Мазмунга өтүү

Радикалдык феминизм

Википедия дан

Радикалдык феминизм – коомду түп-тамырынан бери өзгөртүүгө жана социалдык, экономикалык чөйрөлөрдө эркектердин үстөмдүгүн жок кылууга үндөгөн феминизм агымы.[1]

Радикал-феминисттер эркектер аялдарды басмырлап, аларга үстөмдүк кылган коомдук түзүлүштү патриархалдык деп эсептешет. Бул феминисттеркоомдук нормаларга жана институттарга чакырык жасоо менен, баардыгын адилетсиз коомчулуктан бошотуу” максатында, патриархаттык түзүлүштү жок кылууну көздөшөт. Агымдын негизги багыттары катары, аялдарды коомдо сексуалдык объект катары кабыл алууларга каршы туруу, зордуктоолор,  аялдарга карата зомбулук сыяктуу көрүнүштөр жөнүндө коомчулукка маалымат берүүнү күчөтүү жана гендердик ролдорду четке кагуу кадамдары болуп эсептелинет.

1970-жылы Шуламит Файрстоун[en] “Жыныстардын диалектиси: феминисттик төңкөрүштөгү окуя” китебинде минтип жазат:

“Феминисттик революциянын түпкү максаты - биринчи феминисттик кыймылдын багытындай, эркектердин артыкчылыктарын жоюу менен гана чектелбеши керек. Жынысы боюнча бөлүнүү төмөнкү заманбап принцип боюнча  таптакыр жоюлууга тийиш: адамдардагы жыныстык органдардагы айырмачылыктар мындан ары маданий маанисин жоготот”.[2]

Аялдардын иш таштоо демонстрациясындагы баннер. 2021-жылдын үчтүн айынын 29.

Баштапкы радикалдык феминизм - 1960-жылдары пайда болгон феминизмдин экинчи толкунунун алкагында келип чыккан. Бул феминизм боюнча, патриархат - өктөмдүктүн эң байыркы, универсалдуу жана  негизги формасы. Кийинчерээк радикалдык феминизмден өнүгүү алган саясий идеологиялар маданий феминизмден баштап бири-бирине коошпогон көз караштардын бирикмесине чейин өзгөрүшкөн. Бул феминисттик идеологиялык көз караштар боюнча, патриархат коомдогу экономикалык жана таптык бөлүнүү көйгөйлөрү менен бир катарда турат.[1]

Белгилей кетсек, радикалдык феминисттер аялдардын кысымга алынышынын себеби катары патриархаттагы гендердик мамилелерди эсептейт, либералдык феминисттер аялдарды кысымга алган себептер катары укуктук түзүмдөрдү көрөт, ал эми анархисттик, социалисттик жана марксисттик феминизм агымдары бул көйгөйдү таптык бөлүнүү жаратат деп билишет.  

Радикалдык феминисттердин ишеними боюнча, коом - бул эркектердин классы аялдарга үстөмдүк кылып, кысымга алган патриархат түзүмү.[3] Алар аялдарды басынтуу, кысымга алуу - адамзат жаралгандан бери пайда болгон үстөмдүктүн негизги формасы деп болжолдошот.[4]


Радикал феминист Ти-Грейс Аткинсон  1969-жылы жарык көргөн “Радикалдык феминизм” аттуу фундаменталдык эмгегинде минтип жазат:

“Массанын (адамзаттын) биринчи дихотомиялык бөлүнүшү жыныстык негизде ишке ашырылган деп айтылат: эркек жана ургаачы... Бул адамзат тукумунун жарымы репродуктивдүү процесстин жүгүн көтөргөндүктөн (аялдар), эркек - «акылдуу» жаныбар мындан  пайдаланууну чечти.   Анткени бала төрөгөндөр саясий класска айланган: биологиялык жүк ургаачылар үчүн саясий (же зарыл) жазага айланган. Ошентип, аялдардын аныктамасы адам катары эмес,  функция  же жаныбар катары өзгөртүлгөн”.[5]

