Бириккен Улуттар Уюму – жападан жалгыз глобалдык платформа
Нью-Йоркто Бириккен Улуттар Уюмунун Генералдык Ассамблеясынын 79-сессиясы ушул күндөрү өтүп жатат. Кыргыз лидери Садыр Жапаров да катышып, сөз сүйлөдү.
Президент Жапаровдун Ассамблеяда сүйлөгөн сөзү орундуу болгону бизди кубандырат. Бул биздин эл аралык проблемаларга кайдыгер эместигибизди, БУУнун анык мүчөсү катары уюмга болгон сыйыбызды билдирет, глобалдык маселелерге карата так позициябыз, изги сунуштарыбыз бар, эл аралык мамилелердин жоопкерчиликтүү субъектиси жана экендигибизди туюнтат.
Албетте, ар жылы өтүүчү бул форум дүйнө коомчулугунун айрым бөлүгү тарабынан кезектеги иш чара, пайдасы аз жыйын катары эсептелиниши ыктымал. Мындай пессимисттик маанайга шарт түзгөн жагдайлар да аз эмес. Алар арбын, олуттуу.
Улуттардын шериктештиги, тынчтык деген идеялар өзөгүн түзгөн бул уюм Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин түзүлгөн, жалпы адамзаттык мааниге ээ глобалдык уюм. Эки дүйнөлүк согуштун азабын көргөн өлкөлөр Бириккен Улуттар Уюмун негиздегенде болочок муундарды согуш азабынан азат кылуу максатын көздөгөн.
Бириккен Улуттар Уюмун Уставында тынчтыкты орнотуу башкы максат катары белгиленген жана согушту болтурбоо милдет деп жарыяланган. Эң сонун максат. Бирок Африканын, Жакынкы Чыгыштын, Азиянын айрым аймактарында жана өлкөлөрүндө куралдуу жаңжалдар басылбай келе жатканын жогоруда белгиледик. Чыгыш Европада куралдуу конфликттер басылды го дегиче, эми минтип орус-украин жаңжалы башталганына эки жылдан ашты.
Миңдеген адамдын каны төгүлүп, он миңдегени качкын-бозгун болду. Кызыгы, ошол трагедиялуу процесстер “согуш” аталбайт, “конфликт”, “локалдык жаңжал”, этникалык, диний “кагылыш”, “куралдуу кармаш зоналары” же башкача аталат. Согуш - жапырт зордук-зомбулук формасында максаттуу ишке ашуучу феномен.
Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Европада эң ири куралдуу конфликт кычап турган кезде, согуш аракеттери Европанын эки ири мамлекетинин, БУУну түзгөн мамлекеттердин бири СССРдин мураскорлору – Орусия менен Украинанын аймагында жүрүп турган кезде өтүп жатат бул саммит.
Соңку кезде глобалдык уюмдардын дүйнөлүк саясаттагы таасири азая баштаганы ырас. БУУ өзү да реформага муктаж болуп, кабыл алган чечимдери аткарылышы күмөн жаратпаган, чыныгы глобалдык жана таасирдүү уюм катары статусун бекемдөөгө аргасыз болууда.
Экинчиден, БУУнун чечимдериндеги айрым жоболор декларативдик мүнөздө бойдон калууда. Андан сырткары, Жалпы эл аралык укуктук системада, ири алдыда БУУнун башкы уставында орчундуу коллизиялар да бар. БУУнун Уставындагы кээ бир жоболор алигиче талаштуу.
Маселен, мамлекеттердин территориялык бүтүндүгү принцби менен элдердин өз тагдырын өзүн аныктоо укугу ар дайым шайкеш келе бербейт. Территориалдык бүтүндүк принциби элдердин өз тагдырын өзү аныктоо принцибине дайыма шайкеш эмес экен. Формалдуу плебисциттер, сырттан кийлигишүү аркылуу жаңы мамлекеттер пайда болду, эскилери кыйрады.
Дүйнөнүн саясий картасы чийилип, мамлекеттердин чектери сызылып бүтө элек. Баардык континенттерде өз алдынча мамлекеттүүлүккө умтулган ондогон ири этностор, этноконфессионалдык, этносаясий топтор аз эмес. Улуттук мамлекеттер калыптанып бүттү деген Европанын өзүндө да сепараттык тенденциялар бар.
Адам укугун сыйлоо принциби менен мамлекеттин ички ишине кийлигишпөө принциби универсалдык мүнөзгө ээ жана жалпыга милдеттүү. Башкача айтканда императивдүү кудурети бар жоболор. А иш жүзүндө адам укугу бузулуп жатат, биз кийлигишпесек болбойт деп мамлекеттерге кол салынды, шаарлар бомбаланды.
