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Науру соода жана инвестиция тармагында негизги ролду ойногон Австралия менен тыгыз мамиледе. Австралиянын Науру Республикасында башкы консулу, вице-консулу жана Австралиянын иммиграция департаментинин эки өкүлү иш алып барышат[40]. Науру Республикасынын иштерин Мельбурндагы башкы консулу алып барат[41].
1993-жылы августта эки өлкөнүн өкмөттөрү мамлекеттер орточундагы мамилелерди Жөнгө салуу келишимине (англ. Compact of Settlement) кол коюшкан, бул келишимдин негизинде Науру көз карандысыздыгын алганга чейин фосфорит кендерин казып алуудан жабыркаган жерлерди калыбына келтирүү боюнча БУУнун Эл аралык сотундагы Наурунун Австралияга каршы сот иши аяктаган. Натыйжада Австралия Науруга 57 миллион австралиялык доллар төлөп, дагы 50 жылдын ичинде 20 миллион доллар төлөп берүүгө убада берген.
Науру аймактагы контрабандага каршы күрөшүү боюнча Австралия менен кызматташат.
Наурунун аймагында, Австралияга деңизге аркылуу мыйзамсыз кирүүгө аракет кылган башка өлкөлөрдүн жарандары үчүн Австралиянын иммиграция борбору жайгашкан. 2016-жылга карата маалыматтарга ылайык бул борбордо 400дөн ашык адам кармалган. Наурудагы качкындарга карата зомбулук, кемсинтүү жана кордоо фактыларын, анын ичинде балдарга карата сексуалдык зомбулукту чагылдырган көптөгөн документтер бар. Наурудагы качкындар лагерлериндеги адам чыдагыз шарттар тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар боюнча агенттиги жана башка эл аралык уюмдар да билдиришкен[42].
ЕБ өлкөлөрү менен саясий мамилери
[түзөтүү | булагын түзөтүү]1995-жылы августта Француз Полинезиясындагы Моруроа жана Фангатауфа атоллдорунда Франция атомдук куралын сынагандан кийин, Науру, Кирибати сыяктуу, Франция менен дипломатиялык мамилесин үзгөн. Бирок, 1997-жылы 15-декабрда Франция Өкмөтүнүн аймактагы атомдук куралды сыноону токтотуу жөнүндөгү жарлыгынан кийин Франция менен дипломатиялык мамилелер калыбына келген. Өз кезегинде, Науру Президенти Кинза Клодумар Франциянын Борбордук жана Түштүк Тынч океанындагы чакан мамлекеттердин элдерине берген олуттуу жардамын баалаган[43].
Тактап айтканда Науру Республикасы Европа Бирлиги менен достук мамиледе. Европа өлкөлөрү бул Тынч океанында жайгашкан мамлекетке энергетика жаатында жардам берип келүүдө[44].
СССР жана Россия менен саясий мамилери
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Науру менен СССРдин ортосундагы дипломатиялык мамилелер 1987-жылы 30-декабрда түзүлгөн. Учурда Россиянын Австралия Шериктештигиндеги элчиси, Науру Республикасындагы элчисинин дагы милдетин аткарат[45].
Административдик-аймактык түзүлүшү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Науру Республикасынын администрациялык-аймактык жактан 14 округга бөлүнөт[46]:
Округдар |
Айво • Анабар • Анетан • Анибар • Баити • Боэ • Буада • Денигомоду • Ева • Июв • Мененг • Нибок • Уабо • Ярен |
---|
Калкы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Калктын өсүү динамикасы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]№ | Округ | 17.04.1992 | 23.09.2022 | 30.10.2011 |
---|---|---|---|---|
1 | Айво | 874 | 1051 | 1220 |
2 | Анабар | 320 | 378 | 452 |
3 | Анетан | 427 | 498 | 587 |
4 | Анибар | 165 | 232 | 226 |
5 | Баити | 450 | 443 | 513 |
6 | Боэ | 750 | 731 | 851 |
7 | Буада | 661 | 673 | 739 |
8 | Денигомоду | 325 | 292 | 307 |
9 | Ева | 355 | 397 | 446 |
10 | Июв | 206 | 169 | 178 |
11 | Мененг | 1389 | 1323 | 1380 |
12 | Нибок | 577 | 479 | 484 |
13 | Уабо | 447 | 386 | 318 |
14 | Ярен | 672 | 632 | 747 |
Науру | 9919 | 10065 | 10084 |
Төрөлүү коэффициенти
[түзөтүү | булагын түзөтүү]2011-жылдагы эл каттоонун негизинде аралдын калкы жаш жана тез өсүп жатат деген жыйынтык чыгарса болот. Эл каттоо учурунда жалпы калктын саны 10 084 адамды (5105 эркек жана 4979 аял) түзгөн бул 2006-жылга салыштырмалуу 9233 адамга көп. 2006-жылдан бери калктын саны 9,22% га же 851 адамга өскөн. Калктын санынын орточо жылдык өсүш темпи 1,844% же башкача айтканда калктын өсүшү жылына 170 адамдын чегинде. Бирок, азыркы учурда калктын өсүү көрсөткүчү 1,8% бир топ жогору жана калктын саны жылына болжол менен 300 адамга өсөт[47].