Ошондой эле, радикал феминисттердин пикири боюнча,  патриархаттын кесепетинен аялдар эркектердин нормасына карата «башка» катары өзгөчөлөнүп каралгандыктан, алар системалуу түрдө кысымга алынышып, коомдук жашоодон обочолонуп калышат. Ал эми  эркектер аялдардын мындай кысымга алынуусунан пайда көргөн класс катары эсептелинишет. Радикалдык феминизмдин өкүлдөрү бардык эркектер аялдарды баш көтөртпөөгө кызыкдар жана патриархалдык басымды жана көзөмөлдөө механизмин кайра күчтөндүрүүгө активдүү катышат деп эсептешет.[6] Феминисттер патриархаттын негизги элементи  - бул анын үстөмдүк мамилеси, мында үстөмдүк кылган биринчи тарап экинчи тарапты  өз кызыкчылыгы үчүн колдонот деп ырасташат.

Радикалдык феминисттер эсептегендей,  эркектер эзүүчү класс катары аялдарды жана үстөмдүк кылбаган эркектерди баш көтөртпөй башкаруу максатында, көзөмөлдүн бардык ыкмаларын жана коомдук түзүмдөрдү колдонот. Бул активисттер коомдогу патриархаттык түзүмдү жоюну көздөшөт, алар бул боюнча бардык коомдук институттарга жана нормаларга чакырык жасоо менен, патриархатты жок кылуу - баардыгын адилетсиз коомчулуктан бошотот деп эсептешет.  Ти-Грэйс Аткинсон бийликке болгон умтулуу эркек класстын аялдар классына болгон эзүүсүн улантууга түрткү берерин ырастап, ал «эркектердин эзүүчү ролго болгон муктаждыгы -  адамзатын кысымга алуунун булагы жана негизи»  деп эсептейт.[7]

1960-1980-жылдардагы аялдардын боштондугу үчүн кыймылына радикал феминисттердин тийгизген таасири чон болгон.

“Кызыл чулки” радикал-феминисттик тайпасынын негиздөөчүсү Эллен Уиллис 1984-жылы төмөнкүдөй жазган:

“Радикал-феминисттер сексуалдык көйгөйлөрдү коомчулук үчүн  ачык тема кылышкан, феминизмдин экинчи толкунунун лексикасын иштеп чыгышкан, АКШда бойдон алдырууну мыйзамдаштырууга жардам беришкен, биринчилерден болуп, жеке деп эсептелген тармактарга тең укуктуулукту талап кылышкан (үй-тиричилиги, бала багуу, сексуалдык жана эмоционалдык жагдайлар), ошондой эле “шашылыш чечим кабыл алуу муктаждыгын түзгөн жагдай” жаратуу менен, бийликти тең укуктуулук боюнча түзөтүүлөргө алып келе алышкан”.[1]

Экономикалык гана маселелерди көтөргөн “Аялдардын улуттук уюму” феминисттик тобу дагы жогоруда саналган көйгөйлөрдү карай башташкан. Бул болсо - радикалдык феминисттердин АКШда кандай таасирге ээ болгонунан кабар берет.[1]

Секс индустрияга болгон көз караштар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Радикалдуу феминисттердин аткарган иштери секс-индустрияга байланыштуу маселелердин кеңири спектрин камтыйт.  Төмөндө саналган көрүнүштөрдү радикал феминисттер сынга алып келген, алар: порнография жасоо процессиндеги аялдардын жаракат алуусу, порнографиянын коомго тийгизген зыяны, аялдарды сойку болууга мажбурлаган муктаждыктар жана жакырчылык, узак мөөнөттүү сойкулуктун кесепеттери, сойкулуктун расалык жана таптык табияты, сойкулукта жана порнографияда эркектерге берилген артыкчылыктар.

Сойкулукту декриминализацияга чакырган акция.Кызыл кол чатыр - секс-кызматкерлердин укуктарынын символу.

Радикалдык феминисттер сойкулукка кабыл болгон аялдардын көпчүлүгү сутенер, адам саткандар тарабынан мажбурланган же баңгизатка көз карандылыктын айынан, балким, өспүрүм кезде азгырылгандыктан улам, бул ишке барууга муктаж болушат деп эсептешет.    Эң төмөнкү социалдык-экономикалык катмардагы аялдар: жакыр аялдар, билим деңгээли төмөн аялдар, кемсинтүүлөргө дуушар болгон расалык жана этникалык азчылыктардын аялдары бүткүл дүйнө боюнча сойкулукта сандык жактан басымдуулук кылат.