Тескерисинче, бүтүндөй этностор же диний топтор зордук-зомбулукка учураган кезде ички ишине кийлигишпейбиз деген позицияны бетке кармашат. Туура, жалпы адамзатка коркунуч жараткан учурларда мамлекеттердин ички ишине кийлигишүүнүн шарттары жана чектери да так аныкталуусу абзел. Ушул аныктамалар камтылган БУУнун уставы да балким өзгөртүлүшү керек.
Андан сырткары, Улуттар уюмунун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу мүчөлөрүнүн курамын кеңейтүү демилгесин бир топ мамлекет көптөн бери сунуштап келет. Былтыр Түркия эмоционалдык маанайда көтөргөн эле бул маселени. Бир ууч мамлекет эле чечим кабыл ала бербеш керек, БУУ алты мамлекет эмес, жалпы дүйнө мамлекеттеринин уюму деп буркулдаган былтыр түрк лидери Эрдоган.
Кыргыз бийлиги БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешине жана Коопсуздук кеңешинин мүчөлүгүнө өз кандидатурасын буга чейин сунуштаганы белгилүү. Коопсуздук кеңешинин курамын, укуктары менен милдеттерин, чечим кабыл алуу, аткарылбаса жоопкерчилигин кароо мехнизмдери да БУУнун жаңыртыла турган уставында даана белгиленүүгө тийиш.
Башкы Ассамблеянын жыйынында 143 мамлекеттин добушу менен кабыл алынган Келечек Пактысында Коопсуздук кеңешинин курамын кеңейтүү идеясы жактырылды.
Кеп учугу "Келечек саммитинде"...
“Келечек саммити” аталган бул жолку жыйын көптөн бери даярдалды. Кыргызстандын президенти белгилегендей, “Келечек Саммити – бул артыкчылыктуу азчылык үчүн гана эмес, бардыгы үчүн иштей турган жаңы глобалдык архитектуранын пайдубалын түптөй турган кайталангыс платформа”.
Албетте, Ассамблеянын жыйынтыгы менен кабыл алган чечимдер ар дайым келечекке арналаары турулуу иш деңизчи. Маселен, 2030-жылга чейинки туруктуу өнүгү максаттары деген чоң программа бар. Пактынын өзүндө белгиленгендей, анын көбү аткарылышы арсар кыялдар бойдон калыптыр (https://documents.un.org/doc/undoc/ltd/n24/252/91/pdf/n2425291.pdf).
Бирок ушул саммит башка жыйындардан айырмаланат. Өтүп жаткан кырдаал башка, татаал. Адамзат туш болгон, тагыраагы адамзат өзү жараткан проблемалардын, дүйнө калкы өз колу менен даярдаган катастрофалык процесстердин күчөшү, эл аралык конфликттердин апогейине жетиши, айтор маселелердин болуп көрбөгөндөй курчтугу менен айырмаланат.
Дүйнө лидерлери жана өкүлдөрү кеңешип Башкы Ассамблеяда кабыл ала турган документтердин анабашы Келечек Пактысында бул кырдаал жымсалданбай, ачык айтылганы үмүттөндүрөт. Пактыда адамзат катастрофалык тобокелчиликтерге туш болгону, ушунун баары өзүбүз кабыл алган чечимдердин натыйжасы экени белгиленет.
Пактынын дагы бир өзгөчөлүгү - проблемаларды так аныктоого аракет, кемчиликтерди моюнга алуу. Коркунучтарды жана тобокелчиликтерди туура аныктоонун өзү проблема. Буга чейин кабыл алган чечимдердин жана максаттардын аткарылбай калганын глобалдык уюм биринчи ирет таанып отурат. Ассамблеяга чейин эл аралык коомчулук, анын ичинде ушул саптардын автору да максаттары кагазда калмак тургай, болжонгон чектерден да төмөн абалга кептелгенин айткан элек.
Келечек үчүн Пактыда жогоруда айткандай тобокелчиликтер градацияланып, тагыраак аныктамалар берилди. Дурус нерсе. Бирок ошол тобокелчиликтердин себептери даана аталбай, жондотуп кеп кылынды. Эл аралык укуктун жоболору биринчи кезекте ири, кубаттуу мамлекеттер же мамлекеттер тобу тарабынан бузулуп келгени жалган эмес.
Ири державалар ортосундагы кармаш, конфликттер, согуш аталбаган согуштар, соодадагы чектөөлөр, өз ара санкциялар, адам укуктарынын тебелениши, эрежелердин сакталбашы, эл аралык мамилелелерде өзүм билемдик – ушунун баары БУУда чечүүчү роль ойногон мамлекеттердин саясатынын натыйжасы. Буга далил мандайды карасаң эле калдайып турат.
