Мазмунга өтүү

Оюнчук

Википедия дан

Оюнчук — балдардын өз алдынча аракеттенүүсүнүн жана балдар оюнунун буюмдары.

Оюнчук туралуу

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюнчуккөркөм сүрөт искусствосунун башка түрлөрү – скульпторлук, живопись, жасалга көркөм искусствосу, дизайн менен чектеш, мүнөзү боюнча аралашма, көркөм сүрөт искусствосунун бир түрү; оюнга, окутууга, эстетикалык тарбия берүүгө, балдардын өсүшүнө арналган атайын буюм.

Оюнчуктардын бөлүнүшү

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  1. Оюнчук элдик (дыйкандар, бөбөктөр), жеке, өнөр жайлык болот. Балдардын колдонуу ыкмасы жана тарбиялык таасирине карата оюнчуктар
  • кыймылдык,
  • сенсордук,
  • конструкциялык жана башка болуп бөлүнүшөт.
  1. Педагогикалык көз караш боюнча оюнчуктар
  • даяр,
  • жарым даяр,
  • оюн үчүн материалдар болуп бөлүнөт.

Оюнчук тарыхы көп миң жылдыкты өз ичине камтыйт. Анын келип чыгышы жөрөлгөлүк ритуалдар менен байланыштуу. Эң алгачкы О-тар (б. з. ч. III-II-к.) Египетте табылган (топурак, жыгач, кездемеден жасалган адам турпаттары, айбандардын сүрөтү, оюнчук идиштер, тери топтор). Антик доорунда оюнчуктар көп түрдүү боло баштайт:

  • бышкан топурактан жасалган кыймылдуу куурчактар,
  • идиш,
  • эмерек,
  • шылдырак,
  • ышкырык,
  • айланма оюнчук,
  • сөөк,
  • янтарь,
  • жыгач,
  • калайдан жасалган турпаттар жана башкалар.

Орто кылымдагы Европада оюнчук өндүрүшү менен Лимож столярлары (Франция), Нюрнбергдеги кол өнөрчүлөр (Германия) иш алып барышкан. Кайра жаралуу доорунда оюнчук кол өнөрчүлүктүн бир түрүнө айланат:

  • кийим жана чачтын прическасындагы жаңы багыттарды демонстрациялоочу куурчак манекендер,
  • театр жана спорт оюнчуктары пайда болот.

Алар жыгачтын кымбат породасынан, асыл таштардан, баалуу металл, кездемелерден жасалган. 1523-ж. Оюнчук термини пайда болгон. XVIII–XIX к. оюнчук өндүрүшүнүн борборлору Германияда (Зоннеберг, Нюрнберг, Зайффен), Францияда (Лимож, Страсбург) калыптана баштаган. XIX к. баштап оюнчуктун өнөр жайлуу Россия менен Украинанын территориясында жасалган эң байыркы оюнчуктар биздин заманга чейин II кылымга таандык. Москванын алдындагы Сергиев Посад шаарында дүйнөдөгү эң аз оюнчук музейинин бири жайгашкан.

Балдарды эмгекке тартууга, активдүү эс алышына, ар тараптан гармониялуу тарбиялоого көмөк берет. Оюнчуктар идеялык, көркөмдүк жана педагогикалык жактан жетиштүү болуп баланын жаш өзгөчөлүгүнө ылайык келиши керек. Ал балдарга педагогикалык активдүү таасир тийгизет. Бала өз убактысында ар тараптан өсүшү үчүн анын психикасына жана дене өсүшүнө жардам берүүчү, жөндөмдүүлүгүн арттыруучу оюнчуктарды тандоо зарыл. Оюнчуктарды жасоого жана чыгарууга санитариялык көзөмөл жүргүзүлөт. Оюнчуктар формасы жана конструкциясы боюнча учтуу, кырдуу болбой, ойноого ыңгайлуу болууга тийиш. 3 айга чейинки балдарга көрүп алаксычу оюнчуктар (ачык түстөгү жыгачтан жасалган шалдырак, коңгуроо жана башкалар) ылайык. 7 — 8 айга чейинки балдарга кармалап көрүп ойногонго ар кандай формадагы кездеме, жыгач, резина, жумшак же катуу пластмассадан даярдалган оюнчуктарды берсе болот. Мезгил-мезгили менен оюнчуктарды алмаштырып, бат-бат жууп, керек болсо дезинфекциялоо керек, анткени бала колуна эмне тийсе, оозуна салат. 1ден 3 жашка чейинки бала (Мектепке чейинки балдар) буюмдарды ажыратып таанып, аларды эмгек куралы катары ойносо жакшы. Балдар пирамида, куурчактар, машина, күрөк, калак менен ойноп, алар буюмдун көлөмү, формасы, өңү жөнүндө түшүнүк алат, кыймыл активдүүлүгү көбөйөт. 3 жаштан 7 жашка чейинки бала өзүнө жашташ балдар менен коомдук турмушту чагылдырган темадагы оюндар менен ойноп, социалдык аң-сезимин калыптандырат. Балдардын оюнчуктарын атайын бөлүнгөн, ойноого ылайыкталган бурчка сактоо керек.