Кэтрин Макиннон: “Эгерде сойкулук - өз эрки менен жасалган тандоо болсо, анда эмне себептен жалаң гана тандоо мүмкүнчүлүгү аз аялдар сойкулукка барышат?” деген суроо коет.[8] Сойкулук менен алектенген 475 адамды камтыган изилдөөгө ылайык, сурамжылоого катышкан сойкулардын көпчүлүгү жашоосунда оор мезгилди баштан кечирип жатышканын жана көпчүлүгү бул ишти токтотууну каалаарын билдиришкен.[9]

Маккиннон тастыктагандай, “сойкулукта аялдар башка учурларда эч убакта жакын мамиле түзгүсү келбеген эркектер менен жыныстык катнашка барышат. Ошондуктан, бул жерде макулдук эмес, акчанын күчү чоң роль ойнойт. Акчанын күчүн бул жерде зордуктоодогу физикалык күчкө теңесе болот”.[10] Радикалдык феминисттердин пикири боюнча, эч ким чындап эле өзүнө карата зулумдукка макул болбойт жана эч ким башкаларга зулумдук кылууга укугу жок. Кэтлин Барринин айтымында, "макулдук - зулумдукту бир заматта жок кылуучу сыйкырдуу таякча эмес, макулдук менен жасалган зомбулук, баары бир зомбулук болуп саналат".[11]

1992-жылы Андреа Дворкин жазган:

Сойкулуктун өзү - аялдын денесине зомбулук кылуу болуп саналат. Мындай пикирди айрымдар “болбогон нерсе” деп эсептешет. Бирок сойкулук бул эң жөнөкөй нерсе… Сойкулукта бир дагы аял өзүнүн бүтүндүгүн сактай албайт. Адамдын денесин сойкулуктагы аялдын денеси сыяктуу колдонуп бүткөн соң, (мейли процесстин башында болобу, же аягындабы, айырмасы жок) анын адамдык касиетин бүтүн сактап калуу мүмкүн эмес. Бул ишке ашпай турган нерсе. Бир дагы аял сойкулуктан кийин дагы, кийинирээк дагы өз бүтүндүгүнө кайтып келе албайт”.[12]

Дворкин тастыктагандай,  "сойкулук менен аялдардын тең укуктуулугу бир эле учурда болушу мүмкүн эмес". Ал эми сойкулукту токтотууну кааласак,  "биз кыздардын жана аялдардын денелерин кыянаттык менен, эркектердин сексуалдык ырахаты үчүн сатууну жана сатып алууну токтотуу зарыл. Ал  үчүн сөздөрдү жана мыйзамды колдонуунун жолдорун издешибиз керек".[13]

Порнография, Андрея Дворкин. 1981-ж.

Радикалдык феминисттердин пикири боюнча, сойкулук - бул патриархаттын үстөмдүгү жана аялдарды сексуалдык жактан баш ийдирүү болуп саналат. Мындай көрүнүш сойкулук менен алектенген аялдар үчүн гана эмес, жалпы аялзатына терс таасирин тийгизип келет.  Патриархат аялдардын негизги функциясы катары эркектерге сексуалдык кызмат көрсөтүү деп тааныйт. Мындай патриархалдык  көз караштарды коомдогу сойкулукка  болгон суроо-талаптар дайыма тастыктап жана бекемдеп турат.

Радикалдык феминисттер сойкулукту актаган патриархалдык идеологиялар менен такыр  макул эместигин билдиришет. Айрым патриархалдык көз караштар боюнча, сойкулук - бул  “баш тартууга мүмкүндүк болбогон кесепет”, анткени эркектер өзүн башкара албайт. Ошондуктан, «таза» аялдарды зордуктоодон жана ыдык көрсөтүүдөн коргоо үчүн жана эркектер өз пайдасына колдонуп, аларга зулум мамиле кылуу үчүн бир аз аялдарды “курмандыкка чалуу” зарыл.

Феминисттер сойкулукту кулчулуктун бир түрү катары карашат жана сойкулук зордуктоону азайтпастан, тескерисинче, аялдарга карата сексуалдык зордук-зомбулуктун кескин көбөйүшүнө алып келет дешет. Алар эркек киши “аялды өзү толук көзөмөл кыла турган сексуалдык инструмент катары колдонот” деген пикирди карманышат.  