Кечээ БУУну түзгөн өлкөлөр бүгүн айыгышкан душмандар. Ар кайсы аймактардагы кандуу жаңжалдар, өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык талаш-тартыштар БУУнун ушул алакаларды жөнгө салуу үчүн түзүлгөн институттарынын алсыз деген ырастамаларды ого бетер бекемдеди. Бирок аныгында БУУнун институттарынын алсыздыгы алардын табиятында эмес, кубаттуу мамлекеттердин жана топтордун кусаматчылыгында. Пактыда жакыр өлкөлөргө жардам үчүн өнүккөн мамлекеттер улуттук дүң кирешесинин 0,7 пайыздан 0,15-0,20 пайызга чейин үлүшүн кошууга тийиштиги белгилениптир. Бирок ошол кубаттуу, гүлдөгөн мамлекеттердин байлыгы жакыр, “үчүнчү” аталган өлкөлөрдүн жаратылыш жана адам ресурстарын аёосуз эксплуатациянын натыйжасы экенин тана албайбыз.
Келечек Пактысында Уставды өзгөртүү зарылчылыгы, аны жаңы шарттарга ылайыкташтыруу, өзгөрүлмө дүйнөдө иштей турган жоболор менен толуктоо кажет экендиги белгилденди. Баарыдан мурда “көп тараптуулуктун жаңы башаты” деген тезис биринчи ирет БУУнун негизги жыйынтык документинде оозго алынды. Бул тезис канчалык чийки болсо да, ири мамлекеттердин жоопкерчилигин туюнтат.
Укуктук ченемдерди өзгөртүү ишинде улутук мыйзамдардан жогору турган жоболор менен улуттук мыйзамдардын шайкештиги талаш жаратат. Муну да талкуулап чечсе болот. Ансыз конфликтик кырдаалда окуяны, нерсени, процессти ар ким каалагандай интерпретациялаганга кенен мүмкүнчүлүктөр сакталып кала бермеги анык.
БУУнун кадыры кемий баштаган азыркы кезде бул саммитке Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөлөрү болгон мамлекеттердин лидерлери катышпады. Демек саммиттин статусу да проблема, дүйнөнүн ири мамлекеттеринин БУУга карата мамилесинин өзү да көйгөй экенин далилдеп турат. Россия лидеринин барбай турганы анык болчу. Бармак турсун Келечек пактысын орус бийлиги кескин сынга алып, каршы добуш берди. Россияга кошулуп, Иран, Түндүк Корея, Никарагуа сыяктуу алты өлкө каршы добуш берди. Пакт кабыл алынды, боосу бекем болсун. Бирок бир топ мамлекет башчылары катышпай койгондон же жыйынтык документтерди бир нече мамлекет колдобой койгондон БУУ кемип калбайт. Ар ким өз позициясын дүйнөгө билдире ала турган, кайрыла ала турган башкы аянт. Ушул тапта Улуттар Уюмунунан башка легитимдүү платформа жок. Демек БУУну гана пайдалануу абзел. Дүйнөлүк тартип орнотуу үчүн дүйнөлүк согушту күтүү бери болгондо бейжоопкерчилик жана жеткен акылсыздык. Согушту баштоо, жанжал чыгаруу эн оңой, согушту токтотуу, чырды басуу оор иш. Бул ирет дүйнөлүк согушту токтотуу мүмкүн эместей.
Ошентип, эл аралык мамилелерди жөнгө салуу зарылчылыгы менен учурдагы кырдаалдын ортосунда айырма итапкан экени БУУнун Башкы Ассамблеясынын кезектеги жыйынында кеп болууда. Бул ишти идеологиялык жана саясий догмалардан башы бош илимий негизде күн тартибин түзүп, ошол тартипте алдыга жылдыруу абзел. Адегенде эл аралык конференцияларда талкууланып, орток пикирге келген соң БУУнун чоң жыйынында кабыл алынышы керек. Эл аралык укуктун системалары, анын ичинде БУУ бардык институттары суверендүү мамлекеттердин келишимдери менен түзүлгөн.
Мамлекеттер гана ушул келишимдерди иштеп чыккан легитимдүү саясий субъекттер. Мамлекеттер аралык мамилелер мамлекеттерге жараша. БУУ суверендүү мамлекеттердин биримдиги – Улуттар шериктештиги болгон соң ошол мамлекеттер аралык мамилелерди жөнгө салуучу орток жоболордун тутумун түзүп алуусу абзел. Ушул өнүттөн караганда, маселенин козголгону жакшы, болгондо да БУУнун реформасы, анын уставын өзгөртүү идеясы БУУ тарабынан айтылып жатканы дурус иш, алга карай кадам.
Алмаз Кулматов, коомдук ишмер