Төрөлүүнүн жалпы коэффициенти | |||||||||
---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|
2002 | 2003 | 2004 | 2005 | 2006 | 2007 | 2008 | 2009 | 2010 | 2011 |
3,025 | ↘2,515 | ↗3,050 | ↘2,430 | ↘2,340 | ↘2,115 | ↗2,520 | ↗3,240 | ↗3,725 | ↗4,225 |
Өспүрүмдөрдүн арасындагы төрөт көрсөткүчү өтө жогору, 15-19 жаштагы төрөгөндөрдүн көрсөткүчү боюнча 81 аялга 1000 балага туура келет.
Жыл | Төрөлгөндөр | Өлгөндөр | Калктын табигый өсүшү |
---|---|---|---|
2002 | 255 | 91 | 164 |
2003 | 212 | 76 | 136 |
2004 | 253 | 75 | 178 |
2005 | 194 | 80 | 114 |
2006 | 190 | 88 | 102 |
2007 | 171 | 74 | 97 |
2008 | 206 | 84 | 122 |
2009 | 273 | 57 | 216 |
2010 | 322 | 69 | 253 |
2011 | 370 | 75 | 295 |
Жашоо узактыгы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]2007-2011-жылдар аралыгында жашоонун узактыгы эркектер үчүн 57,5 жашты жана аялдар үчүн 63,2 жашты түзгөн. Эркектер үчүн жашоо узактыгы өзгөргөн жок, ал эми аялдар үчүн жашоо узактыгы 5 жылга узарды[47].
Саны жана жайгашуусу
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Калктын жыштыгы — 473,43 адам/км². Аралдын аймагында Австралияга мыйзамсыз кирүүгө аракет кылган качкындар лагери жайгашкан, 2016-жылдын июнь айынын аягында бул лагерге 442 адам (анын ичинде 338 эркек, 55 аял жана 49 жаш бала) жайгаштырылган. Качкындардын көпчүлүгү Ооганстан, Иран жана Ирактын жарандары[48].
1968-жылы, Науру эгемендүүлүгүн жарыяланда калкынын саны 6 миңден ашык (1966-жылы калкынын саны 6057) адам болгон.
Науруда төрөлүү 1000 адамга - 24,47, өлүү 1000 адамга - 6,65, ал эми калктын табигый өсүшү 1,781% деп бааланат[49]. 2007-жылы ымыркайлардын өлүмү 1000 адамга 9,6 ымыркай деп көрсөтүлгөн.
2007-жылы 15 жашка чейинки балдардын саны калктын - 37,8% (3813 адам), 15 тен 60 жашка чейинки курактагы адамдардын саны калктын - 59,3% (5983 адам), 60 жаштан өткөндөрдүн саны калктын - 2,9% (287 адам) түзгөн. 2011-жылы эркектердин орточо жашоо узактыгы 65 жашты, аялдардыкы 75 жашты түзгөн[47].
Аралдын расмий борбору жана шаарлары жок. Президенттин резиденциясы Мененг округунда, ал эми мамлекеттик органдар жана парламент Ярен округунда орун алышкан. Аралдын калкы океан жээгинде жага Буада көлүнүн айланасында орун алышкан.
Калктын саны (адам)[15][49][47] | |||||||||
---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|
1921 | 1933 | 1947 | 1954 | 1961 | 1966 | 1977 | 1983 | 1992 | 2000 |
2066 | ↗2641 | ↗2855 | ↗3473 | ↗4613 | ↗6057 | ↗6966 | ↗7674 | ↗9919 | ↗10123 |
2001 | 2002 | 2003 | 2004 | 2005 | 2006 | 2007 | 2008 | 2009 | 2010 |
↘10106 | ↘10064 | ↘9871 | ↘9668 | ↘9456 | ↘ 9233 | ↗9373 | ↗9570 | ↗9771 | ↗9976 |
2011 | 2013 | 2015 | 2016 | 2019 | |||||
↗10084 | ↗10500 | ↗10900 | ↘10800 | ↗11550 |
Жыныстык жана курактык түзүм
[түзөтүү | булагын түзөтүү]2011-жылы катталган туруктуу калктын саны 5105 эркек жана 4979 аялдан турган. Эркектер аялдардан 126 адамга көп болушкан, башкача айтканда 100 аялга 103 эркек туура келген[47].
Жыл | Курак (%) | Орточо курак | 100 аялга туура келген
эркектердин саны | |||
---|---|---|---|---|---|---|
0-14 | 15-24 | 25-59 | 60+ | |||
1992 | 43 | 17 | 38 | 3 | 19,4 | 105 |
2002 | 39 | 20 | 39 | 3 | 20,7 | 104 |
2011 | 38 | 19 | 40 | 3 | 21,5 | 103 |
Этникалык курам
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Науру калкынын курамы негизинен тоо-кен өнөр жайынын ишмердилүүгүнө байланышкан. 1930-жылдары шахталарда иштөө үчүн жумушчулар дүйнөнүн ар кайсы бурчунан келишкен. Алгачкы билдирүүлөргө караганда, 1939-жылы чет элдик жарандардын саны жергиликтүү калктын санына барабар. 1977-жылы калкынын 60% чет элдиктер жана 40% жергиликтүү калк болгон. Чет элдиктердин санынын көрсөткүчү 1992-жылы жалпы калктын санынын 70% чейин көбөйгөн. 2006-жылы фосфат казып алуу тармагынын кыйрашынан улам эмгек мигранттарынын жана алардын үй-бүлөлөрүнүн массалык чыгуусунун натыйжасында, жалпы калкытын санындагы чет элдиктердин үлүшү 6% га чейин кыскарган. Наурунун фосфат өнөр жайы, соода жана тышкы экономиканы стимулдаштырууну улантууда жана келечекте калктын этникалык курамына түздөн-түз таасирин тийгизиши мүмкүн[47]. Науру калкынын болжол менен 91% же 9031 адам республиканын түпкү эли - наурулуктар.
