Кран
Кран (нем. Kran), жүк көтөргүч – оор жүктү көтөрүп, бир аз аралыкка жылдырып, ордуна коюучу машина. Өнөр-жай ишканаларынын цехинде, курулушта, транспортто ж. б. эл чарба тармактарында колдонулат. Ал негизги курамдан (көпүрө, мунара, ферма, мачта, жебе ж. б.), башкы көтөрүүчү механизмден (лебедка, тельфер), багыттоочу жана таяныч элементтерден (аркан, чынжыр), күч орнотмосунан, электр жабдууларынан, жүк кармоочу түзүлүштөн турат.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9