Мектеп жашыка чейннки балдардын оюнчуктары

Мектеп жашындагы балдардын оюнчуктары

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мектеп жашындагы балдарга татаалыраак, бүтүндөй системадагы, тематикалык, универсалдык конструкторлор, химия, физика боюнча тажрыйба жүргүзүүгө арналган приборлор техника боюнча чыгармачылыкты өркүндөтүүгө, келечекте кесип тандоого жардам берет. Кыймыл-аракетти күчөтүүчү оюнчуктардын мааниси чоң. Аларга спорт оюндары, топ, секиргичтер жана башкалар кирет. Балдар улам чоңойгон сайын оюнчуктардын ордуна спорттук шаймандар, лыжа, велосипед, коньки, бадминтон жана башкалар менен ойной башташат. Куурчак театрын көрүү сахна өнөрүн түшүнүүгө жардам берет. Шашка, шахмат, стол үстүндө ойнолуучу оюндарга да кызыга башташат. Оюнчуктарды таза кармоо зарыл. Резинадан, пластмассадан жасалган оюнчуктарды ысык сууга соданын 2%түү эритмесин кошуп жууп, темир оюнчуктарды ысык суу менен тазалайт.
Биздин өлкөдө оюнчуктарды жасоо көркөм өнөр жайдын бир түрү. Алар баланы өз өлкөсүнүн, дүйнө элдеринин улуттук маданияты менен таанышууга, билүүгө жардам берет. Оюнчуктардын жаңы үлгүлөрүн сүрөтчү- дизайнерлер жаратат.

Оюнчуктун педагогикалык касиети

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюнчук – балдардын көнүлүн ачуу жана билим берүү үчүн реалдык буюмдардын шарттуу чагылдырылышы, тарбиялоонун эң негизги таасирдүү каражаттарынын бири. Оюнчукка атайын педагогикалык, эстетикалык, гигиеналык талаптар коюлат. Педагогикалык талаптарга ылайык оюнчук баланын фантазиясын өркүндөтүп, айлана-чөйрөнү, жашоо-турмушту түшүнүүгө, улууларды туурап аракеттенүүгө, эмгекти сүйүүгө, техникага болгон кызыгууларын, байкагыч-баамчылдыктарын, көркөм табитин, чыгармачылыгын, жөндөмдүүлүктөрүн тарбиялайт. Оюнчук балдарда жолдошчулук сезимдерин тарбиялап, көңүлдөрүн куунак кылып, көңүлдөрүн ачат. Оюнчук көркөм чыгармачылыктын, элдик көркөм кол – өнөрчүлүктүн буюму катары, көркөм формада сырткы кубулуштардын образы катары, көркөм формада сырткы кубулуштардын образын балдарга жеткирет.

Бул образдар, формалар балдардын кызыгуу, кубануусун чакырышы керек. Ар бир улут өзүнүн тарыхый өнүгүшүнө жашоо-шартына ылайык балдар үчүн ар кыл материалдардан оюнчуктарды реалдуу шарт, турмуш менен байланышта образдуу жасап беришкен. Оюнчук тандоодо ата-эне, педагогдор балдардын жаш курагын эске алып төмөнкүдөй сапаттарына көңүл буруусу керек: ару кандай оюн-ишмердүүлүктөрдө пайдалана алууга ыңгайлуулугу, зыяндыгы, көркөмдүгү, кооздугу, тазалыгы, жеңилдиги жана башка. Оюнчук сюжеттик, дидактикалык, спорттук жана көңүл ачууга арналган болуп бөлүнөт. Сюжеттик-образдуу О-тар бизди курчап турган жансыз жана жандуу чөйрөнү чагылдырып, сюжеттик-ролдук оюндарда колдонулат (куурчактар, адамдардын жана жаныбарлардын фигурасы, оюнга керектүү оюнчук – буюмдар, техникалык жана башка).

Дидактикалык оюнчук

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Дидактикалык оюнчук бул мазмунуна жана сырткы түзүлүшүнө карай билим берүүчү (өркүндөтүүчү) максатты көздөйт (конструкторлор жана курулуш, башкатырма, музыкалык, көңүл ачуусу оюнчук) жана башка. Спорт оюнчуктары балдардын кыймыл аракетин өркүндөтүүчү болуп ага 2–3 дөңгөлүктүү велосипед, топ, самокат, чыгырык, машина, чана жана башка. кирет. Көңүл ачуучу О-тарга көбүнчө элдик кыймылдуу оюнчуктар кирет:
Мисалы, кыргыз элинде «Так-теке» орус элинде «Кукла певалка» ачкыч менен буралып кыймылга келүүчү оюнчуктар жана башка. Азыркы учурда да мезгилдин талабына ылайык ар кандай мазмундагы, формадагы көркөмдөлүп жасалган оюнчуктар балдар үчүн чыгарылууда. Буларга коюлган негизги максат: алардын балдардын ден соолугуна, өмүрүнө зыян келтирбеген материалдардан жасалышы, көркөм, эстетикалык бийик деңгээлде аткарылышы жана атайы адистештирилген көркөм-техникалык кеңешмеде бекитилиши.

Колдонулган адабият

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8
  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004