Мелисса Фарли тастыктагандай, Невада штатында зордуктоонун жогорку деңгээли сойкулукту мыйзамдаштыруу менен байланыштуу. Невада АКШнын сойкуканаларга мыйзам жүзүндө уруксат берген бирден-бир жалгыз штаты жана сексуалдык зомбулуктан улам жасалган кылмыштар боюнча АКШнын 50 штатынын ичинен 4-орунду ээлейт.[14][15]

Кэтрин МакКиннон

Радикалдык феминисттер, өзгөчө Кэтрин МакКиннон, порнографиялык өндүрүш ага тартылган аялдарды физикалык, психологиялык жана экономикалык жактан мажбурлайт деп эсептешет. Мындай тасмаларда аялдардын ырахат алып жаткандыгы көрсөтүлүп жатса да, көшөгөнүн артында баары башкача экендиги айтылат.[16][17] Ошондой эле, порнографияда көрсөтүлгөн нерселердин көбү табиятынан кемсинткен көрүнүш деп ырасташат. Гейл Дайнс порнография, атап айтканда, гонзо-порнографиясы барган сайын зордук-зомбулукка айланып баратат жана ага тартылган аялдар тасма даярдоо учурунда кордукка кабылып жатат деп эсептейт.[18]

Радикалдык феминисттер белгилүү порно-актрисалар Трейси Лордз жана Линда Лавлейстин көрсөтмөлөрүнө таянуу менен, порнографияга катышкан аялдар көпчүлүгү тасмага тартылууга же жагымсыз жагдайлардын кесепетинен, же башка адамдар тарабынан мажбурланганын айтып келишет.

Мындай порнографияга каршы кыймылдын пайда болушуна “Сыноо” аттуу китептин жарык көрүшү түрткү болгон. Ал китепте “Линда Лавлейс” каймана аты менен порнографиялык тасмаларга тартылган Линда Борман өз башынан өткөргөндөр тууралуу айтып берген. Бормандын айтуусу боюнча, аны жолдошу Чак Трейнор сабап, зордуктап, сойкулук менен алектенүүгө мажбур кылган. Тапанча такап коркутуу менен,  аялын “Терең жутуулар”порно-фильмине тарткан. Андан соң, ачык коркутуулар менен бирге физикалык, психологиялык зомбулук көрсөтүү менен, башка порнографиялык тасмаларга тартылууга мажбурлаган.

Дворкин, МакКиннон жана радикалдык феминисттик активисттердин "Аялдар порнографияга каршы" тобу Борманды колдогон ачык билдирүүлөрдү жасашкан, ошондой эле коомдук иш-чараларда аны менен кызматташкан.[19]

Радикалдык феминисттер зордуктоолордун жана аялдарга карата башка зомбулуктардын келип чыгуу себептери катары порнографияны колдонуу деп эсептешет. Америкалык акын жана жазуучу Робин Морган бул ойду өзүнүн көп цитаталанган сөзү менен жыйынтыктайт: «Порнография – бул теория, зордуктоо – бул практика».

Тастыкталгандай, порнография аялдарга карата үстөмдүк кылууну, аларды мажбурлоону, кемсинтүүнү сексуалдуу кылып көрсөтөт, ошондой эле зордук-зомбулукка, ыдык көрсөтүүгө негизделген маданий көз караштарды курчутат.

“The Only Words”  (1993) китебинде МакКиннон порнография “аялдарды жыныстык катнаштан оозеки түрдө баш тартуу укугунан ажыратат” деп жазат.[20] .МакКиннон порнография зордуктоо жөнүндө уламыштарды жайылтуу менен аялдарга карата сексуалдык зомбулуктун көбөйүшүнө алып келет деп ырастайт. Бул уламыштарда “аялдар чындыгында зордукталгысы келет жана алардын “жок” дегени “ооба”дегенди түшүндүрөт” деген ишенимдер камтылган. Зордуктоо мифтери сексуалдык зордук-зомбулукка карата бурмаланган түшүнүктөрдү жаратып, айыпты жабырлануучуга оодарып, кыйыр түрдө сексуалдык зомбулукту улантат.[21] Мындан тышкары, МакКиннондун айтымында, порнография көрүүчүлөрдүн аялдарга карата зордук-зомбулукка болгон сезимдерин өзгөртөт жана сексуалдык дүүлүгүү  үчүн зомбулукту көбүрөөк көрүүгө муктаждык жаратат (бул эффект тастыкталган).[22]