Науру калкынын жалпы санынын — 4% Тынч океандын башка аралдарынан келгендер (негизинен фижиликтер жана тунгаруандар), 1,6% (161 адам), 1,5% (151 адам) кытайлар түзөт. Өлкөнүн калкынынын курамында чет өлкөлүк жарандардын үлүшү жогору.
Тилдин негизинде наурулуктар микронезия элдеринин тобуна кирет, бирок бул улуттун түптөлүшүнө микронезиялыктар гана эмес, полинезиялыктар жана меланезиялыктар да таасирлеринин тийгизишкен[50].
Тил
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Наурулуктар микронезия тилдеринин бири болгон науру тилинде сүйлөшөт. 1968-жылга чейин Науру Республикасы Австралия, Улуу Британия жана Жаңы Зеландиянын биргелешип башкарган аймагы болгондугуна байланыштуу англис тили, науру тили менен бирге мамлекеттик тил болуп саналат. Кытай соодагерлери менен карым-катнаш жүргүзүүдө, жергиликтүү калк тарабынан наурулук англис пижини күн сайын колдонулунат[51].
Науру тилинин алфавити латын алфавитинин негизинде түзүлүп жана 17 тамгадан турган. Кийин, башка тилдердин, айрыкча немис, ток-писин жана кирибати тилдеринин таасиринен улам, алфавит 28 тамгага чейин кеңейтилген. Науру тилинин окуу китебин жазган католик миссионери Алоис Кайзер, ошондой эле Германиядан чыккан америкалык протестант миссионери Филипп Делапорт бул тилдин өнүгүүсүнө ири салымдарын кошушкан.
Дин
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Наурунун калкы негизинен христиан диндерин карманышат. Наурулуктардын көбү (60,5% же 6098 адам) протестанттык чиркөөлөрдүн мүчөлөрү, анын ичинен 35,2% (3552 адам) Мененг, Буада, Анабар жана Нибок округдарында чиркөөлөрү бар Науру конгрегационалистик чиркөөсүнүн жолдоочулары. Бул агымдын негизги чүркөөсү Айво округунда жайгашкан. Кудай Ассамблеясы агымынын жолдоочулары — 12,8% же 1291 адам), Науру көз карандысыз чиркөөсүнүн өкүлдөрү — 9,4% же 945 адам. Өлкөдө адвентисттер, баптисттер жана жахабанын күбөлөрү да бар[47].
Наурунун тургундарынын болжол менен 32,5% же 3278 адамы католик чиркөөсүнүн жолдоочулары, алардын Ярен округунда өзүнүн чиркөөсү, ошондой эле Ева округундагы мектеби (Кайзер колледжи) бар. Наурунун жашоочуларынын болжол менен 5% буддизм жана даосизм, 2% бахаизм диний агымдарын карманышат. Наурулуктардын чакан тобу Эижебонг (Eijebong) пирине жана Буитани (Buitani) аттуу аралдын рухуна сыйынууну камтыган салттуу ишенимдерди карманышат[47].
Өкмөт айрым диний конфессиялардын ишин чектейт, мисалы Иса Машаяктын азыркы чиркөөсү жана жахабанын күбөлөрү. 1979-жылы Науруга Маршалл аралдарынан жахабанын күбөлөрүнүн миссионери барган соң дароо эле депортацияланган[52].
1995-жылы диндерге болгон чектөөлөрдүн бир бөлүгү алынып салынган[52].
Экономикасы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Экономиканын негизи - фосфориттерди казуу жана экспортоо. Убагында Науру дүйнөдө эң бай өлкөлөрдүн катарына кирген. Фосфориттерди казып алган жерлерди карадан калыбына келтирүү үчүн атайын каржы фонд ачылган.
Акча бирдиги - австралия доллары.
Акча жана каржы системасы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Наурунун акча бирдиги болуп австралия доллары саналат. 2001-жылы аралдагы инфляциянын деңгээли 4% жекен (бул негизинен дүйнөлүк рынокто мунайдын баасынын жана аны ташууга кеткен чыгымдардын жогорулашына байланыштуу). 2000-жылы мамлекеттик бюджеттинин тартыштыгы 10 миллион австралия долларын же өлкөнүн ИДП болжол менен 18% түзгөн. 2000-жылга карата мамлекеттик карызы 280 миллион австралия долларын түзгөн[20].
XXI кылымдын башында Науру Өкмөтү фосфориттердин экспортунун төмөндөшүнөн улам каржы жаатында көптөгөн көйгөйлөргө туш болгон. Бул кризистин натыйжада, 2002-жылы өлкө айрым кредиторлорго болгон карызын убагында төлөй албай калган. Өкмөт бюджеттин тартыштыгын жана роялти төлөмдөрүн жабууда Науру банкынын каржы булактарына таянууну улантып келет.
