Макулдук маданияты
Макулдук маданияты - бул сексуалдык байланыштардын бардык катышуучулары үчүн активдүү макулдук идеясын жайылткан секс-позитивдүү кыймыл. Активдүү макулдуксуз сексуалдык аракет зордуктоо же зомбулуктун башка түрү болуп эсептелинет.[1][2] 1980-жылдардын аягында академик Лоис Пино коомчулук сексуалдык мамилелердин коммуникативдик моделине өтүүсү керектигин билдирген. Анын пикиринде, макулдук “жок - демек, жок”, же “ооба-демек, ооба” принцибине караганда ачык, айкын, объективдүү жана так болушу шарт.[3]
Көптөгөн университеттер активдүү макулдукту жайылтуу үчүн өнөктүктөрдү баштады. Анткени бул маалыматты жайылтууга көмөктөшүүчү мындай креативдүү кампаниялар билим берүү чөйрөсүндө жана тиешелүү коомдук мекемелерде сексуалдык зомбулук тууралуу маалыматтарды күчөтүүнүн натыйжалуу куралы боло алат.
Канадада “макулдук” термини төмөнкүдөй мааниге ээ: адамдын сексуалдык байланышка өз эрки менен макул болуусу. Мындай мамиледе анын ишенимин кыянаттык менен колдонуп, коркутуу аркылуу мажбурлап, бийлигине, беделине ишенип күчкө салып макулдук алынбашы керек. Ал эми берилген макулдуктан каалаган убакта баш тартуу мүмкүнчүлүгү бар.[4]
1990-жылдын соңунан тарта сексуалдык макулдуктун жаңы моделдери сунушталган. Атап айтканда, “ооба - ооба дегенди билдирет” принцибин жана башка макулдашуу моделдерин өнүктүрүү. Мисалы, Хол макулдук боюнча төмөнкүдөй моделин сунуштайт: “Башкаларга жасалган же сунушталган нерсени ыктыярдуу кабыл алуу; пикирлер же маанай боюнча бир пикирге келүү же уруксат суроо”. Ал эми Хикман жана Мюленхард макулдук боюнча төмөнкү пикирди карманышат: “Сексуалдык мамилеге даярдык тууралуу оозеки же вербалдык эмес эркин билдирүү шарт”. Макулдук алууда тескери жооп болуп калышы да мүмкүн, анткени макулдук менен байланыштуу ар кандай жеке шарттар жаралып, “ооба деген - макулдукту, жок деген - баш тартууну билдирет” деген концепцияга дал келбей калуу да ыктымал. [1]
Макулдуктун элементтери
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Илимий адабиятта макулдуктун аныктамасы жана аны кантип билдирүү керектиги жөнүндө пикирлер чектелген, же бири-бирине каршы келишет жана универсалдуу бир аныктама жок.[1][2] Монаш университетинин Социалдык илимдер мектебинин криминология боюнча улук окутуучусу, доктор Джеймс Роффи юридикалык чечимдерди кабыл алууда башаламандыкка жол бербөө үчүн макулдукка юридикалык жактан универсалдуу аныктама берүү керек деп эсептейт. Ал ошондой эле, макулдуктун моралдык түшүнүгү дайыма эле юридикалык түшүнүккө туура келбей турганын көрсөтөт. Мисалы, кээ бир бойго жеткен бир туугандар же башка үй-бүлө мүчөлөрү өз ыктыяры менен мамиле түзүшү мүмкүн, бирок укуктук система дагы эле муну инцест катары эсептейт. Демек, бул кылмыш болуп саналат.[5] Роффинин пикиринде, мындай үй-бүлөлүк сексуалдык иш-аракеттерге карата мыйзамда белгилүү бир аныктама колдонулат.[6] Бирок бардык тараптардын макулдугуна карабастан, окурманга окуянын катышуучуларын адеп-ахлаксыз жана кылмышкер катары көрсөтүүгө аракеттер жасалат. Ошо сыяктуу эле, кээ бир жашы жете элек өспүрүмдөр аң-сезими жана өз ыктыяры менен жыныстык катнашка барышы мүмкүн. Бирок бул мыйзамсыз деп эсептелинет. Макулдуктун жашка болгон талабы болгон күндө да, аң-сезимдин жана жетилгендиктин деңгээли ар түрдүү болушу мүмкүн. Ошондуктан, маселенин моралдык жана укуктук түшүнүгү дайыма эле дал келе бербестиги чындык.
