“Көрсөң жүрөгүң ооруйт”: Муз-Төрдөгү кертилген мөңгү

Венера Осмокеева, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Сүрөттүн булагы, Abdyldabekov

Интернетке тараган сүрөттөрдөн жол үчүн кертилген мөңгү даана көрүнүп турат. Бул Ош облусунун Кара-Суу жана Алай райондорунун ортосунда жайгашкан Муз-Төр аймагынан тартылган. Анда тоо беттей өтүп, көк жалтаң музду кертип салынган жолду көрүүгө болот.

Сүрөттү редакцияга жолдогон тургундардын каңырыгы түтөп, кандай болгон күндө да бул мөңгүлөрдү сактап калуу керек деп жатышат.

Кыргызстан Бириккен Улуттар уюмунун трибунасы аркылуу дүйнө калкына кайрылып, тоолорду, мөңгүлөрдү сактоо чакырыгын таштап келе жатат. Муну эске алганда көмүр казгандардын табиятка суук колун салганы өтө эле аша чаап, экология маселесин эбак эле эсинен чыгарып салгандай көрүндү.

Жергиликтүүлөрдүн айтымында, Ош облусун суу менен камсыздаган айтылуу Ак-Буура дарыясынын башаты дал ушул мөңгүдөн башталат.

“Анын өтө чоң көлөмүн талкалап салышты. Жерине келип көргөн кишинин жүрөгү ооруйт. Калыбына келтирүү мүмкүн эмес болуп калды”,- деди Алай районуна караштуу Чоң Каракөл айылынын тургуну Шерикбай Борбодоев Би-Би-Сиге.

Кара-Суу жана Алай райондорунун тургундары эгер бул жол салынып ишке бериле турган болсо мөңгүнүн эриши тездеп, келечекте Ош облусу суусу жок калат деп кабатыр.

Шерикбай Борбодоев аталган аймакты коён жатагына чейин билерин сөз кылды. Ал кайсыл тарабынан болбосун азыркы жерге жол салуу мүмкүн эмес дейт.

Чакырымдап созулган мөңгүдөн тышкары асман тиреген аска-зоолорду айланып өтүүгө болбой турганын айтат.

Жергиликтүүлөр буга чейин көмүр Мурдаш жана Папан жолдору аркылуу ташылып келгенин айтып, жаңы жолдун зарылчылыгы жок дейт:

“Булар көмүрдү 100 пайыз Кытайга сатууну көздөп жатат. Келген инвесторлор дагы ошол жактан экен. Алар “Кыргызкөмүр” ишканасын укпастан мөңгүнү талкалап салды. Чынын айтканда ал жакта өндүрүлгөн көмүрдү жергиликтүүлөр жакпайт. Ага биз муктаж эмеспиз. Анын сапаты начар, күйбөйт. Алай эли көмүрдү Талды-Суу айыл өкмөтүнөн алат”,- деди Шерикбай Борбодоев.

Сүрөттүн булагы, Borbodoev

“Жайыттар дагы талкаланды”

Кара-Суу районунун тургундары дагы ушундай эле жүйөөнү айтып нааразы болууда.

Көпчүлүгү мал менен жан багып келген район эли жол салуунун кесепетинен жайыттар дагы бузулуп жатканын айтууда.

“Жайыт жер ансыз дагы тартыш. Колубуздагы бирин-серин мал жандык менен жан багабыз. Арчаларыбыз талкаланып жатат. Ошол көк тиреген аска-зоону байырлаган жапайы жандыктар бар. Алар дагы жок болуп кетиши мүмкүн”,- деди Папан айылынын тургуну Исхак Абдылдабеков.

Дал ушул аймакта 195 миң тонна кору менен жалпы аянты 12,5 гектарды түзгөн “Загара-2” көмүр кени жайгашкан.

“Кыргызкөмүр” ишканасы “Спец техника” жоопкерчилиги чектелген коом менен келишим түзүп, кенди иштетүүнү колго алган.

Ошондой эле кен менен байланыштырган узундугу болжолдуу 30 чакырымга жакын техникалык жол курууну пландаган.