Науруда сатуудан салык алынбайт, бирок бир катар товарлардан бажы төлөмдөрү алынып турат, бажы төлөмдөрүнүн эрежелери жана суммасы мезгил-мезгили менен өзгөрүп турат. Тамекиге жана алкоголго салык салынбайт[53].
Айыл чарба
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Жергиликтүү калкты жемиштер менен камсыз кылуу максатында, аралдын жээк тилкесинде банан, ананас, папайя, манго, нан багы, кокос пальмалары өстүрүлөт.
Балык уулоо
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Наурунун балык уулоо тармагы дагы эле жакшы онүкпөгөн боюнча калууда, өлкөдө негизинен ички колдонуучулар үчүн балык кармаган эки гана кичинекей балык уулоочу кеме бар. Кармалган тонбалыктарынын бир бөлүгү Австралияга жана Жапонияга экспорттолот, бирок кирешелүүлүгү дагы деле өтө төмөн, мисалы, 2001-жылы жумасына 600 кг гана тонбалыктары экспорттолгон. 2000-жылы Науруда биринчи балык базары пайда болуп, ал өлкөнүн калкынын бир бөлүгүн жумуш менен камсыз кылган.
Акыркы мезгилде өлкөнүн өзгөчө экономикалык аймагындагы балык уулоо укугуна лицензия берүүдөн түшкөн кирешелер жергиликтүү бюджетти толуктоонун олуттуу булагы болуп калды. Мисалга алсак, 2000-жылы балык улоого лицензия сатуудан түшкөн киреше 8,5 миллион австралия долларын түзгөн. Бул чөйрөдөгү негизги өнөктөштөрү - Кытай, Түштүк Корея, Тайвань, АКШ жана Жапониянын балык уулоо компаниялары[25].
Науруда аквакультура да өнүгүп жатат, аралдагы кичинекей жасалма көлмөлөрүндө, негизинен ички колдонуу үчүн ханос балыктары өстүрүлөт[54].
Өнөр жай
[түзөтүү | булагын түзөтүү]1980-жылдары фосфот өндүрүүнүн деңгээли кыйла төмөндөгөн (1985-1986 жылдары 1,67 млн тоннадан 2001-2002 жылдары 162 миң тоннага чейин) жана 2003-жылы фосфоттарды казып алуу толугу менен токтотулган[55]. Кийинчереек Австралиянын, фосфат казуу багытында иш алып барган «Incitex Pivot» компаниясынын инвестициясынын жардамы менен кен казуу инфраструктурасы кайрадан калыбына келтирилип, 2006-жылдын сентябрында фосфат тектерин экспорттоо жанданган. Фосфориттердин кору 2009-2010-жылдары толугу менен казылып алынган, азыркы учурка аз гана фосфориттердин кору калды[55].
Өлкөгө азык-түлүк, күйүүчү май, унаалар жана тетиктер, жабдуулар, курулуш материалдары, керектөө товарлары алынып импорттолуп турат[15][53].
Туризм
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Аралдагы туризм фосфат казып алуудан кийин калган экологиялык булгануудан улам көп өнүккөн эмес. Наурунун визасын Кыргызстандын жарандагы аралга барганда же учак менен конгондо ала алышат[56]. Өлкөнүн аймагынан чыккан бардык жүргүнчүлөрдөн 25 австралиялык доллар аэропорт акысы алынат.
2019-жылы республиканын парламентинин чечими менен негизги максаты өлкөдө туризмди өнүктүрүүгө багытталган Науру туристтик корпорациясы түзүлгөн[57].
Транспорт
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Науру автожолдорунун узундугу болжол менен 40 чакырымды түзөт. Асфальтталган жолдордун узундугу 29 км, анын 17 км жээкти бойлой өтөт. Фосфариттердин кендерин океан жээгине жеткирүүнү жеңилдетүү үчүн 12 чакырымдык, асфальтталбаган жол курулган. Аралдын түштүгүндө Науру эл аралык аэропорту жайгашкан. Наурунун улуттук авиакомпаниясы болуп «Nauru Airlines» саналат жана бул компаниянын карамагында Боинг-737 төрт учагы бар.
Науруда, аралдын борборундагы фосфат кендерин түштүк-батышындагы порт менен байланыштырган 3,9 км арылыка созулган темир жол бар.
Науру мамлекети боюнча коомдук транспорт жок болгондугуна байланыштуу көпчүлүк тургундар жеке транспорт каражаттарын колдонушат.
Аймактагы башка мамлекеттер менен болгон деңиз байланышы бар.
Байланыш
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Науруда биринчи почта маркалары 1916-жылы чыгарылган. Алар «NAURU» деген жазуусу бар Улуу Британиянын маркалары болгон.
