Рейкьявик
Отурукташкан жай
Рейкьявик
|
Рейкьявик (исл. Reykjavík) – Исландия Республикасынын борбору (дүйнөдөгү эң түндүктөгү шаар) жана башкы порту. Исландия аралынын түштүк-батыш жээгинде, Атлантика океанынын Фахсафлоуи булуңунун четинде, деңиз деңгээлинен 150 м бийиктикте жайгашкан.
Климаты (аракеттеги жанар тоолордун, ысык булактардын негизинде) жумшак. Январдын орточо температурасы 0–4°С, жайы салкын, июлдуку 12°С. Жылдык жаан-чачыны 800 мм. Калкы 119 миң (2010; Исландиянын калкынын 40%и; шаар айланасы менен 210 миң). Эл аралык аэропорту бар. Өлкөнүн экономикалык жана маданий ири борбору. Рейкьявикте жана анын айланасында өлкөнүн өнөр жайынын 2/3си жайгашкан. Шаардын экономикалык негизин транспортту, байланышты тейлөө жана маалыматтык технология, фармацевтика, микробиология өнөр жай түзөт. Балык кармалып, беленделет. Кеме куруу, тамак-аш, жеңил ж. б. өнөр жай ишканалары иштейт. Геотермикалык суулары турак жайды жылытууда колдонулат. Университет, метеорология, жанар тоо институттары, улуттук музей, мамлекеттик сүрөт галереясы бар. 874-жылы алгачкы норвег келгиндеринин конушу катары негизделген. 1786-жылдан шаар. 1944-жылдан Исландиянын борбору. Собор (18-кылымдын аягы) сакталган.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117-9
БУУга мүчө өлкөлөр: Амстердам • Андорра-Ла-Вилья • Анкара • Афины • Белград • Берлин • Берн • Братислава • Брюссель • Будапешт • Бухарест • Вадуц • Валлетта • Варшава • Ватикан • Вена • Вильнюс • Дублин • Загреб • Киев • Кишинёв • Копенгаген • Лиссабон • Лондон • Любляна • Люксембург • Мадрид • Минск • Монако • Москва • Нур-Султан • Осло • Париж • Прага • Рейкьявик • Рига • Рим • Сан-Марино • Сараево • Скопье • София • Стокгольм • Таллин • Тирана • Хельсинки • Цетине Башка аймактардын борборлору:
Гибралтар •
Дуглас •
Лонгйир •
Мальта сарайы •
Мариехамн •
Сент-Питер-Порт •
Сент-Хелиер •
Торсхавн •
Эпископи
|