Кээ бир адамдар макулдук бере алышпайт, же алар макулдугун оозеки билдире алышса да, алар толук кандуу макулдук берүүгө жөндөмсүз деп эсептелет (мисалы, жашы жете элек өспүрүмдөр, же мас абалындагы адамдар). Ошондой эле, кээ бир адамдар ар кандай себептерден улам, өздөрү каалабаган сексуалдык аракеттерге макул болушу мүмкүн.
1999-жылы Канаданын Жогорку соту Эванчук аттуу жаранга карата сексуалдык зомбулук боюнча чечим чыгарган. Бул иште кыйыр түрдө макулдук боюнча коргонуу аракети болгон. Бирок сот макулдук жөн эле "кыйыр түрдө" эмес, ачык болушу керек деп бир добуштан чечим чыгарган. Ошол убакыттан бери Канадада кыйыр макулдук зордуктоо кылмыштарын актоо боюнча колдонула элек. Ал эми Кошмо Штаттарда коргоо тарап “макулдук кандайдыр бир түрдө жабырлануучу тарабынан берилген” деген доомат менен сотту ынандыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу мүмкүн. Көптөгөн иш-аракеттер сот тарабынан кыйыр макулдук катары кабыл алынып калышы ыктымал. Мисалы, сексуалдык зомбулукка шектелген адам менен мурда мамиледе болуу (достук, таанышуу, чогуу жашоо же никеде болуу)[7], өткөн учурларда болгон жыныстык катнашка макулдук,[8] флирт же ачык кийим кийүү сыяктуу көрүнүштөр кыйыр макулдуктун белгилери болуп саналып калышы мүмкүн.[9]
Билим берүү тармагындагы демилгелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Жыныстык билим берүү программаларын түзүү демилгелери сексуалдык макулдукту башталгыч, орто мектеп жана колледж окуу пландарына киргизүүгө жана талкуулоого багытталган. Улуу Британияда бул жеке социалдык ден-соолукка кам көрүү жана экономикалык билим берүү ассоциациясы (PSHEA) тарабынан ишке ашырылат. Бул уюм британ мектептеринде жыныстык тарбия боюнча сабактардын пландарын иштеп чыгуу жана аны ишке ашыруу боюнча иш алып барат. Алар “макулдашуу боюнча сексуалдык мамилелер”, “макулдуктун мааниси жана маанилүүлүгү”, ошондой эле “зордуктоо боюнча мифтер” темаларында талкууларды жүргүзүшөт.[10]
“Schools Consent Project” долбоору 11-18 жаштагы окуучулар үчүн куугунтук, шантаж жана секстинг сыяктуу темаларды камтыган сексуалдык билим берүү боюнча семинарларды уюштурат. АКШда Беркли Калифорния университети активдүү макулдуктун принциптерин билим тармагында жана университет жамааты үчүн күнүмдүк эрежелерде колдонот.[11] Канадада Онтарио өкмөтү секс жана активдүү макулдук, дени сак мамилелер жана баарлашуу тууралуу жаңы талкууларды ачып, кайра каралган сексуалдык билим берүү программасын Торонто мектептерине киргизди.[12]
“Жок - демек, жок”
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Канадалык студенттердин федерациясы 1990-жылдары жогорку окуу жайларынын студенттери арасында “сексуалдык зордук-зомбулук, мажбурлап секске тартуу жана мажбурлап таанышуу” жөнүндө маалымдуулукту жогорулатуу жана бул көйгөйлөрдүн санын азайтуу үчүн “Жок - демек, жок” өнөктүгүн уюштурган. Иш-чаранын жүрүшүндө аталган федерация сексуалдык зордук-зомбулук боюнча изилдөөлөрдү жүргүзгөн жана өнөктүк боюнча маалыматтарды таратуу үчүн төш белгилерди, стикерлерди, плакаттарды жасап чыгара турган жана башка маалыматтарды жайылтууну камтыган кампанияны уюштурушкан. Акциянын негизги максаты - сексуалдык зордук-зомбулукка жана ыдык көрсөтүүгө каршы мамилени жайылтуу жана студенттерди бул мамилелерге үйрөтүү болуп саналат.
