Мазмунга өтүү

Байкал

Википедия дан
Байкал көлү.
Байкал көлү.

Байкал көлү - Байкөл Чыгыш Сибирдин түштүгүндөгү тузсуз көл; дүйнөдөгү эң терең көл. Бурят Республикасы менен Иркут облусунда. Аянты 31,7 миң км2. Узундугу 636 км, орто жазылыгы 48 км. Тереңдиги 1640 м. Суусу таза. Көлөмү 23,6миң км3 (тузсуз суулардын дүйнөлүк запасынын 1/5ине жакыны) түзөт. Иркут ГЭСинин тосмосунун (плотинасынын) курулушунан Байкал көлүн тегеренген темиржол. Көлдүн деңгээли бир аз жогорулаган. Деңиз деңгээлинин бийиктиги 456,3 м. Ири булундары Баргуза, Чибиркуй, Провал; колтуктары Аяя жана Фролиха, жарым аралы Ыйык Тумшук. 27 аралы бар (алардын бешөө мезгил-мезгили менен суу астында калат), эң ириси Ольхон (аянты 730 км2дей). Тектон. кыймылдап пайда болгон; азыркы кезде да жер титирөөлөр тез-тез болуп турат, жээктеринин жана түбүнүн айрым жерлеринин төмөндөп кетиши байкалат. Көлгө 336 дарыя куят; эң ирилери: Селенга, Баргуза, Жогорку Ангара жана Турка. Көлдөн Ангара дарыясы агып чыгат. Январдан майга чейин тоңот. Байкалдын аймагына жергиликтуу шамалдардын татаал системасы мүнөздүү: Ольхон айылынын аймагында түндук-батыштан сарма, түндук-чыгыштан баргуза, түштук-батыштан култук шамалдары согуп турат. Шамалдан пайда болуп, ары-бери сүрүлгөн толкундар 5 jure чейин көтөрүлөт. Суунун температурасы (үстүнкү катмарында) августта 9-12°С, жээгинде кээде 20°Сге чейин. Көлдүн суусу абдан тунуктугу (40 жге чейин; Ангаранын башын кошпогондо) менен айырмаланат. Бул жерде өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын 1800дөй түрү бар, анын % эндемиктер (байкал нерпасы, букачар, тирүү туучу голомянка балыгы ж. б.). Тоолуу кооз жээктери ийне жалбырактуу токой менен капталган. Балык (омуль, хариус) кармалат. Кеме жүрөт. Жээгинен Слюдянка, Байкальск, Северо-байкальск, Бабушкин шаары, Байкал, Танхой, Выдрино, Усть-Баргуза, Нижнеангарск, Хужир ж. б. порттор менен калктуу пункттар орун алган. Листвянка шаарчасында Россия ИАнын Сибирь бөлүмүнүн Лимнология институту, Чоң Коты шаарчасында Иркут институтунун гидробиология станциясы иштейт. Байкалдын түндук-чыгыш бөлүгү Баргуза коругуна кирет. Көлдүн айланасы туризм, эсалуу үчүн мааниси зор. Антропогендик таасирден Байкалдын экология абалы кыйла начарлаган; табигый комплексти калыбына келтирүү боюнча иликтөө иштери жүргүзүлүп жатат. Б. Бүткул Дуйнөлук мурас тизмесине киргизилген.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4