  1. 1.0 1.1 1.2 1.3 Willis, Ellen. Radical Feminism and Feminist Radicalism (англ.) // Social Text. — 1984. — Iss. 9/10. — P. 91—118. — doi:10.2307/466537.
  2. Firestone, Shulamith. The Dialectic of Sex: The Case for Feminist Revolution. — 1970. Текшерилген күн: 25.03.2023
  3. Echols, Alice. Daring To Be Bad: Radical Feminism in America 1967—1975 (англ.). — Minneapolis: University of Minnesota Press., 1989. — ISBN 978-0-8166-1787-6.
  4. Shelley, Martha. «Lesbianism and the Women’s Liberation Movement». In Crow, Barbara A. Radical Feminism: A Documentary Reader (англ.). — New York: New York University Press, 2000. — P. 305—309.
  5. Atkinson, Ti-Grace (1969). Radical Feminism. The Feminists. 
  6. М. В. Рабжаева. Словарь гендерных терминов: радикальный феминизм. www.owl.ru. Текшерилген күн: 26.03.2023.
  7. Crow, Barbara A. (2000). Radical Feminism: A Documentary Reader. NYU Press. 
  8. Farley, Melissa; Baral, Isin; Kiremire, Merab; Sezgin, Ufuk (1998). Prostitution in Five Countries. Feminism & Psychology. pp. 405–426. Archived from the original on 2011-03-06. https://web.archive.org/web/20110306002439/http://www.prostitutionresearch.com/fempsy3.html. Retrieved 2010-05-09. 
  9. Farley, Melissa. (April/2/2000) Prostitution: Factsheet on Human Rights Violations. Prostitution Research & Education.
  10. It’s Wrong to Pay for Sex (англ.). Connecticut Public Radio (5 августа 2009). Текшерилген күн: 26.03.2023
  11. Barry, Kathleen (1995). The Prostitution of Sexuality: The Global Exploitation of Women. New York: New York University Press.
  12. Andrea Dworkin. Prostitution and Male Supremacy(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы). No Status Quo (31 -октябрь (тогуздун айы) 1992). Текшерилген күнү 9 -май (бугу) 2010.
  13. "Hoffer, Kaethe Morris. "A Respose to Sex Trafficking Chicago Style: Follow the Sisters, Speak Out"". University of Pennsylvania Law Review, Academic Search Complete. 
  14. Sexual Assault Prevention Program at ISPAN (англ.)(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы). Inner-star.org. Текшерилген күнү 9 -май (бугу) 2010. Түп булактан архивделген күнү 4 Апрель 2011.
  15. Panel: Brothels aid sex trafficking (англ.)(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы). Pahrump Valley Times. Текшерилген күнү 9 -май (бугу) 2010. Түп булактан архивделген күнү 17 -декабрь (бештин айы) 2007.
  16. "A Conversation With Catherine MacKinnon" Think Tank. (англ.) Текшерилген күн: 26.03.2023.
  17. Shrage, Laurie (13 July 2007). «Feminist Perspectives on Sex Markets: Pornography» (англ.) In Stanford Encyclopedia of Philosophy. Текшерилген күн:26.03.2023
  18. Penn, Porn and Me (англ.)(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы). Түп булактан архивделген күнү 30 -март (жалган куран) 2009.
  19. Brownmiller, In Our Time, p. 337.
  20. "Schussler, Aura. "The Relation Between Feminism And Pornography"". Scientific Journal of Humanistic Studies, Academic Search Complete. 
  21. "Maxwell, Louise, and Scott. "A Review Of The Role Of Radical Feminist Theories In The Understanding Of Rape Myth Acceptance."". Journal of Sexual Aggression, Academic Search Complete. 
  22. Are women human? (interview with Catharine MacKinnon), The Guardian (12 апреля 2006). Текшерилген күн: 26.03.2023.