Жергиликтүүлөрдүн каршы болгонуна карабай жол салуу иши башталып, инвестор болгон компания мөңгүнүн жана жайыт жерлердин бир бөлүгүн кертип өткөн.

Ызы-чуулардан кийин Жаратылыш ресурстар министрлиги “Загара-2” участкасынан Кичи-Кичи айыл аймагына чейинки 6100 метр жолдун курулушун текшерди.

Жыйынтыгында жол салынып жаткан жерге милдеттүү экологиялык экспертиза жүргүзүлбөгөнү жана 9392 метр куб мөңгү талкаланганы аныкталып, инвесторго 939 миң 200 сом доо коюлду.

Мындан тышкары 2100 метр жайыт тилкесин бузгандыгы үчүн 3 млн 645 миң сом айып салынды.

Айып пул салынган күндө деле ага ынанбагандар четтен чыгууда. Алардын башкы жүйөөсү "талкаланган ар бир куб мөңгү үчүн бир сом айып салындыбы? Ал акчаны кайра эле ушул кендин көмүрүнүн эсебинен жабат да" дешет.

Башкы прокуратура болсо Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” жана “Иштерди жүргүзүүдө айлана-чөйрөнү коргоо эрежелерин бузуу” беренелери менен кылмыш ишин козгоду.

Ошондой эле “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын директорунун бул иш боюнча жооптуу орун басары Сүйүнбек Мамашев жана ишкананын “Түштүк” филиалынын директору Муктарбек Жолдошов кызматтан алынды.

“Кыргызкөмүр” ишканасы эмне дейт?

Сүрөттүн булагы, Mamashev

Жергиликтүүлөрдүн доо-арызынан кийин “Кыргызкөмүр” ишканасына кайрылып, мөңгүнү жана жайыт жерлерди талкалап өтүүгө ким уруксат бергенин сурадык.

Ишкана жетекчилиги кызматтан кеткен орун басар Сүйүнбек Мамашев менен байланыштырып, ал төмөнкүлөрдү айтып берди:

“Инвестор май айынан тартып эле айылдарда жолугушууларды өткөрүп, тиешелүү органдардан документтерди алган. Бирок экспертизанын жыйынтыгы чыга элек болчу. Биз 26-август күнү аларга экспертизанын корутундусун алганча жолду курбай тургула, токтоткула деп кат менен кайрылганбыз. Инвесторлор болсо айтпай-дебей туруп өз алдынча казып салган”,- деди Сүйүнбек Мамашев.

Анын айтымында “Загара-2” участкасында буга чейин жеке жактар лицензиясы жок, ар ким каалагандай эле көмүр казып келген.

“Өлкөдө болжолдуу алты миллиард тоннага жакын көмүр болсо анын 80-90 пайызы түштүктө жайгашкан. Көмүр өндүрүүчүлөрдүн көпчүлүгү дагы ошол жакта. Бирок негедир баа кымбат. Маселен, Сүлүктү көмүрүнүн баасы тоннасына 15 миң сомго, Ошто 8-9 миң сомго чейин сатылат. Жеке жактар ички рынокту камсыз кылбастан өз кызыкчылыгын ойлоп көмүрдү экспорттоп келишкен. Буга чейин “Загара-2” көмүр кени мыйзамсыз иштеген. Учурда “Кыргызкөмүр” ишканасына лицензия берилип 60/40 үлүш менен иштеп жатат. Тагыраагы баардык финансылык чыгымдар инвестор тарабынан болот. Мамлекеттик ишкана болсо ошол жерге шарт түзүп берет. Лицензия мамлекеттик ишкананын өзүндө калат. Өндүрүлгөн көмүрдүн 40 тоннасы мамлекеттик ишканага калат дагы, 60 тоннасын инвестор алат. Маселен, 100 тонна көмүр өндүрүлсө мамлекеттик ишкана эч кандай чыгымсыз ички рынокту 40 тонна көмүр менен камсыздап жатат”,- деди ал.

