Мазмунга өтүү

Мухаммед пайгамбар

Википедия дан
05:53, 29 март 2013 карата Kgbek (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия

Мухаммед Пайгамбар ﴾ﷺ﴿ (араб. Мухаммад محمد, туулган убагы 22-апрель, 571-жылы (же 570-ж.), рабиүль-Аввал айынын 12синде, дүйшөмбү күнү, күндүн чыгышына аз калганда, Меккеде — өлгөн убагы 632-ж., 8-июнь, Мадинада.) — Исламдын акыркы пайгамбары. Ислам ишеними боюнча Кудай Мухаммед пайгамбарга﴾ﷺ﴿ ыйык китеп болгон Куранды түшүргөн. Андан тышкары саясий инсан, анын башкаруусунун натыйжасында Араб жарым аралындагы күчтүү жана жетишээрлик чоң мамлекетке айланып кеткен умма мусулмандар жамаатынын негиздөөчүсү жана башчысы.


Ислам

Islam

Ислам тарыхы

Ыйман

КелмеПериштелерЫйык китептерПайгамбарларАкыретТагдыр

Ислам негиздери

КелмеНамазОрозоАжылыкЗекет

Китептери жана мыйзамдары

КуранСүннөтХадис
Сира
ШариятМазхаб

Тарых жана ислам өкүлдөрү

Мухаммед пайгамбар (﴾ﷺ﴿) •
Адил халифтер ()
Сахабалар ()

Мусулман түшүнүктөрү

АзанБатаДааратПарзДааватТалакГусулЖин

Коомдогу орду

Ислам таанууИлим
ӨнөрМечитЖыл санакМайрамдарАялзатынын ордуЖыхад

Кошумча караңыз

Ислам порталыГлоссарий

Кыскача хронология

  • 571Меккеде Мухаммед Пайгамбардын﴾ﷺ﴿ төрөлүшү.
  • 595 — Хадижага үйлөнүшү
  • 613 — пайгамбарлыгын ачыкка чыгара башташы
  • 615 — Мухаммед Пайгамбарды﴾ﷺ﴿ ээрчигендердин куугунтуктун айынан Эфиопиюга качышы (пайгамбардын өзү байкеси Абу Талибдин коргоосунда калат).
  • 619 — Хадижанын жана Абу Талибдин өлүмдөрү.
  • 620 — Мухаммед Пайгамбардын﴾ﷺ﴿ Ясриб(Мадина) жашоочуларынын тобу менен болгон жашыруун келишими (элдик соттор жөнүндө).
  • 622 — Мадинага көч, хижра
  • 623 — мусулмандардын Меккенин кербендерине кол салууларынын башталышы
  • 624 — мусулмандардын Бадрадагы меккеликтердин коргоо отрядын талкалашы
  • 625 — Ухуд тоосунун астындагы салгылашуу. Мусулмандардын меккеликтерден жеңилиши
  • 626 — меккеликтердин Мадинага болгон натыйжасыз чабуулу (аңгектеги согуш)
  • 628 — убактылуу тынчтык тууралуу келишим (ал-Худайбийа жеринде)
  • 629 — мусулмандардын жана Мухаммед Пайгамбардын﴾ﷺ﴿ Меккедеги Каабага тынчтык зыяратка баруусу
  • 630 — Меккенин Мухаммед Пайгамбар﴾ﷺ﴿ тарабына өтүшү, Каабадагы жасалма кудайчаларды талкалоо, Меккени көчмөндөрдөн коргоп калуу
  • 632 — Мухаммед Пайгамбардын﴾ﷺ﴿ Меккеге акыркы жолу барышы (хиджат ал-вада), 8 июнда — Мухаммед Пайгамбардын﴾ﷺ﴿ көз жумушу (Мединанын башкы мечитинде коюлушу)

Колдонулган адабияттар

Интернеттеги шилтемелер

Мусулман булактарынан
http://www.islam.kg/istoriya/proroki - пророки
http://www.old.islam.kg/?i=paygambar - пайгамбарлар
Мусулман эмес булактардан