Висла (пол. Wisła, лат. Vistula) – Польшадагы эң узун жана суусу мол дарыя. Дарыянын узундугу 1068 км жана аянты 198,5 миң км2 1065 м бийиктикте Батыш Бескиддерден (Батыш Карпаттардан) башталып, Балтика деңизинин Гдань жана Вислин булуңдарына куят. Суу бассейнинин рельефинин мүнөзү жана гидрологиялык режими боюнча жогорку (башатынан Сан дарыясынын оозуна чейин), ортоңку (Сана оозунан Буг дарыясынын оозуна чейин) жана төмөнкү (Буг оозунан төмөн) бөлүнөт. Батыш Бескиддерден чыкканга чейин бассейндин жогорку бөлүгүндө 60 км аралыкта – толкундуу тоо агымы; Краков бир катар куймаларды кабыл алат жана көп суулуу болуп калат (каналдын туурасы Дунаец дарыясынын оозунан 200 м төмөн). Орто жана төмөнкү агымында. – негизинен кең өрөөндө террассалуу боорлору жана бара-бара кеңейип бараткан нугу (600дөн 1200 мге чейин) менен аккан тынч түздүк дарыя. Чоң аралыкта нугу ийри-буйру, айрым жерлерде жеңдерге жана каналдарга бөлүнүп, туруксуз, борлор жана түрмөктөр кездешет; эрозияга учураган жээктер айрым участоктордо дамбалар менен корголгон. Төмөндө Торунь каналы толук жөнгө салынган. Оозунан 50 км аралыкта жеңдерге (Ногат, Өлүк бүктөлмө ж. б.) бөлүнүп, негизи 50 км болгон үч бурчтук формасындагы дельтаны түзөт. Дельтанын төмөнкү бөлүгү (Жулава) дарыядагы суунун деңгээлинен төмөн жайгашкан жана дамбалар менен суу ташкынынан корголгон. В. бассейни ассиметриялуу; оң жагында Карпаттан аккан куймалардын жыш, жакшы өнүккөн тармагы бар, негизгилери – Дунай, Вислока, Сан, Вепш, Буг; эң ири сол куймалары – Пилица жана Брда.

Висла
пол. Wisła
Мүнөздөмө
Узундугу 1 068 км
бассейндин аянты 198 500 км²
Бассейн Балтика деңизи
Суу чыгымы 1080 м³/с
Суу агымы
Башаты Силез Бескиддери
 · Орду 49.6041/19.0013
 · Бийиктиги 1106 м
Аягы Гдань булуңу
 · Орду 54.3641/18.9522
 · Бийиктиги 0 м
Жайгашкан орду
Өлкө  Польша
Висла Уикиказынада

Колдонулган адабияттар

түзөтүү