Кадриль
Көрүнүш
Кадриль (француз тилинде quadrille төрт адамдан турган топ) — европалык элдердин бийи. Кадриль хороводдук бий кыймылдарынын элементтерине негизделген. Композициясы төрт чарчы болуп турган төрт жупка эсептелген. Бий кезмектешип, жуптары алмашылып бийленет. Акырында бардык бийчилердин катышуусу менен аяктайт. Кадриль 17-19-кылымдарда ар кандай аталышта орус, украин, беларусь, латыш, эстон ж. б. элдерге кеңири тараган.
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 3-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, илл. ISBN 978 9967-14-074 -5