1998-жылдын сентябрынан тартып науруда интернет байланышы пайда болгон[58]. Интернет менен колдонуучулардын саны болжол менен Наурунун калкынын жалпы санынын жарымын гана түзөт[59]. Аралдын телекоммуникация системасы жакшы өнүккөн. Көптөгөн коомдук телефондор IDD эл аралык тутумга түз чыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ, бирок, телекоммуникация кызматтары австралиялык компаниялардын тармактары аркылуу жүргүзүлгөндүктөн, эл аралык чалуулар операторлор аркылуу жүргүзүлөт. AMPS стандартындагы уюлдук байланыш дээрлик бүт аралдын аймагын камтыйт[60]. Акыркы мезгилде байланыш кызматтарынын үзгүлтүккө учурашы байкалууда, анткени бул тармакты тейлеген чет элдик компаниялар алдын-ала төлөө системасында өз кызматтарын көрсөтөт. 2003-жылдын башында Рене Харрис жана Бернард Довийого президенттин кызматына талапкер болушкан жана Науру эң курч саясий кризиске кабылып, жарандардын кагылышуусунда президенттин резиденциясы өрттөнүп кеткен жана, телефон байланышы толугу менен үзүлгөн[61]. Аралдан тышкары жайгашкан аймактар менен байланышуу бир нече жума бою портко келген кемелердеги спутник телефондору аркылуу жүргүзүлгөн[62].
Тышкы соода
[түзөтүү | булагын түзөтүү]2017-жылы экспорт 24,7 млн АКШ долларын, ал эми импорт - 35,6 млн АКШ долларын түзгөн[63].
Экспорттук кирешенин дээрлик 70% фосфаттарды сатуудан түшөт. Негизги соода өнөктөштөрү Австралия жана Жапония (бул өлкөлөрдүн ар биринин үлүшү 24%), андан кийин Түштүк Корея (16%). Негизинен унаалар, жабдуулар, азык-түлүк жана химиялык товарлар импорттолот. Негизги керектелүүчү товарлар менен жабдып туруучу мамлекеттер - Австралия (63%), Фижи (12%) жана Индия (11%).
Маданияты
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Науру аралынын алгачкы маданияты жөнүндө маалыматтар өтө эле аз. Батыштын таасири күчтүү болгондуктан, жергиликтүү тургундар тарабынан көптөгөн үрп-адаттар жана каада-салттар унутулуп калган. Байыркы науруандыктардын жазуусунун жоктугу өлкөнүн маданий байлыгын изилдөөнү татаалдаштырат.
Науру аралынын колония айланганга чейинки тургундарынын социалдык уюму
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Науруалуктардын алгачкы маданияты аралда жашаган 12 уруунун маданиятынан негизделген. Науруда жалпы башчы болгон эмес жана ар бир уруунун өз тарыхы болгон. Салт боюнча, ири уруулар майда урууларга бөлүнгөн жана айда уруулардагы ар бир адам белгилүү бир топторго таандык болгон:
Колунда жок, кедейлердин эки классы төмөндөгүдөй аталган:
Адамдын тигил же бул класска таандык экендигин аныктоодо негизги фактору болуп энесинин теги болгон. Темонибе уруусу өзгөчө орунду ээлеген, аларга балык уулоого уруксат берилген жана алар деңиздеги айрым аймактага ээлик кылышкан.
Ошол кездеги калктуу конуштардын көпчүлүгү деңиз жээгинде жайгашышкан, айрымдары гана Буада көлүнүн айланасында орун алган. Аралдыктар эки-үч үйдөн турган кичинекей, короо-жайлуу үйлөрдө жашап жана айылдарга биригишкен. Жалпысынан Науруда 168 айыл жайгашып, алар 14 облуска биригишкен. Бул тарыхый облустардын негизинде, азыркы учурдагы аралдын 14 административдик округу түзүлгөн.
Массалык маалымат каражаттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Науруда дайыма иштеген басма сөз кызматтары жок. Анда-санда англис жана науру тилинде басылган Nauru Bulletin жана «Наоэро Амо» оппозициялык саясий партиясынын The Visionary гезиттери чыгып турат. Эки жумада бир жолу Central Star News жана Nauru Chronicle гезиттери басмадан чыгат[64].
Наурунун жалгыз радиостанциясы жана телеканалы өкмөткө таандык жана негизинен «Австралия радиосу» жана «BBC» программаларын чагылдырат (ретрансляция).[64]
Спорт
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Наурунун улуттук спорттук оюну - австралия футболу.
Футбол боюнча улуттук курама командасы дагы бар, бирок ал өлкөдө кесипкөй оюнчулардын жана ири стадиондордун жактугуна байланыштуу ФИФА же Океания футбол конфедерациясы тарабынан таанылган эмес. Футбол оюнчуларынын формасынын түсү - көк жана ортосунан сары тилке сызылган. Футбол боюнча улуттук курама тобу башка өлкөнүн командасы менен биринчи беттешүүсү 1994-жылдын 2-октябрында болгон. Анда Наурунун курама тобу Соломон аралдарынын курама тобун 2:1 эсебинде утуп алган. Бул наурулуктар үчүн чоң жеңиш болуп калган. Аралда бир нече спорт аянтчалары жана стадиондор бар: «Линкбелт Овал« (Айво округунда жайгашкан, бирок ал кыйла эскирген жана эл аралык стандарттарга жооп бербейт), Мененг стадиону (3500 орундуу, 2006-жылы курулган) жана Дениг стадиону.