Айтымында, ар бир көмүр кендин техникалык жолу болуусу керек. Ал он эки ай бою кызмат кылып, айылды айланып өтүп, ошол эле учурда коопсуздук нормалары толук сакталуусу шарт.

“Эми азыркы Мурдаш жана Патан жолдору тууралуу айтсам. Мурдаш жолун жеке компания өзү курган. Ал жолдон эч кимди өткөрбөйт. Жол Мурдаш айылын аралап өтөт. Кенден баштап негизги жолго чейин 47 чакырым аянтты түзөт жана сезон учурунда, 3-4 гана ай иштейт. Папан жолу болсо төрт-беш айылды аралайт. Буга чейин жергиликтүүлөр чоң машиналар жолду чаңдатып, бузуп жатат, үйлөр жарака кетип жатат деп даттанып келген. Аны 80 пайыз эл билет жана алар техникалык жол курууга макул. Узундугу кенден тартып 130 чакырым. Жолдун башка тилкелери дагы өтө ыңгайсыз. Жүк ташуучу унаалар учуп кетип курмандыктар болуп келген. Ошонун баарын эске алуу менен биз инвесторлор менен биргелешип ушул техникалык жолду куруу чечимине келгенбиз”,- деди Сүйүнбек Мамашев.

Ошондой эле ал жаңы жолдун ишин токтотууга кызыкдар тараптар бар деген пикирин айтты.

“Папан айылында түзүлгөн коомдук фонд бар. Алар ар бир машинадан 1000 сомдон алып турат. Унаа кайсы көмүр кенге тиешелүү болсо алардан дагы 1000 сомдон чогултат. Биздин эсеп боюнча ал жакка учурда 40 миң машина кирип чыккан. Ошондо фондго 80 млн сом акча түшмөк. Ар бир төлөгөн каражатка квитанция, эсептик-фактура берилиши керек, буларда андай дагы жок. Ал каражаттар кайда?”,- деди мурдагы орун басар.

Кыргызстанда мөңгүлөрдүн кыскарышы...

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Кандай болгон күндө да мөңгүлөрдүн жана жайыттардын бузулушу экосистема үчүн кайтарылгыс кесепеттерге алып келери анык.

Расмий маалыматка караганда Кыргызстандын аймагында соңку 70-50 жыл аралыгында мөңгүлөрдүн абалы 1262 чакырымга азайып кеткен.

Тагыраагы жалпы аянттын 16 пайызы кыскарган. 2013-2016-жылдардагы тактоолорго ылайык, өлкөдө 6683 чакырымды ээлеген 9957 мөңгү катталган.

Адистердин айтымында, мөңгүлөрдүн кыскаруусу табигый көрүнүш. Бирок алардын тездеп жатканына антропогендик факторлор себеп болууда.

“Мунун баары адамдын ишмердүүлүгүнө байланыштуу. Аба, жаратылыш булганып жатат. Мөңгүлөрдүн бетине канчалык чаң жабышкан сайын күндүн нурун өзүнө сиңирүүсү ошончолук күчтөйт дагы тез эрип баштайт”,- деди Гидрометеорология кызматынын өкүлү Султанбек Белеков.

2022-жылы Кыргызстандын жана Италиянын демилгеси менен БУУнун Башкы Ассамблеясынын “Тоолорду туруктуу өнүктүрүү” резолюциясы бир добуштан кабыл алынган.

Ага 110 мамлекет биргелешип автор болгон. Анын негизинде 2023-2027-жылдар тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгы деп жарыяланган.

БУУнун Башкы Ассамблеясынын жана COP жыйындарында сүйлөп жатып президент Садыр Жапаров дагы глобалдык климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу тоолуу аймактар өзгөчө аярлуу болуп калганын айткан.

Тоо экосистемаларын жана мөңгүлөрдү натыйжалуу сактоо максатында ар тараптуу иштер жүрүп жаткан чакта минтип көп жылдык муздардын кертилип жатышы Кыргызстандын эле эмес, бүткүл региондо көйгөйлөрдүн күчөшүнө алып келет дейт адистер.