Бирок мындай мамиле боюнча кооптонуу да жаралды, анткени кээ бир адамдар “жок” деп айта албаган жагдайга дуушар болушу мүмкүн: эс-учун жоготкон же мас абалында, же коркутууларга, мажбурлоого туш болгон учур. Белгилей кетчү нерсе, жыныстык катнаштагы эки адамдын ортосундагы күч дисбаланс болгон учурларда өзгөчө маанилүү көйгөй жаралат. Бул маселени чечүү үчүн жана адамдар жок деп айтпагандыктан же каршылык көрсөтпөгөндүктөн улам, адамдарды сексуалдык зомбулуктан коргоо максатында "жок-демек, жок" принциби “ооба-демек, ооба” (активдүү макулдук) болуп өзгөртүлдү.
Ал эми Шерри Колб “жок - демек, жок” принцибин сынга алат. Анын пикиринде бул принциптин негизинде, аял артыкчылыкка ээ өнөктөшүнө “жок” демейинче, башка эркекти дагы бир “вариант” катары колдонушу мүмкүн.
“Ооба - демек, ооба”
[түзөтүү | булагын түзөтүү]“Ооба - демек, ооба” мамилеси ага тартылган адамдардын баарлашуусун жана активдүү катышуусун түшүндүрөт.[13] Бул АКШнын колледждери жана университеттери тарабынан жактырылган ыкма, алар активдүү макулдукту “ар бир катышуучунун сексуалдык байланыш үчүн кабыл алган так, ачык жана аң-сезимдүү чечими” катары сүрөттөйт. Клермонт МакКенна колледжинин деканы Мэри Спеллмандын айтымында, “ооба - демек, ооба” деген принцип оозеки эмес түрдө иштейт, ал үчүн төмөнкүлөрдү аңдап алуу керек: “Мен, же башка адам активдүү катышып жатабы? ... Мен ага колумду тийгизсем, ал дагы аракетке кошулуудабы? Качан мен өз ара аракеттенүүнү сунуш кылам? Мунун баары адамдын болуп жаткан окуялардын активдүү катышуучусу экендигинин белгиси”.[14]
Университеттин саясатына ылайык, “Бий аянтчасында денелердин бири-бирине кыналуусу мындан аркы сексуалдык активдүүлүккө макулдук бербейт”. Аныктама боюнча, адам мас абалында, эс-учун жоготкон же уктап жаткан болсо, ырастоочу макулдук берилбеши шарт.
“Sex, Etc.” журналынын штаттык жазуучусу Юн Хендрикстин айтуусунда, макулдук тараптардын мамилесине, мурунку сексуалдык тажрыйбасына же учурдагы ишмердигине карабастан, сексуалдык жакындыктын бардык деңгээлдеринде суралышы керек.
Сексуалдык макулдуктун аныктамасына төмөнкү 3 негизди кошушат:
- Кайсы нерсеге жана канчалык деңгээлде макул экенин так билүү;
- Катышуу ниетин билдирүү;
- Эркин жана өз ыктыяры менен сексуалдык байланыш боюнча чечим кабыл алуу.[11]
Мыйзамдуулук
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Юридикалык теорияда зордуктоого жана сексуалдык зомбулуктун башка түрлөрүнө каршы мыйзамдардын эки негизги модели бар:
- Мажбурлоого негизделген модель: “жыныстык катнаш күч колдонуу, коркутуу, зордук-зомбулук менен ишке ашырылган болсо - зордуктоо болуп эсептелет”.