Оор атлетика, софтбол, баскетбол жана теннис абдан популярдуу. Өлкөнүн Өкмөтү тарабынан оор атлетика колдого алынган, дал ушул багыт боюнча Науру эң көп спорттук ийгиликтерге жетишкен. Шериктештик оюндарында оор атлетчи Маркус Стивендин сенсациялуу жеңишинен кийин 1990-жылы бул республикада Науру Улуттук Олимпиада Комитети түзүлгөн. 1992-жылы Маркус Барселонада өткөн Олимпиада оюундарына катышкан биринчи наурулук спортчу болуп тарыхта калды. Науру расмий түрдө 1996-жылы олимпиадалык кыймылга кабыл алынган. Наурунун биринчи расмий атлеттери Маркус Стивен, Жеррард Гарабван жана Куинси Музаламо болушкан.
Наурунун эң чебер теннисчилери - Дэвид Детудамо жана Анжелита Детудамо.
Майрамдар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Дата | Аталышы | Англисче аталышы |
---|---|---|
1-январь | Жаңы жыл | New Year’s Day |
31-январь | Эгемендүүлүк күнү | Independence Day |
датасы
кошумча аныкталат |
Жагымдуу жума | Good Friday |
Жаркын дүйшөмбү | Easter Monday | |
Жаркын шейшенби | Easter Tuesday | |
17-май | Конституция күнү | Constitution Day |
25-сентябрь | Жаштар күнү | National Youth Day |
26-октябрь | Ангам күнү | Angam Day |
25-декабрь | Рождество | Christmas Day |
26-декабрь | Белектер күнү | Boxing Day |
Социалдык тармак
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Саламаттыкты сактоо
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Аралдагы калкты таза суу менен камсыздоону жакшыртуу жана үзгүлтүксүз санитардык-профилактикалык иш-чараларды жүргүзүүгө багытталган эффективдүү мамлекеттик программасынын натыйжасында акыркы жылдары аралда жугуштуу оорулардын жайылышына жол бербөө мүмкүн болду. Бирок кант диабети, гипертония, жүрөк-кан тамыр оорулары жана рак сыяктуу жугуштуу эмес оорулар, ошондой эле респиратордук оорулар Наурунун калкынын өлүмүнүн негизги себептери болуп калууда[65].
Науру калкы ашыкча салмактан (семирүүдөн) катуу жабыркайт жана семиз адамдардын саны боюнча дүйнөдө бешинчи орунда турат[66]. 2003-жылы Наурудагы диабеттин таралышы (30,2%) дүйнөдө эң жогору көрсөткүчкө жеткен. Наурудагы калктын семирүүсүнүн себептери, башка аймактардагыдай эле, арзан калориялуу тамак-аштын, биринчи кезекте эт консерваларынын көп колдонуулушу менен байланыштуу[67].
Наурунун саламаттыкты сактоодогу негизги көйгөйлөрдүн бири — кадрлар маселеси, ошондуктан өлкөнүн өкмөтү бул тармакка мүмкүн болушунча көп адистерди тартууга аракет кылып жатат. Аралда медициналык жардам акысыз.
1999-жылы июлда Наурунун жалпы типтеги ооруканасы (англ. Nauru General Hospital) менен Улуттук фосфат корпорациясынын ооруканасы (англ. National Phosphate Corporation Hospital) Науру Республикасынын ооруканасы (англ. Republic of Nauru Hospital) деген ат менен бириктирилген, анда беш гана дарыгер иштейт. Оор дартка чалдыккан адамдар Австралияга дарыланууга жөнөтүлөт.
1995-1996-жылдары саламаттыкты сактоого кеткен чыгымдар 8,9 миллион австралия долларын же өлкөнүн жалпы бюджетинин 8,9% түзгөн. Дарыгерлердин көпчүлүгү чет элдиктер[65].
Билим берүү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Науруда билим берүү 6 жаштан 15 жашка чейинки балдар үчүн милдеттүү (1-10-класстар). Билим берүү тутуму 2 этапты камтыйт: мектепке чейинки дардоо (англ. Pre-school) жана даярдоо баскычы (англ. Preparatory School).
Башталгыч билим берүү окуу мезгилинин биринчи 6 жылында, башкача айтканда, 6 жаштан 11 жашка чейинки окуучулар үчүн берилет. Окуучулар алгачкы эки жыл Ярен округунун башталгыч мектебинде (англ. Yaren Primary School), үчүнчү жана төртүнчү жылдары Айво округунун башталгыч мектебинде (англ. Aiwo Primary School) жана бешинчи жылдан тартып Науру колледжинде (англ. Nauru College) окушат. Башталгыч мектепти аяктагандан кийин, башталгыч билим жөнүндө сертификат алуу үчүн сынактар тапшырылат (англ. Nauru Primary Certificate).
Кийинки баскыч — орто мектеп (7-10-класстар үчүн милдеттүү жана 11-12-класстарды окуучулар өз калоосу окуса болот). 10-класстан кийин орто билими туралуу сертификат алуу үчүн сынактар тапшырылат (англ. Nauru Junior Certificate). 12-класска чейин окууну уланткан учурда, толук орто билими туралуу сертификатка (англ. Pacific Senior School Certificate) ээ болуу үчүн сынактартардан өтүү зарыл.
Аралдын жашоочулары жогорку билимди чет өлкөлөрдөн, негизинен Австралиядан алышат. Науруда Түштүк Тынч океан университетинин (англ. University of the South Pacific) сырттан окуу бөлүмү жайгашкан.
Науруда билим алуу толугу менен акысыз.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Paul Hambruch. Nauru // Ergebnisse der Südsee-Expedition. — Hamburg: Friedrichsen, 1914 (нем.)
- Hermann Joseph Hiery. Die deutsche Südsee 1884–1914. Ein Handbuch. — Schöningh, Paderborn u. a., 2002. — С. 22. — ISBN ISBN 3-506-73912-3 (нем.)
- Die Eingeborenen von Nauru (Südsee). — Anthropos. Bd. 12/13, 1917/18. — 315–316. (нем.)
- Honor C. Maude. The String Figures of Nauru Island. — The University of the South Pacifiv Centre in Nauru and Institute of Pacific Studies, 2001. — С. 11. — 199 с. — ISBN 9789820201484. (англ.)
- Carl Eduard Meinicke. Die Inseln des stillen Oceans, eine geographische Monographie. — Leipzig: Verlag von P. Frohberg, 1876. — Bd. 2. — 324. (нем.)
- Беликов В. И. Происхождение и миграции полинезийцев (по лингвистическим данным). // Пути развития Австралии и Океании: история, экономика, этнография. — М.: Наука, 1981. — 243—254. (Полинезиялыктардын келип чыгышы жана миграциясы) (орусча)
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ World Population Prospects 2022: Demographic indicators by region, subregion and country, annually for 1950-2100 (Дүйнөлүк калк 2022: өлкөлөр боюнча демографиялык көрсөткүчтөр (1950-2100 жылдарга карата)) (англ.)
- ↑ Department of Economic and Social Affairs Population Division (БУУ. Экономикалык жана социалдык иштер департаментинин калктар боюнча бөлүмү) (англ.)
- ↑ Paul Hambruch. Nauru // Ergebnisse der Südsee-Expedition. — Hamburg: Friedrichsen, 1914 (нем.)
- ↑ Hermann Joseph Hiery. Die deutsche Südsee 1884–1914. Ein Handbuch. — Schöningh, Paderborn u. a., 2002. — С. 22. — ISBN ISBN 3-506-73912-3 (нем.)
- ↑ Die Eingeborenen von Nauru (Südsee). — Anthropos. Bd. 12/13, 1917/18. — 315–316. (нем.)
- ↑ Honor C. Maude. The String Figures of Nauru Island. — The University of the South Pacifiv Centre in Nauru and Institute of Pacific Studies, 2001. — С. 11. — 199 с. — ISBN 9789820201484. (англ.)
- ↑ Carl Eduard Meinicke. Die Inseln des stillen Oceans, eine geographische Monographie. — Leipzig: Verlag von P. Frohberg, 1876. — Bd. 2. — 324. (нем.)
- ↑ Беликов В. И. Происхождение и миграции полинезийцев (по лингвистическим данным). // Пути развития Австралии и Океании: история, экономика, этнография. — М.: Наука, 1981. — 243—254. (Полинезиялыктардын келип чыгышы жана миграциясы) (орусча)
- ↑ 9.0 9.1 9.2 Энциклопедия Кругосвет. Науру. (Дүйнө жүзү энциклопедиясы. Науру) (орусча)
- ↑ 10.0 10.1 10.2 10.3 Наурунун тарыхы (орусча)
- ↑ Океаниядагы Германия ээлик кылган жерлердин картасы. 1920-жыл (нем.)
- ↑ Вильсон X. Линкоры в бою. 1914—1918 гг. — М.: Изографус; Эксмо, 2002. (орусча)
- ↑ Secret Naval Supply System of the German Imperial Navy in WW1 (I дүйнөлүк согушта Германиянын Императордук Деңиз Флотунун жашыруун системасы) (англ.)
- ↑ 14.0 14.1 Mandate for the Administration of the former German Island of Nauru (Pleasant Island), conferred upon His Britannic Majesty, confirmed and defined by the Council of the League of Nations (Улуттар Лигасынын Кеңеши тарабынан тастыкталган жана аныкталган, Германиянын мурунку Науру аралын башкаруу боюнча мандат) (англ.)
- ↑ 15.0 15.1 15.2 15.3 15.4 15.5 15.6 15.7 Науру Республикасы
- ↑ «Орион» крейсери (англ.)
- ↑ Рейдер «Комет» (орусча)
- ↑ «Комет» крейсери (англ.)
- ↑ Жапониянын Микронезия аралдарын басып алуусу (англ.)
- ↑ 20.0 20.1 20.2 20.3 20.4 20.5 Постоянная миссия Республики Науру в ООН (Науру Республикасынын БУУдагы туруктуу өкүлү) (орусча)
- ↑ Catches by Taxon in the waters of Nauru (Өзгөчө экономикалык жээк аймагы) (англ.)
- ↑ Nauru: From economic goldmine to refugee "hell" (Наурунун экономикалык «бейиштен» «тозокко» чейин баскан жолу) (англ.)
- ↑ First National Communication. United Nations Framework Convention (БУУ алкактык конвенциясы) (англ.)
- ↑ State Department Bureau of East Asian and Pacific Affairs. (Чыгыш Азия жана Тынч океан маселелери боюнча АКШ бюросу) (англ.)
- ↑ 25.0 25.1 25.2 25.3 Republic of Nauru. National Assessment Report (Науру Республикасы. Улуттук баалоо отчету) (англ.)