- Макулдукка негизделген модель: “эгерде жыныстык катнашка макулдук берилбесе - зордуктоо болуп эсептелет”.[15]
Мажбурлоо моделинин негизги артыкчылыгы зордуктоо же кол салуу боюнча жалган жалаа жабууну кыйындатат, ошону менен бирге күнөөсүз шектүүлөрдүн укуктук статусун жана социалдык аброюн адекваттуу коргоону камсыз кылат. Макулдукка негизделген модель жабырлануучулар үчүн күчөтүлгөн укуктук коргоонун эң мыкты альтернативасы катары бекемделди. Ал кылмыш жасоочуларга жыныстык катнашка барар алдында макулдукту аң-сезимдүү түрдө алуу үчүн чоң жоопкерчиликти жүктөйт. Бул модель потенциалдуу жабырлануучунун чындап эле жыныстык катнашты баштоого даярдыгын билүүгө жана активдүү макулдук алынганга чейин андан баш тартууга басым жасайт.[15]
2018-жылга карата эл аралык укукта макулдукка негизделген моделге артыкчылык берүү боюнча консенсус пайда болууда. Бул келишим боюнча CEDAW комитети,[16] БУУнун Аялдарга карата зомбулук боюнча мыйзам боюнча колдонмосу,[17] Эл аралык кылмыш соту, ошондой эле, Стамбул конвенциясы кызыкдар экендигин билдиришкен. Бирок сексуалдык макулдуктун укуктук аныктамалары боюнча эч кандай эл аралык келишимдер жок жана мындай аныктамалар адам укуктары боюнча документтерде да жазылган эмес.[18]
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ 1.0 1.1 1.2 James A. Roffee. When Yes Actually Means Yes (англ.) // Rape Justice: Beyond the Criminal Law / Anastasia Powell, Nicola Henry, Asher Flynn. — London: Palgrave Macmillan UK, 2015. — P. 72–91. — ISBN 978-1-137-47615-9. — doi:10.1057/9781137476159_5.
- ↑ 2.0 2.1 Melanie A. Beres. ‘Spontaneous’ Sexual Consent: An Analysis of Sexual Consent Literature: (англ.) // Feminism & Psychology. — 2016-07-26. — doi:10.1177/0959353507072914.
- ↑ Lois Pineau. Date rape: A feminist analysis (англ.) // Law and Philosophy. — 1989-02-01. — Vol. 8, iss. 2. — P. 217–243. — ISSN 1573-0522. — doi:10.1007/BF00160012.
- ↑ Legislative Services Branch. Consolidated federal laws of Canada, Criminal Code. laws-lois.justice.gc.ca (1 июля 2020).
- ↑ James A. Roffee. No Consensus on Incest? Criminalisation and Compatibility with the European Convention on Human Rights (англ.) // Human Rights Law Review. — 2014-09-01. — Vol. 14, iss. 3. — P. 541–572. — ISSN 1461-7781. — doi:10.1093/hrlr/ngu023.
- ↑ James A. Roffee. The Synthetic Necessary Truth Behind New Labour’s Criminalisation of Incest (англ.) // Social & Legal Studies. — 2013-09-23. — doi:10.1177/0964663913502068.
- ↑ Balos, Beverly, and Mary Louise Fellows. "Guilty of the Crime of Trust: Nonstranger Rape.". — Minn. L. Rev.. — 1990.
- ↑ Wicktom, Cynthia Ann. "Focusing on the Offender's Forceful Conduct: A Proposal for the Redefiniton of Rape Laws." (англ.) // George Washington Law Review. — 1988. — № 56.2. — С. 399—430.
- ↑ Tchen, Christina M. "Rape Reform and a Statutory Consent Defense." (англ.) // J. Crim. L. & Criminology. — 1983. — № 74. — С. 1518.
- ↑ Rawlinson, Kevin. Plans for sexual consent lessons in schools 'do not go far enough (англ.). — 9 March 2015.
- ↑ 11.0 11.1 By Emanuella Grinberg CNN. California SB 967 makes 'affirmative consent' law. CNN.
- ↑ In Ontario sex ed, consent the hot issue (англ.). thestar.com (25 февраль 2015).
- ↑ Emba, Christine. Opinion | Affirmative consent: A primer, Washington Post.
- ↑ Murylo Batista, Dartmouth College junior. A Campus Dilemma: Sure, 'No' Means 'No,' But Exactly What Means 'Yes'? (англ.). NPR.org.
- ↑ 15.0 15.1 Camilla Koljonen (2019) How is consent-based legislation on rape providing more protection for individuals in comparison to coercion-based legislation? - Comparison between Finland and Sweden (англ.). ResearchGate.
- ↑ General recommendation No. 35 on gender-based violence against women, updating general recommendation No. 19 (англ.) // Committee on the Elimination of Discrimination against Women.
- ↑ Handbook for Legislation on Violence against Women (англ.). UN Women.
- ↑ Right to be free from rape (англ.) // Overview of legislation and state of play in europe and international human rights standards.