- ↑ 26.0 26.1 26.2 Науру Республикасынын климаттын өзгөрүүсү боюнча баяндамасы (англ.)
- ↑ Природа Науру (Науру табияты) (орусча)
- ↑ 28.0 28.1 28.2 28.3 28.4 28.5 The Constitution of Nauru (Наурунун Конституциясы) (англ.)
- ↑ 29.0 29.1 29.2 29.3 Науру Республикасынын Конституциясы
- ↑ Науру Республикасынын президенти (англ.)
- ↑ Коррупция маселелери боюнча эл аралык баяндама. Науру 2004 (англ.)
- ↑ 32.0 32.1 The Nauru Police Force (Наурунун полиция күчтөрү) (англ.)
- ↑ Бириккен Улуттар Уюмунун мүчөлөрү (англ.)
- ↑ Науру Республикасы Түштүк Осетиянын көз карандысыздыгын тааныды (орусча)
- ↑ Науру Республикасы Абхазиянын көз карандысыздыгын тааныды (орусча)
- ↑ Кыргызстан менен Науру республикасынын ортосунда дипломатиялык мамиле түзүлдү
- ↑ Кытай менен Науру дипломатиялык мамилелери (англ.)
- ↑ Наурунун Тайванга болгон карызы 12 миллион АКШ долларынан ашты (англ.)
- ↑ Кытайдын Наурудагы элчилигинин маалыматы (англ.)
- ↑ Nauru country brief (Науру өлкөсүнүн кыскача отчету) (орусча)
- ↑ Науру эл аралык мамилелери (орусча)
- ↑ Австралиянын качкындарга карата катаал саясаты Науруну ачык асман алдындагы түрмөгө айландырды (орусча)
- ↑ Науру менен Франция дипломатиялык мамилелерди калыбына келтиришти (англ.)
- ↑ Европа Бирлигинин Науру менен болгон мамилеси (англ.)
- ↑ Россия Федерациясынын Науру Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси (орусча)
- ↑ Науру өкмөтү (англ.)
- ↑ 47.0 47.1 47.2 47.3 47.4 47.5 47.6 47.7 Наурунун калк жана турак жай жөнүндө улуттук отчету (англ.)
- ↑ Australiens Schreckensinsel für Flüchtlinge (Качкындар үчүн Австралиянын коркунучтуу аралы) (нем.)
- ↑ 49.0 49.1 Central Intelligence Agency. Nauru. The World Factbook (БЧА. Науру) (англ.)
- ↑ Игнатьев Г. М. Тропические острова Тихого океана (Тынч океанынын тропикалык аралдары) (орусча)
- ↑ Pacific Pidgins and Creoles: Origins, Growth and Development (Тынч океандагы пижиндер жана креолдордун келип чыгышы жана өнүгүшү) (орусча)
- ↑ 52.0 52.1 Наурудагы дин (англ.)
- ↑ 53.0 53.1 Наурудагы баалар (орусча)
- ↑ Науруда 2005-2010-жылдар аралыгындагы аквакультураны өнүктүрүү планы (англ.)
- ↑ 55.0 55.1 Австралия Өкмөтү. Тышкы иштер жана соода департаменти. Науру Республикасы (англ.)
- ↑ Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлиги. КРнын жарандары үчүн визалык жана визасыз режим
- ↑ Науру Республикасынын «Науру туризм корпорациясы» жөнүндөгү мыйзамы. 2019-жыл. (англ.)
- ↑ Науруда интернет байланышы пайда болду (англ.)
- ↑ CenpacNet Inc компаниясынын сайты (англ.)
- ↑ Коммуникации и связь в Науру (Наурудагы байланыш жана телекоммуникация) (орусча)
- ↑ Политический кризис на Науру (Наурудагы саясий кризис) (орусча)
- ↑ Прервана связь с Науру (Науру менен байланыш үзүлдү) (орусча)
- ↑ Науру на справочнике международной торговли oec.world (Науру эл аралык oec.world соода каталогунда) (орусча)
- ↑ 64.0 64.1 BBC News Services. Науру өлкөсүнүн профили (англ.)
- ↑ 65.0 65.1 Науру. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун отчету (англ.)
- ↑ Учурда ар бир сегизинчи адам ашыкча салмактан жабыркайт (орусча)
- ↑ Spam at heart of South Pacific obesity crisis (Түштүк Тынч океандагы семирүү кризиси) (англ.)
Тышкы шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Науру өкмөтүнүн расмий сайты (англ.)
- Науру парламентинин расмий баракчасы (англ.)
Океания өлкөлөрү | ||
---|---|---|
Эгемендүү мамлекеттер | Австралия • Вануату • Жаңы Зеландия • Кирибати • Маршалл Аралдары • Микронезия Федеративдик Штаттары • Науру • Палау • Папуа-Жаңы Гвинея • Самоа • Соломон аралдары • Тонга • Тувалу • Фижи | |
Ассоциацияланган мамлекеттер | Кук аралдары • Ниуэ аралы | |
Көз каранды аймактар | АКШ тышкы кичи аралдары • Америка Самоасы • Гавайи • Гуам • Жаңы Каледония • Исла-де-Паскуа • Норфолк аралы • Питкэрн аралы • Токелау • Түндүк Мариана аралдары • Уоллис жана Футуна • Француз Полинезиясы |